Кирешеси мол, пайдасы зор ГОЛУБИКА 

Голубика – Кыргызстанда кеңири жайылып бараткан өсүмдүк. Пайдалуулугу, кирешеси дыйкандарды кызыктырып, 2-3 жылдан бери популярдуу болууда. Аны кантип өстүрүп, кантип кам көрүү керек? Малина, кара бүлдүркөн деген өсүмдүктөрдөн өзгөчөлүгү эмнеде? Бул жаатта фермер Жамбулбек Жумагуловдон маалымат алдык. 

Өзгөчөлүгү эмнеде?

Голубиканын көчөттөрүн фермерлер Кыргызстанга мындан 4 жыл мурун Беларустан алып келишкен. Адегенде Чүйдүн Байтик айылында өстүрүп көрүшкөн, климатка ыңгайлашып, өсүп кеткен. Азыркы тапта Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында да өстүрүшүүдө. Жамбулбек мырзанын айтымында, голубиканын ылаң жана зыянкечтерге туруктуулугу жогору. Кемчилиги – кычкыл топуракта өсөт. Кыргызстандын топурагы андай болбогондуктан, торф сатып алуу керек. Торф – ашыкча нымдуулуктун жана кычкылтектин жетишсиздик шартында сазда өскөн өсүмдүктөрдүн калдыктарынын толук эмес чиришинен пайда болгон органикалык зат. 

– Торфту да Беларустан алып келебиз, 1 литри – 6 сом 50 тыйын. Голубика 5-жылы гана түшүм берип баштайт. Ошондуктан 3 жылдан өткөн көчөттөрдү алыш керек. Түшүмүн муздаткычта 2 аптага чейин сактаса болот. Тоңдурганда даамын жана сапатын жоготпойт. Ден соолукка да пайдалуу,- дейт Жамбулбек Жумагулов.

Дыйкандар голубиканын түшүмүн Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Орусияга экспорттоп жатышат. 1 килограммынын баасы Бишкекте 1400 сомдон жогору.

Блюкроп сорту

• Боюнун бийиктиги – 1,4-2 метр

• Мөмөсүнүн салмагы – 1,4-1,9 грамм

• Бышкан мезгили – июль айынын аягы

• 1 түптөн алынуучу орточо түшүм – 6-9 килограмм

• 1 гектардан алынуучу орточо түшүм –
15 тонна

• Суукка чыдамдуулугу –

-25 градуска чейин 

• Гүлдөгөндөн теримге чейинки убакыт – 45-60 күн

Дюк сорту

• Боюнун бийиктиги – 1,5-1,8 метр

• Мөмөсүнүн салмагы – 1,8-2,3 грамм

• Бышкан мезгили – июлдун ортосу

• 1 түптөн алынуучу орточо түшүм – 6-8 килограмм

• 1 гектардан алынуучу орточо түшүм – 15 тонна 

• Суукка чыдамдуулугу – -30 градуска чейин

• Гүлдөгөндөн теримге чейинки убакыт – 42-56 күн

Река сорту

• Боюнун бийиктиги – 1,6-1,9 метр

• Мөмөсүнүн орточо салмагы – 1,7-2 грамм

• Бышкан мезгили – июлдун ортосу

• 1 түптөн алынуучу орточо түшүм – 7-10 килограмм

• 1 гектардан алынуучу орточо түшүм – 15 тонна

• Суукка чыдамдуулугу – -30 градуска чейин

• Гүлдөгөндөн теримге чейинки убакыт – 45-60 күн

Беркли сорту

• Боюнун бийиктиги – 1,7-1,9 метр

• Мөмөсүнүн орточо салмагы – 1,6 -1,9  грамм

• Бышкан мезгили – августтун ортосу

• 1 түптөн алынуучу орточо түшүм – 4-8 килограмм

• 1 гектардан алынуучу орточо түшүм – 15 тонна

• Суукка чыдамдуулугу – -25 градуска чейин

• Гүлдөгөндөн теримге чейинки убакыт – 45-60 күн

Елизавета сорту

• Боюнун бийиктиги – 1,2-1,8 метр

• Мөмөсүнүн салмагы – 1,9-2,2 грамм

• Бышкан мезгили – августтун башы

• 1 түптөн алынуучу орточо түшүм – 4-6 килограмм

• 1 гектардан алынуучу орточо түшүм – 15 тонна

• Суукка чыдамдуулугу – -32 градуска чейин

• Гүлдөгөндөн теримге чейинки убакыт – 42-50 күн

ТИГҮҮ, ӨСТҮРҮҮ ЫКМАЛАРЫ

• Айдоо жерге отургузуу

Чуңкурдун тереңдиги – 40 сантиметр

Чуңкурдун диаметри – 60-70 сантиметр

Торф (1 көчөт үчүн) – 50-60 литр 

Топурагын толук торф кылбай аралашма кылса да болот. Ал үчүн 70 пайызы торф, 20 пайызы карагайдын таарындысы, 5 пайызы жуулган дарыя куму, 5 пайызы нымды сактоо үчүн перлит болушу шарт. Шамалды сүйбөйт, андыктан шамал түз тийбеген ыктоо жерде өстүргөн жакшы.

• Контейнерде өстүрүү

Бул үчүн желим чоң идиштер керек. Бирок Кыргызстанда жайында аба абдан ысып кеткендиктен желим идиш ысыкты тартып, көчөт стресске кабылып, куурап калышы мүмкүн. Андыктан жерге отургузган жакшы.

• Сугаруу

Нымды жакшы көргөндүктөн топурагы дайым ным болуп турушу зарыл. Кеңири аянтка тиксеңиз, тамчылатып сугаруу системи ылайык.

• Аралык

Жөөктө 1,5-2 метрден, катар аралыгы 2,5 метр болгону туура. Абдан шактап баштаганда кыркып-буташ керек. Анан албетте, дарылап, отоп туруу зарыл. Кышында үшүк албашы үчүн түбүнө жалбырак же саман төгүү талап кылынат.

Көчөттүн баалары

3 жылдыгы: тамыры ачыгы – 345 сом, контейнердегиси – 475 сом

4 жылдыгы: 470-600 сом

5-6 жылдыгы: 2000-2500 сом 

Азык катары пайдалуулугу же 100 грамм голубиканын курамы:

• Суу – 84 грамм

• Белок – 1 грамм

• Углевод – 6,6 грамм

• Клетчатка (пектин) – 2,5 грамм

• Кант – 10 грамм

C витамини – 9,7 миллиграмм

K витамини – 19 миллиграмм

E витамини – 1,4 миллиграмм

B витамини – 0,02 миллиграмм

• Минералдар – цинк, магний, кальций, марганец, темир, фосфор, калий, натрий, жез, селен

Ашканада колдонулушу

Мөмөсүнөн кыям, компот, кисель, шире жасалат. Кондитердик азыктар үчүн колдонулат.    

Организмге пайдасы

 100 граммында 39 килокалория бар болгондуктан, диеталык мөмө болуп саналат

 Микроб, вирус, грибок, сезгенүү, ич катууга каршы касиетке ээ

 Заара кубалайт

 Жогорку кан басым, атеросклероз ооруларынан кутулууда жардамчы

 Эс-тутумду бекемдеп, жүрөк, ашказан-ичегинин иштешин жакшыртат

 Организмдин стресске каршы туруусун күчөтөт

 Зат алмашууну жакшыртып, кандагы канттын өлчөмүн азайтат

 Кан тамырлардын керегелерин, чачты, тырмакты бекемдейт

 Терини серпилгич кылып, бырыштардын түшүүсүнүн алдын алат

 Көрүүнү жакшыртат

 Жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, простатиттин алдын алат. Организмдеги ууларды чыгарат

Организмге терс таасири

 Айрымдарда аллергия жаратышы мүмкүн 

 Ашыкча жегенде ашказан, ичегилерди оорутат

 Кан уюшу жогоруларга (каны коюуланып кеткендерге) болбойт

 Кант диабети барлар абайлап, врачтын көрсөтмөсү боюнча гана колдонушу керек

 

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан