Билим берүү министри: “12 жылдык окутууга өтүүгө чет өлкөлүктөрдүн тиешеси жок”

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө чет өлкөлөрдүн тиешеси жок. Мындай пикирди 12-мартта парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. 

– Буга эксперт катары да, каржылык жактан да чет өлкөлүктөрдүн катышуусу жок. Улуттук жаңы муундагы 12 жылдык окутууга өтүп жатабыз, бул президентибиздин дагы талабы, – деди министр.

Буга чейин депутат Надира Нарматова министр Кендирбаеваны “билим берүү тармагын талкалаганы калды” деп сындаган эле.  

– 12 жылдык окууга өтүүгө мектептер да, мугалимдер да даяр эмес. Иштеп жаткан лицей, гимназияларга тийишпеш керек эле. Акылбек Жапаров 1-апрелге чейин лицей, гимназиялар толук жоюлсун деген буйрук чыгарып кетиптир. Бул министр Батыштын акчасын алып тармакты талкалаш үчүн келгенби? – деген Нарматова.

Айта кетсек, акыркы убакта мектептерде 12 жылдык окууга өтүү демилгеси талаш-тартыш жаратууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан