КӨК БӨРҮ АТАКТУУ ОЮНЧУСУНАН АЙРЫЛДЫ...

12-мартта Бишкектин четиндеги ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү турнирин кырсык коштоду. Белгилүү улакчы Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапты. Бул каргаша коомчулукта “көк бөрүнүн эрежесин өзгөртүш керек” деген пикирлерди кайра жандантты. 

Мирлан Сраждинов 45 жашта эле...                                         

Мирлан Сраждинов 1980-жылы Сокулук районунун Төш-Булак айылында туулган. Көк бөрү күйөрмандары аны Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын тажрыйбалуу оюнчусу катары жакшы таанышат. Бала кезинен көк бөрүгө кызыккан Мирлан Сраждинов 1997-2016-жылдары “Бөрүлү” командасында ойногон. 2018-2019-жылдары “Четинди” командасынын курамында болгон. Андан кийин командаларга машыктыруучулук кылганы да белгилүү. Быйылкы Нооруз турнирине “Бөрүлү” командасынын капитаны катары катышып жаткан. Мындан 3 ай мурун маектеринин биринде көк бөрүнү абдан жакшы көрөрүн айткан. “Көк бөрүсүз тура албайсың. Ооруп жатсаң дагы барып көрүп келесиң. Айыккандан кийин кайра атка минесиң, ашып кетсе жарым жыл...” – деген эле.   

Жетишкендиктери

•Көк бөрү боюнча спорт чебери

•Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун, Нооруз, Президенттин кубогу сыйлыктарынын көп жолку жеңүүчүсү

•“Мыкты оюнчу” наамынын бир нече жолку жеңүүчүсү

Кырсык – каш-кабактын ортосунда...

Оюн учуру тартылган видеотасмаларга таянсак, Мирлан Сраждинов беттеш учурунда жерден улакты алганы эңкейгенде башка оюнчу атты катуу чаап келип сүзүп кеткен. Аянтта “Нооруз-2025” турниринин алгачкы оюнунда “Бөрүлү” менен Оштун “Бүркүт” командасы беттешип жаткан эле. Бишкектин Ленин РИИБинин маалыматы боюнча, кырсык турнирдин башталганына 15 мүнөт гана болгондо, саат 10:15 чамасында катталды. Оюн дароо токтотулуп, “Тез жардам” кызматы чакырылган. Бирок көк бөрүчүнүн өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Ал дарыгерлер келгиче эле көз жумганы маалымдалды. 

Көк бөрү федерациясы: “Бул – көк бөрү тарыхындагы кара күн”

12-мартта улуттук Көк бөрү федерациясы кырсык боюнча билдирүү жасап, аталган окуя көк бөрү тарыхындагы кара күн болгонун белгиледи. “Кырсык болгондон кийин калыс оюнду дароо токтотуп, оюнчунун абалы оорлошуп баратканын көргөн оюнчулар аны медициналык унаага чейин көтөрүп барышкан. Мирлан Сраждинов каза болгондон кийин башкы калыс турнирди белгисиз мөөнөткө токтотуу чечимин кабыл алган” деп билдирди федерация. 13-14-март Көк бөрү дүйнөсүндө аза күтүү күнү деп жарыяланып, турнирди 15-мартта улантуу чечими кабыл алынганы маалымдалды.

Окуя боюнча 2 адам кармалды

Сөз болуп жаткан окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 2 жаран кармалганы белгилүү болду. Алар 28 жаштагы көк бөрүчү жана 42 жаштагы калыс.    

Оюн эрежесин өзгөртүш керекпи? 

Көк бөрү кооптуу оюн экени талашсыз. Ошондуктан улакчылардын жана аттардын коопсуздугун жакшыртуу үчүн оюндун эрежесине өзгөртүү киргизиш керек деген пикирлер айтылып келет. Жогорудагы окуя дагы коопсуздукка маани берүү зарылдыгын даана көрсөттү.  

 

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты көк бөрүчү Мирлан Сраждиновдун каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

 

 

Асел Нурбекова      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан