Замандын агымына туруштук бере албай кыргыздын айрым улуттук тамак-аштары, буюмдары дээрлик колдонуудан чыгып калды. Улуттук маданияттын бир бөлүгү болгондуктан, алардын өзгөчөлүгүн, философиясын биле жүргөнүбүз дурус. Көчмөн эл ар бир нерсеге тунук акыл, сергек ой жүгүртүү менен мамиле кылган эмеспи. Бул жаатта кыргыз изилдөөчү Мелис Мураталиев маалымат берет.
Супара
– Супара – көчмөн элдин жашоосунда эң маанилүү буюм болгон. Ун азыктарынын баары супарада гана жасалган. Азыр замандын агымы менен ага окшош нерселер болушу мүмкүн, бирок баштапкы формасында дээрлик колдонулбай калды. Супараны жасоо үчүн эчкинин терисин жупжука жана аппак болгончо ийлешкен. Төрт жагында байлай турган боосу болгон. Абдан кынапталып жасалгандыктан ал көп убакыт ээсине кызмат кылган. Супара унду элеп, жайып, ачыткы жасап түрдүү тамактарды жасоо үчүн колдонуларын билебиз. Бүктөлүп турганда кичине болгону менен, жайганда чоң болуп, кээде дасторкондун да ролун аткарган. Маанилүүсү – супараны чоң энелерибиз ырым кылып эч качан куру калтырган эмес. Ачыткыны, данды, унду ортосуна топтоп туруп бүктөп керегеге илип койгон. Эч качан супара ылдыйда турган эмес, бул данды улуктоо менен түшүндүрүлөт. Кандай абал болсо да супарада ачыткы же дан калышы керек болгон. Бул – ырыскынын уюткусу, эртеңкинин үмүтү сакталып турсун деген философия. Баарын бүгүн колдонуп курутуп койбойлу деген эртеңкинин камы. Так ортосуна калтырганы ошол жерде үйдүн ырыскысы сакталып турат деген көчмөндөрдүн ишеними. Ошондуктан элибизде “аты улук, супарасы курук” деген сөз калган. Көчүп жүргөн үчүн тиричиликке бул буюм абдан зарыл болгон. Биринчиден, дан таза сакталат, экинчиден, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, үчүнчүдөн, жеңил. Дагы бир функциясы – дасторкон катары колдонулушу. Мисалы, көч токтоп дем алганда дароо жая калып тамактанып, кайра байлап кете беришкен.
Күлазык
– Кыргыз эли табияттын тилин жакшы түшүнгөн. Бул курулай төш кагуу эмес, жан сактоо муктаждыгынан да келип чыккан десек болот. Мисалы, бардык чөптүн касиетин байкап, аны түрдүү муктаждыктар үчүн тамакка колдонушкан. Денеге кубат бере турган чөптөн жасалган дарыны күчала дешкен. Ошондой эле ооруну баса турган, уйкуну ача турган, жараатты дарылай турган болуп бөлүнүп чөптүн тамырлары даярдалып турган. Ал нерсени күлазык жасоодо да колдонушкан. Күлазык – жоокерлер үчүн жасалган азык. Узак сапарга, ууга же жортуулга ылайыкталып жасалып, ар бир жоокердин үйүндө даяр турган. Ал көпкө бузулбай турган азык. Бодо малдын же кайберен кийиктердин этинен жасалчу. Бышырылган эт абдан майда тууралып, андан кийин сокуга жанчып, жаргылчакка тартышкан. Ун сыяктуу эле майда азык болуп калат. Аны ун же талканга аралаштырып куурушкан. Ага жогоруда айтылган мээр чөптөрдү кошуп таза жуулуп ийленген карынга салып сакташкан. Жортуулда жоокер чарчаганда ошол күлазыкты чаначтагы сууга аралаштырып эле ичип алып кете берген. Демек, жоокер үчүн табылгыс оокат болгон. Күлазыктын жардамы менен согушта жоокерлер жараатынан арылып, кубат алышкан. Ушундай билгичтиктен улам да кыргыз элине “түгөнгөн сайын түтөгөн эл” деп баа берилген чыгар.
Чоң көжө
– Тоолуу аймакта көчүп-конуп жашагандардын тамагы. Муну казактар менчиктештирип Нооруз көжө деп атап алышты. Мунун тарыхы мындай: Тоо аймагында кыш оор болот, эл кыйналат, үшүйт. Элди жазга чейин аман алып чыгуунун камы көрүлүш керек болгон. Кышында ичеги-карын артып кыйналбаш үчүн бодо малды кеч күздө союшкан. Ал кезде этти узакка сакташ үчүн азыркыдай муздаткыч жок, кыргыздар эмне кылат? Туздайт, ыштайт, ар кандай ыкмалар менен сүрсүтөт. Кыш бүтөт, эт азаят. Жазда эл мыктылары “кыштан аман чыктык, эми кимде канча эт калса алып чыккыла” дейт. Ким үйүндө эмне калса, канча калса баарын алып чыгып чогуу чоң тай казанга салышат. Чоң көжөнүн философиясы – ынтымак жана биримдик. “Кыштан түгөл чыктык” деген кубанычтын белгиси. Көчмөн калк үчүн кыштын белин сындырып, жаздын келиши чоң майрам болгон. Ар бир үй-бүлө өзүнүн үлүшүндө эмне болсо казанга салып жатып тилектерин айтышкан. Амандыкты, токчулукту тилешкен.
Кышы бою турган эт катуу, ошого аны 5-6 саат жай отто кайнатышат. Бышарда буудайды тазалап, сок билек менен жанчып баягы эт бышып жаткан казанга салышат. Мында палоо сыяктуу коюу тамакты элестешпеш керек, азыраак салынып шорпосу сакталып калыш керек болгон. Данды бышырып өзүнчө коёт, үстүнө этти коюшат. Шорпосу бир аз кычкыл болгондуктан, ошол даамды кесип кетиш үчүн ага сүзмө же айран кошуп анан ичишкен. Демек, чоң көжө – ынтымактын, биримдиктин тамагы болгон. Кыргыздар ушул жөрөлгөнү кайра жандандырып алсак жакшы болмок.
Көөкөр
– Көөкөр – малдын терисинен жасалган идиш. Көбүнчө эчкинин терисинен жасалган. Ыңгайлуулугу – ары-бери көчкөндө колдон түшүп кетсе сынып калчу буюм эмес. Оңою менен жыртылбайт, айран, сүт, кымыз баарын куйганга болот. Жоокерчилик заманда эр-азаматтар аттын канжыгасында байланып жүрүшкөн. Азыр эмнеге колдонбойбуз? Анткени замандын талабы эмес. Азыр ичине түтүкчө салып коюп, суусундукту соруп ичип жүрө берген идиштер бар эмеспи? Көөкөр ошол эле функцияны аткарган. Ооз жагы ичкенге ылайыкталып тар, түп жагы кенен жасалганы ошондон. Кызыгы, жортуулда жүргөн жигит көөкөргө кымыз куюп, ага күчала салып койгон. Ат үстүндө көөкөр чайкала берип күчала кымызга сиңип калат. Эгер жоокер жаракат алса ошондон ичкен, бул ага ооруну сездирбөөгө жардам берген.
Нуржамал Жийдебаева