Аида Багышбекова, актриса: «Биздики сүйүү эмес, иллюзия экен...»

Жаш актриса Аида Багышбекова казактардын “Косылайык” аттуу телеберүүсүнөн болочок жолдошу Нурдаулет менен таанышып, баш кошушкан эле. Тилекке каршы, жубайлар 2 ай гана чогуу жашап, ажырашып кетишти. Күнөө кимден кетти? Окуянын чоо-жайын актрисанын өз оозунан угалы.

– Саламатсызбы, Аида? Жолдошуңуз менен ажырашып кеттиңиз. Бул оор сыноону кандай көтөрдүңүз?

– Саламатчылык, оор көтөрдүм. Себеби мындай сыноого бетме-бет келүү кыйын экен. Өзүмдү күнөөлөдүм, анткени Нурдаулет ала качып кеткенде эле макул болбой койсом болмок. Биз ага чейин урушуп кетип, жарым жылдай такыр сүйлөшпөй калган элек. Бирок ала качып барганда мага сөз берди. “Мындан ары башка кыздар менен сүйлөшпөйм, өзгөрөм” деген эле. Ага ишендим, ата-энем “алып кетебиз” деп жарым жолго барып калышканда токтотуп, артка кайтардым. Жарым жыл сүйлөшпөй жүрүп, айланып-тегеренип келип эле кайра ушундай болуп жатса, демек, бул адам менин тагдырым деп ойлогом. Көрсө, адам өзгөрбөйт экен. Баш кошкондон кийин башка кыздар менен телефондон жазышып жатканын кармап алдым. Анан сөгө баштады, түртүп жиберген учурлары болду.

– Ошондо эле абьюзивдик мамиле кыла баштаган турбайбы, демек?

– Ооба, колумдан катуу кармап, түртүп жиберип, айтор, орой мамиле кыла баштады. Экрандан чоң көрүнгөнүм менен, 45 эле килограмм кызмын (күлүп). Ал болсо спорт менен машыгып жүргөн адам. Балким, ага катуулугу сезилбегендир, бирок денем жабыркаган учурлар болду. Нурдаулет маегинде “Аидага кол көтөргөн эмесмин” деп айтып жатат. Анын түшүнүгү боюнча сөзсүз былчылдатып сабаш керек окшойт. Ачыгын айтсам, аны кечирмекмин, чын дилинен кечирим сураса, бирок ал мени сатып кетти.

– Кандайча сатып кетти?

– Талкууга түшкөн видеолор чыккандан кийин анын достору, туугандары “Нурдаулет көчөгө чыга албай калды, антип калды, минтип калды” деп айтышты. Кайра эле манипуляциянын курмандыгы болдум. Өкүл апам менен байланышып, Алматыга бардым. Нурдаулет мага “сен элдин алдында мени акта, эмоция менен айтып алдым, бизде баары жакшы де, анан экөөбүз элдешип, чогуу жашайбыз” деди. Ага ишенип, жинди кишидей болуп эл алдында аны актадым. Бирок ал сөзүнө турбай интервью берип, башкача сүйлөп таштады. Мени эки жолу пайдаланып кетти. Ошондон кийин аны эч качан кечире албасымды түшүндүм.

– Расмий түрдө ажыраштыңарбы?

– Жок, никебиз Казакстанда катталган. Мыйзам боюнча жубайлар чогуу барып арыз тапшырыш керек экен. Азыр мен ал адамга жолугууга даяр эмесмин, көргүм келбейт, ошондуктан токтоп турат.

– Үй-бүлөнүн бекем болушу үчүн эмне маанилүү экен, байкашыңызча?

– Нике бекем болуш үчүн эркек жана аял өз милдеттерин толук аткарыш керек экен. Шариятта деле эркек киши камсыздайт, аял киши үйдө отуруп үй-жайды, тазалыкты, бала-чаканы караш керек деп айтылат эмеспи. Мен өзүмдүн милдетимди аткардым деп ойлойм. А эркек адам үйдө отурса чыр чыга берет тура.

– Демек, сүйүүнүн кемеси кээде тиричилик деген дубалды сүзүп талкаланат...

– Бизде сүйүү болгонуна деле ишенбей калдым. Ал тараптан чыныгы сүйүү болсо келмек, кечирим сурамак. Мен тараптан сүйүү болгондо эч нерсеге карабай аны менен жашамакмын.

– Сүйүүңөр кинодогудай укмуш туюлду эле. Ый, уруш-талаш, кайра жарашуу менен баары эл көзүндө болбодубу?

– Биздин мамиле так ошол элдин көз алдында башталганы үчүн чыныгы сүйүү менен иллюзияны аралаштырып алдык окшойт. Бизди тааныштырган теледолбоордо баары бизди жактырып, “сонун түгөйлөр, бири-бирине жарашат” деген кептер көп айтылды да. Чогуу ырдап, жарнамаларга чогуу тартылып жүрүп, бул нерсе экөөбүзгө тең жагып калды. Аны биз сүйүү деп ойлодук. Качан гана чогуу жашай баштаганда экөөбүз эки башка адам экенибизди түшүндүк. Таптакыр эки башка экенбиз. Бизди байланыштырган эч нерсе жок экен, ал тургай сүйлөшө турган темабыз жок болуп чыкты.

– Мисалы, сиз кандай адамсыз, ал кандай адам экен?

– Мен чоң максаттарга талпынам. “Кел, үй алабыз, жарнамага тартылып келе калалы, балалуу болсок анын келечеги бизден көз каранды” деп алдыга максат коюп, ага жетүүнүн жолун издейм. Ал болсо күнүмдүк жашоосуна эле ыраазы. Күн өтсө болду, бүгүн курсагы токпу болду, ага ошол гана жетет.

– Кыз-жигит кезде эле ал киши сиздики эмес экенин байкасаңыз болбойт беле?

– Азыр анализ жасасам, биз таанышканда экөөбүздүн тең депрессиянын түбүнө түшүп кеткен учурубуз экен. Нурдаулеттин ошондон эки ай мурун карындашы каза болуп оор абалда жүргөн, мен болсо карьера жаатында өзүмдү таппай депрессияда элем. Ошол нерсе бизди байланыштырган окшойт, сыягы.

Нурдаулет интервьюсунда баш кошууга сиздин ата-энеңиз каршы болгон дегендей сөздү айтты...

– Башында каршы болушкан. Атам Нурдаулетти бир көргөндө эле “бул жигит сени ыйлатат, бактылуу кылбайт, кызым” деген. Эч кимди уккан жокмун. Ата-энем менен урушуп түндө машинамды айдап алып Алматыга кетип калган күндөр өттү. Ата-энем коомдун талкуусун да көтөрдү, мен аларды абдан кыйнап койдум. Ала качып кеткенде жарым жолго чейин барышты “алып кетебиз” деп. Анда да укпай койдум. Бирок баш кошкондон кийлигишкен жок. Анткени ата-эне кызын жашап кетсин деп аракет кылат да. Тескерисинче, бизди ата-энем камсыздап жатышты. Ата-эне эле түтөт экен баарына, боюмдан түшүп калганда да ошолор дарылантып бутума тургузушту.

– Баары өттү-кетти, турмуштан кандай сабак алдыңыз?

– Ата-энени угуш керек экен. А мен такыр укпай, дайыма “өзүм билем” дечүмүн. Мүнөзүм ушундай, дубалды башым менен сүзүп, анын аркасында эч нерсе жок экенин көзүм менен көрмөйүнчө эч кимди укпай калам. Кыз ата-эненин ак батасы, ыраазычылыгы менен турмушка чыгышы керек экенин түшүндүм. Анан ички туюм деген бар го, ошону угуш керек тура. Тээ жүрөк түпкүрүнөн биздин мамиле ушундай болорун сезчүмүн, чынында. Бирок маани берген эмесмин, акылга салып эле, аракет кылсам баары жакшы болот деп өжөрлөнө бердим. Балким, Нурдаулетке тийбей калсам да өкүнмөкмүн. Бул мен үчүн чоң сабак болду. Болгону жакындарыма, ден соолугума зыян келтирип алдым.

– Келечекке пландарыңыз кандай болууда?

– Учурда “Эже-сиңди” деген тасмада башкы ролду ойноп жатам. Карьералык өсүш, саякатка чыгуу, психологдор менен иштешүү деген пландарым бар. Анткени психологияда жаралуу адам кайра эле ошондой адамды өз жашоосуна тартып келет деп айтылат экен. А менин толук айыккым, жаңы мамиле күтүп, турмушка чыгып, бактылуу жар болгум келет. Эң чоң кыялым – балалуу болуу. Буюрса, ага да жетебиз.

– Кыялдарыңыз ишке ашсын!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан