Улукбек Ормонов баштаган депутаттар тобу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө айрым артыкчылыктарды берүүнү демилгелеп чыгышты. Мисалы, экс-төрагаларга дипломатиялык паспорт, атайын ооруканаларда бекер дарылануу, аэропорттордогу расмий адамдар үчүн арналган залдарга кирүү укугу сыяктуу артыкчылыктар каралган. Авторлордун айтуусунда, ушундай жол менен мурдагы төрагалардын эмгегине моралдык колдоо көрсөтүү керек. Айрым коомдук ишмерлер жана эксперттер бул демилгени ашыкча деп эсептешет. Укук коргоочу Чолпон Жакупова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “мурдагы төрагаларга берилген азыркы шарттар да жетиштүү экенин, аларга кошумча артыкчылыктарды берүү коррупциянын күчөшүнө шарт түзөрүн” айтты. Каршы пикир билдиргендер артыкчылыктарды берүү бюджеттен кошумча чыгымды талап кыларын да айтып жатышат.