“Кожоюн батирди бошоткула деп жатат, 6 балам менен көчөдө калганы турам” дейт биздин редакцияга кайрылган аял. Тагдырын угуп отуруп, көп балалуу болуунун түйшүгү оор экенине дагы бир жолу ынанасыз. Анын бир мисалы – батир табуу кыйын. Батир ижарага бергендердин бир тобу үйүн көп балалуу үй-бүлөгө бергиси келбейт.
“Апам майып болуп калганда атам таштап кеткен”
– Аты-жөнүм Нургүл Дыйканова, жашым 35те. Жолдошумдун ичкиликке жакындыгы, зөөкүрлүгүнүн айынан ажырашып кеткем. Учурда 6 балам менен Кадамжай районунун Айдаркен шаарында батирде жашайм. Жашообуз оор. Ошого боорукер адамдар жардам берсе, эптеп үйлүү болуп калсам, жок дегенде батирге төлөп турганга каражатыбыз болсо дейм. Түшүнүктүү болушу үчүн баарын башынан айтып берейин.
Мурда ата-энем, бир туугандарым болуп өз үйүбүздө, Баткендин Чек айылында жашачубуз. Апам 4-баласын төрөгөндөн кийин кокон гилас терип жатып бийиктен кулап, бели сынып, 2-топтогу майып болуп калды. Ишке жарабай төшөктө жатып калгандан кийин атам апамды төркүнүнө алып барып таштап, ажырашат. Балдар атамдын колунда калдык. 2-классымда апам мени өзүнө алды. Таякелерим апам экөөбүзгө 3 бөлмөлүү батир сатып беришти. Пирожки, курут сатып, жан багып жүрдүк. Атам бир туугандарымды бир да жолу бизге жиберген жок. Апам балдарын сагынып, буркурап ыйлайт эле. Атамдын биз менен иши да болгон жок, башка аялга үйлөнүп алган.
“Бир ай боло электе күйөөм ура баштады”
– Мектепти бүткөн соң Айдаркен сымап комбинатында иштей баштадым. 2008-жылы мен тааныбаган эле бирөө ала качып кетти. Таякем менен таажеңем “кетем, жашабайм” деп буркурап ыйлаганыма карабай отургузуп коюшту. Кайненеме эң кичүү келин болдум. Апам ошол кездерде катуу ооруп, убак-убагы менен эс-учун жоготуп койчу. Күйөөм көп ичет эле. Коргоп алар эч кими жок деди окшойт, жашаганыбызга 1 ай болбой жатып күйөөмдүн мага колу тие баштады. Апама “ажырашам” деп ыйлап келсем “күйөөдөн чыккан уят, эл эмне дейт? Чыдап жаша” деди. Күйөөм “экинчи урбайм” деп апамдан кечирим сурап, кайра алып кетет. Бирок үйгө барган соң зөөкүрлүгү кайра кармайт. Ошентип 2009-жылы апамдын көзү өтүп кетти. Ошондо гана атам бир туугандарымды жиберип, өзү келген жок.
“Ажырашарда атама ыйлап чалдым”
– 2010-жылы тун уулум төрөлдү. Күйөөмдүн туугандары “атасы менен катташсын” деп мени атамдыкына алып барып, атама 50 миң сом калың беришти. Күйөөмдүн зөөкүрлүгү калган жок. Балам 1 жаштан өткөндө Айдаркендеги жумушума кайра барып бир аз иштедим. Бул арада таякемдер апам экөөбүзгө алып берген үйдү сатып жиберишти. Кулдай иштесем да күйөөмө жакпай койдум. 2 күндүн биринде уруш-талаш, ур-токмок... Ошентип жүрүп 4 балалуу болдум. Күйөөм иштейм деп Москвага кетет, кайра 2-3 ай өтпөй келип алат. Балдарга тамак-аш, кийим-кечек, дары-дармек керек. Акча жок, жашоодон кыйнала баштадык. Үйдө уруш мурдагыдан да көбөйүп, денемден көк-ала так кетпей калды. Анан 2016-жылы ажырашмак болдук. Эмне кылайын деп ыйлап атама чалсам “балдарыңды ташта да, өзүң келе бер” деди. Атамдыкына барганым менен, балдарды ойлоп кыйналдым. Ооруп же ачка калыштыбы дейм. Өгөй апама “балдарымды алып келсем болобу?” десем “аларыңды бага албайбыз” деп койду. Атам болсо “күйөөң менен кайра жарашсаң сендей кызым жок, экинчи мага келбе” деп так кесе айтты. Аргам кетип, кайра күйөөмдүкүнө келдим. Кайненеме “балдарды карап туруңуз. Иштеп акча таап келейин” деп тааныштардан карызга акча алып, Сахалинге кеттим. Ошондо балдарым 7, 6, 4 жана 2,5 жаштарда болчу.
“Орусияда 4 ай иштеп, кайра келдим”
– Орусияга барганыма 4 ай болгондо абысыным “балдарың ооруп жатат. Кайненең инсульт болуп ооруканада” деп чалды. Келсем, балдарым катуураак үн чыкса зырылдап коркуп, бир бурчта бүрүшүп отуруп кала турган абалга жетиптир. Көрсө, мен жокто аларды уруп, урушуп жүрөктөрүнүн үшүн алып бүтүшүптүр. Кийимдери жыртык-тешик. Кайненем “балам келсе үйгө киргизбейм, сен биз менен жашай бер” деди. Бирок 1 ай өтпөй күйөөм Москвадан келди. Туугандар “балдарыңар бар” деп жараштырып коюшту. 2 ай өтпөй ичкенин, урганын кайра баштады. “Иттей, мышыктай жайнатып тууйсуң. Менин жашоомду кыйраттың, желмогузсуң” деп тилдеди. Ушул сөздү күн сайын айтат. Балдарым мага болушса, аларга кыйкырат, сөгөт, балдарга да колу тие баштады.
“Балдарды ура баштаганда чыдабадым”
– Ошентип 5-балам төрөлдү. Тоонун түбүндө жашагандыктан суук, балдарды жуунтуп караганга үйдө шарт жок. Бөлүнүп, Айдаркенге батирге чыктык. 2022-жылы 6-балам курсакта кезде күйөөмдүн зөөкүрлүгүнө чыдабай калдым. Бир баламдын мурдун каната урганда чыдабай милицияга чалдым. “Тойгуздуң, же мага, же каныңдан жаралган балдарыңа мээрим төкпөдүң. Мени алгандан тартып адам катары көрбөдүң” деп ыйладым. Ошентип 2023-жылы биротоло ажыраштык. Күйөөм сотко да келбеди, апасы келди. Кичүү балам 2023-жылы августта жарыкка келди. Ажырашканыбызга туугандардын баары мени күнөөлөп, айтпаган сөздүн баарын айтышты.
“Батирди бошоткула деп жатат”
– Батирде жашай баштадык. Күйөөм 5 айдын алиментин төлөп, анан төлөбөй баштады. Тамак-ашыбыз жок кыйналып кеттик. Боорукер адамдар кийим, акча берип жатышты. Бир аял “кел, жардам беребиз” деп чакырганынан 6 баламды алып барсам, ал жер балдар үйү экен. “Балдарыңды тапшырасыңбы?” дешти эле, жок дедим. Мэриядан күйөөмө чалып, 2 айлык алиментти төлөтүп беришти. Кичүү балам 5 айлык болгондо аны чоңураактарына таштап, ишке кайра чыктым. Жардам берер эч ким жок, ачкадан өлбөйлү дедим. Азыркы учурда дагы батирде турам. Башында ээси “8 миң сом төлөйсүң” деди эле “анча талөй албайм, айлыгым 15 миң сом, 3 миң гана бере алам” деп ыйладым. Боору ооруду окшойт, макул деди. Эми май айында батирди бошот дешүүдө. Көп балалуусуң деп батирге да алышпайт экен. Алган күндө да 8 миң сом батир акысын төлөй албайм. Балдарым да жаш, көчөдө калабызбы деп коркуп жатам. Ошого боорукер адамдардан жардам суроого аргасызмын.
Жардам берүү үчүн реквизит:
Мбанк: 996 774 629 903
Канымжан Усупбекова