Ким Су Хёндун карьерасына чекит коюлдубу?

Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ким Су Хёндун тегерегиндеги ызы-чуу анын карьерасына, негизи эле жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Эң жаманы, аны актриса Ким Сэ Рондун өлүмүнө катыштыгы бар деп күнөөлөшүүдө. Бир нече жылдан бери “Эң көп гонорар алган” кымбат актёрлордун лидерлик сабында турган Ким Су Хён чынында эле күнөөлүүбү? Актёр өзү эмне дейт?

Ким Сэ Рон

2025-жылдын 16-февралында өз үйүндө 24 жаштагы актриса Ким Сэ Рондун жансыз денеси табылган. Кичинесинен кино дүйнөсүнө аралашып жүргөн актрисанын өз жанын кыйышына эмне себеп болду? 2022-жылы актриса мас абалында унаа башкарып баратып кармалып, натыйжада коомчулуктун катуу сынына кабылган. Агенттиги, аны менен иштеген көптөгөн компаниялар жарнамалык келишимдерден баш тартып, натыйжада Сэ Рон келишимди бузганы үчүн ал компанияларга, агенттигине олчойгон суммада карыз болуп калган. Карьерасы токтоп, чогулткан акчасы карыздарына жетпей, бир заматта итке минген кедей абалына келген кыз кафеде официант болуп, дагы бир нече жалданма жумуштарда иштеп жүргөнү белгилүү болгон эле. 2009-жылдан бери 30га чукул тасмада роль жараткан актрисанын өлүмүнүн артында дагы башка окуялар ачыкка чыгууда. Бул актёр Ким Су Хёнго байланыштуу жагдайлар.

Жашы жете элек кыз менен сүйлөшкөн...

Март айында Ким Сэ Рондун туугандары YouTube’дагы Garo Sero Research Institute каналына интервью берип, анда “актёр Ким Су Хён 27 жаш кезинде 15 жаштагы Ким Сэ Рон менен сүйлөшчү. Экөөнүн мамилеси 6 жылга созулган (2015-2021-жылдар аралыгы)” деп айтышкан. Андан сырткары 2019-жылы актёр армияда жүргөндө экөөнүн бири-бирине жазган сүйүү каттары делген кагаздагы жазуулар, айрым сүрөттөр да ачыкталды. Актрисанын жакындарынын нааразычылыгын басуу үчүн актёр Сэ Ронго үйлөнөм деп ишендирип келгенин, той тууралуу сөз болгонун да айтышат.

Эгер бул маалымат, тагыраагы, жашы жете элек кыз менен мамиле курганы аныкталса, Ким Су Хёнду мыйзам чегинде катуу жаза күтөт.

Карыз берип, кайра доолаганбы?

2022-жылы болгон автокырсыктан кийин Ким Су Хёндун Gold Medalist агенттиги актрисага жабырлануучуларга карыз болгон 700 миллион вон (болжолдуу 480 миң доллар) акча берген. Агенттик акчаны кайтарып алуу шашылыштыгы жок экенин билдирген экен. Бирок 2024-жылдын март айында актрисага карыздын толук суммасын кайтарып берүү талабы менен юридикалык билдирүү кагазы келет. Сэ Рондун окуяны териштирүү максатында актёрго байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Garosero Research Institute каналы “Сэ Рондун Ким Су Хёнго жазган каты” деп скриншотторду чыгарды. Анда: “Оппа, бул Сэ Рон. Мен расмий билдирүү алдым, мени сотко берип жатыптырсыңар. Мага көп убакыт берем дедиңер эле, мен ошол убакыт аралыгында карызды берип бүтөм деп аракет кылып жаткам. Ар бир жаңы долбоорумдан кичинеден берип турам. Карызды такыр бербейм деп айтпайм, кичинеден берем, эгер 700 миллионду бир бер десеңер – андай сумма менде жок. Сөзсүз сотко кайрылуу керекпи? Суранам, мени сактап калчы. Суранам... Мага кичине убакыт берчи...” деген мааниде жазылган. Инсайдерлердин айтымында, бул катка жооп болгон эмес. Коомчулук тарабынан өгөйлөнүү, карыз, депрессия, мунун баары Сэ Рондун психикалык абалын оорлоштуруп, натыйжада анын өлүмүнө алып келди дешет туугандары. Бул кат менен актрисанын туугандары Сэ Рондун өлүмүнө актёрдун түздөн-түз катышы бардыгын билдирип, "кызыбыздын атын актайлы деп жатабыз" дешет. Актриса Ким Су Хёнго таарынгандай анын туулган күнүндө өз жанын кыйган...

Коомчулукта ача пикир

Учурдагы Түштүк Кореянын эң популярдуу актёрлорунун бири, буга чейин репутациясында кара тагы жок делген Ким Су Хёндун башында азыр чоң кара булут турат. Ызы-чууга байланыштуу актёрду “отмена” кылуу операциясы четинен башталды. Күйөрмандардын бир тарабы “Сэ Рондун өлүмүнө актёрду күнөөлөбөш керек. Анткени ал аны кыйнап сүйлөштүргөн жок, кыйнап мас абалында машинага отургузган жок, кыйнап өл деген жок. Баарын өз тандоосу менен кылды. Жакындары кыздын жашы жете элегин билгенден кийин башында эле каршы болуп, мамилени токтотсо болмок. Демек, башка кызыкчылыгы болду. Анын үстүнө расмий түрдө эч нерсе далилдене элек. Бекеринен таланттуу актёрдон айрылганы турабыз” деп күйүп-бышып жатышат.

Экинчи тарап “15 жаштагы кыз менен 27 жаштагы адам кантип сүйлөшөт?! Бул деген педофилия! Кыздын карызын төлөп, оор күндө колдоо көрсөтсө болмок. Ал кызды алдап кетти, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Жакшы актёр деп эле кылганына көз жумуп койгон болбойт” деген ойдо.

Ким Су Хён эмне дейт?

Жаңыдан ызы-чуу башталганда актёрдун агенттиги “Ютуб каналга чыккан маалыматтар жалган, биз аларды сотко беребиз” деген маалымат таратышкан. Андан бери жаңы фактылар, сүрөттөр, каттар жарыяланды. Дагы 200дөй сүрөт-далилдер бар дешүүдө кыз тарап. Эми агенттик: “Учурда Ким Су Хёндук психикалык абалы оор. Актёр жалган жалаалардан, коомчулуктун басымынан улам санаа тартууда. Ким Су Хён менен Ким Сэ Рон 6 жыл эмес, 2019-2020-жылы, тагыраагы, бир жыл аралыгында гана кыз-жигит болгон. Жашы жете элек учурда сүйлөшкөн деген маалымат жалган” деп шашылыш маалымат таратышты. Бул маалыматка каршы экинчи тарап Ким Сэ Рондун күндөлүгү бардыгын, анда экөөнүн 6 жыл сүйлөшкөнүнө далилдер бар экенин билдиришүүдө.

Ким Су Хёндун агасы жетектеген Gold Medalist агенттиги эки тарап эл көзүндө териштирүү жүргүзгөндөн эч ким пайда таппасын айтып, актрисанын үй-бүлөсүн бетме-бет кездешүүгө чакырууда. Кыздын апасы болсо актёрдон Ким Сэ Рон менен жашы жете элек кезден баштап сүйлөшкөнүн моюнуна алып, расмий түрдө кечирим сурасын деген талап койду.

Эске салсак, Ким Су Хён “Жылдыздан келген адам”, “Айдын кучагындагы Күн”, “Жинди, бирок баары жакшы”, “Көз жаштын ханышасы” сыяктуу хит сериалдарда башкы ролду ойногон.

Ал эми Ким Сэ Рон – “Кайдан келгени белгисиз адам”, “Аңчы иттер”, “Жезкемпирдин күзгүсү”, “Башкы шаман Ка Ду Шим” жана башка сериал-тасмаларда роль жараткан.

“Биздин коом оорулуу болуп баратат”

Сеул улуттук университетинин психология факультетинин жана Гарварддын бүтүрүүчүсү, учурда АКШдагы Йель университетинде эмгектенген психиатрия профессору На Чон Хо актриса Ким Сэ Рон каза болгондон кийин өз ою менен бөлүшкөн:

– Мас абалында унаа айдоо – чоң ката. Бул ката үчүн жаза жеңил болсо, демек, маселе мыйзамда. Адамдын катасын оңдоосуна каршы чыгып, аны коомдон таптакыр бөлүп салуу – бул дени сак коомдун көрсөткүчү эмес.

Профессор коомчулуктун агрессиясын популярдуу сериал менен салыштырган: “Биздин коом барган сайын “Кальмар оюну” сериалынын масштабдуу версиясына айланып бара жатат, ким ката кетирсе, дароо борттон сыртка түртүп салмай болуп. Ким Сэ Рондун өлүмү – адамга жашоого мүмкүнчүлүк калтырбай, трагедияга алып келүүнүн далили. Мен актриса кафеде иштеп жатканы тууралуу жаңылыктарды окугам. Коомчулук анын катасын моюнуна алып, кандай иш болсо да иштеп, оңолуу аракетин көрүүнүн ордуна ошол туура аракетти да катуу сынга алып туруп алды. Актрисага жашоого мүмкүнчүлүк беришкен жок”. Түштүк Кореяда көпчүлүктүн басымынан, хейтерлердин катуу сынынан депрессияга түшүп, өз жанын кыйган атактуулар аз эмес. Профессор На Чон Хо буга чейинки маектеринде да корей коомчулугунун психикалык саламаттыгы туура эмес нукта баратканын айтканы бар.

Асыл Орозбекова    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан