ГИПЕРГАМИЯ: КЫЗДАР ЭМНЕГЕ БАЙ АДАМГА ТУРМУШКА ЧЫККЫСЫ КЕЛЕТ?

Психологияда гипергамия деген түшүнүк бар. Гипергамия – бул аялзатынын өмүрлүк жар болчу адамды социалдык, финансылык жана интеллектуалдык статусуна ылайык тандоосу. Кыздардын бай, колунда ийгиликтүү иши бар, акылдуу мырзага турмушка чыккысы келгенин көпчүлүк “эсеп менен турмушка чыккысы келген, байлыкты гана көздөгөн кыз” деп жаман көрүшөт. Бирок кыздардын мындай тандоосу жаратылыштан тубаса жаралган инстинкт болуп саналат. Кантип? Психологдордун түшүндүрмөсү менен чечмелеп көрөлү.

ЭМНЕГЕ ГИПЕРГАМИЯ АКТУАЛДУУ?

Социалдык статус. Коомдо өз орду, жакшы иши, аброю бар адамга турмушка чыкса, анын аялынын да статусу башкаларга салыштырмалуу жогорулайт деген түшүнүк бар.

 ЖМКлардын жана интернет ресурстарынын таасири. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар, жарнамалар, интернеттеги бай, атактуу адамдарга турмушка чыккан кыздардын сонун жашоосун жарнамалаган видео-сүрөттөр, кино-сериалдардагы бай адамдын аялдары жашаган “кооз” жашоонун таасири.

Ата-энесинин жашоосу. Көпчүлүк кыздар ата-энесинин жашоосун үлгү көрүшөт. Кедейликтен азап чегип чоңойгондор ата-энесинин жашоосун кайталагысы келбейт.

ГЕНДЕРДИК СТЕРЕОТИПТЕР 

Коомдо дагы деле эркектин негизги милдети – акча табуу, аялдыкы – үйдө отуруу, балдарга тарбия берүү деген түшүнүк бар. Албетте, эркектен көп акча таап, жогорку кызматта отурган айымдар деле бар. Бирок алардын саны азчылыкта. Көпчүлүк кыздар кичинесинен коомдук күтүүлөрдүн психологиялык басымы алдында чоңоюшат “жакшы аял – алгач күйөөсүнүн көңүлүн алышы керек, анан балдарын жакшы тарбиялашы керек. Билим алуу, карьера жасоо үй-бүлөдөн убакыт ашса гана экинчи планда турушу кажет” деген. Бул басымды апасы, апасы болбосо чоң энеси, эжеси, таажеңеси, кошунасы, айтор, кыздын тегерегиндеги каалаган адам айта берет. Кичинесинен бул сөздөр мээсине куюлган кыз жакшы үй-бүлө куруу үчүн бай, абройлуу адамга турмушка чыккысы келет. Ошондо жашоосу аз да болсо жеңилдеп, өзүнө убакыт ашчудай сезилет.

ЖАРАТЫЛЫШТАГЫ КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАР

Коомчулук аял өзү деле билим алып, иштеп, бардар жашоону өзүнө камсыздай алат деген ойду жакшы сиңире элек. Ага караганда кыздарына гипергамия түшүнүгүн жакшы сиңиришет. Аялдын интеллектуалдык, финансылык жактан статусу жогорулаган сайын, анын тегерегинде мырза тандоо мүмкүнчүлүгү азаят. Күчтүү аялдын жанында ага тең келчү талапкерлер суюла берет. Тескерисинче, эркектин статусу жогорулаган сайын анын тандоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.

Эркек өзүн, үй-бүлөсүн камсыздай алчу убакытка жеткиче, статусун жогорулаткыча кенен убакытка ээ. Ал 40-50 жашка келгенден кийин деле жаш кызга үйлөнүп, бала-чакалуу боло берет. Ал эми аялдын жаратылышы башка. Анын жаштыгы, сулуулугу, репродуктивдик кызматы жыл өткөн сайын артка кетет. Андыктан турмушка чыгуу мөөнөтү чектелүү болот, тандоого убакыт эркектердикиндей кенен эмес.

КИМДИКИ ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫК?

Мындай суроо жаралат: Мисалы, бай, абройлуу, акылдуу адамга турмушка чыккысы келген кызды жеке кызыкчылыкты көздөгөн, эсепчил дешет. Ошол эле учурда мырзалар аял аларда дени сак, жаш, колунан бардык оокат келген кыздарды тандаганда аларга карата суроо жаралбайт. Эки тарап тең жакшы жашоо үчүн тандоо жасады, демек, эки тарап тең жеке кызыкчылыгын көздөп жатат.

Жаратылыштын мыйзамына ылайык, эркек аялдыкка "тукумум жакшы болсун, дени сак болсун" деп энергиялуу кызды тандайт. Ал эми аял коопсуздукта, камкордукта, эч нерседен кем болбой жашайлы деп күчтүү эркекти тандайт. Бул бардык жандыктарга тиешелүү инстинкт болуп саналат.

ГИПЕРГАМИЯ АРКЫЛУУ КУРУЛГАН ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ОҢ-ТЕРС КӨРҮНҮШТӨР

+ жагы

Бай адамга турмушка чыкканда, албетте, каржылык жактан камсыз болушат. Бир тыйындын артынан кубалап үнөмдөө, карыз суроо, насыя алуу-төлөө деген жок. Каалаганын кийип, каалаганын жейт, өзүнө кам көрөт, балдарын түрдүү ийримдерге берип, сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгү бар болот. Үй-бүлө менен чогуу саякатка чыгуу, жакшы үйдө жашоо, жакшы унаа айдоо деген артыкчылыктар бар. Балким, жолдошу чакан бизнес да ачып бериши мүмкүн. Туугандардын, тааныш, достордун алдында сөзүң, каржылык абалың да жогору турат. Мактанганга себеп бар дегендей.

Эске сала кетчү нерсе, эгер бай жашоо үчүн гана турмуш курулса, түгөйүнө карата башка сезим жок болсо, мындай мамиле бир күнү “бетин ачат”, ачылганда үй-бүлө урайт. Андыктан бай жашоо менен катар адамды чындап сүйүп, баалап, түшүнүп туруп тандаганда гана бекем үй-бүлө курулат.

– тарабы

Үй-бүлөдө түгөйлөрдүн бири экинчисине караганда көбүрөөк ресурска (акча, акыл, күч, бийлик) ээ болгондо баары бир дисбаланс жаралат. Ресурсу аз тарап биринчисине дээрлик бардык тараптан көз каранды болот. Мамиледе абсолюттук бийликке ээ тарап зомбулук көрсөтүп баштайт. Зомбулук бир эле физикалык жактан кол көтөрүү эмес, эмоционалдык, моралдык, финансылык зомбулук, кемсинтүү деген бар. Бала көбөйгөн сайын аялдын кетпесин билген адам жогорудагы зомбулуктарга ала жипти аттоону же дагы башка формаларын кошпойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аялдын сөзү сөз эмес, эркектин айтканы менен болот. Бар деген жерге гана барат, сүйлөшсөң болот деген адам менен гана катышат, анын айтканы менен кийинет, ар бир сом үчүн отчёт беришет. Кетип калайын десе балдарды кантип багам, өзүм кантем, кайда иштейм деген коркунуч бар. Коомчулуктун “сонун, бай күйөөсү, кычыраган үйү, машинасы турса эмне кетип калды? Көөп кетти да” деген сөзүнөн чочулайт.

ҮҢКҮР ДА БОЛСО ҮЙҮМ, АЮУ ДА БОЛСО КҮЙӨӨМ БАР

“Үңкүр да болсо үйүм, аюу да болсо күйөөм бар” деген сөз бар. Баш кошкон түгөйлөр нөлдөн баштап биргеликте бутуна турушат, муздак-ысыктан бирге өтүшөт дегендей. Мындай жашоонун да эки тарабы бар:

1) Биринчиси – бирге аракет кылып, баарына бирге жеткенде үй-бүлөдө тең аталык сакталат, бири-бирине кыйын болуу, финансылык басым жасоо деген болбойт, түшүнүшүү, колдоо, бирин-бири баалоо сезиминде жашашат.

2) Эми экинчи тарабына көз салалы. Нөлдөн башталган үй-бүлөлүк тиричиликте жакшы жашоого жетишибиз керек деп умтулуп жатып убакыттын кантип өткөнүн билбей калат. Тытынып иштеп жүрүп ден соолук кетет, балдарына тиешелүү убакыт, көңүл бурулбайт. Жокчулуктун айынан араздашуу, урушуу, пикир келишпестик, кол көтөрүүгө, балким, ажырашууга чейин жетиши мүмкүн.

ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ

Жакшы жашоодо жашоо каалоосу ар бир адамдын табигый муктаждыктарынын бири. Ал каалоо үчүн эч кимди, өзгөчө кыздарды сындоонун кереги жок. Ар бир үй-бүлөнүн тажрыйбасы ар башка, андыктан кедейге же байга турмушка чыксаң бактылуу болосуң деп эч ким кепилдик бербейт. Негизгиси, турмушка чыгардан мурун кыздарда төмөнкү суроолорго жооп болушу керек:

Мен турмушка чыкканга чейин киммин? Күйөөм менен ажырашып кеткен күндө эмне өзгөрөт? Көчөдө каламбы? Кантип күн өткөрөм? Эмнени жоготом? Эмне алам?- деген сыяктуу суроолорго жооп таап, өзүн кайсы бир деңгээлде камсыздап алгандан кийин гана турмуш жолуна аттанганы туура.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан