Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Кыйын аял деле элге көрсөтпөй ыйлайт»

Кыргыз тили, улуттук дем, эркиндик, бактылуулук... Белгилүү ырчы, ырлары кыргыз жыттанган Гүлзада Рыскулова менен аталган темаларда баарлашып, анын маанилүү ой-пикирлерине орун бердик. Маек сизди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз, окурман. 

– Арыбаңыз, Гүлзада айым! Көптөн бери маектеше элек экенбиз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Арыбаңыздар! Чыгармачылыкта орчундуу жаңылыктар бар. Жакында Түркияда бир ай жүрүп келдим. Мурункудай эле кыргыз дүйнөсүн таанытуу багытында жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Ал жактан келгенден кийин эле Казакстандын Актау деген жерине бардым. Актаулуктар өзгөчө калк экен. Анткени биз унутуп койгон каада-салттарды азыркыга чейин карманышарын көрдүм. Жазга жакын белгиленчү “амал” деген майрамы бар, ал майрамда ар бир жаран ата-энесинин үйүнө барып аларга белек бериши керек экен. Тамактары да өзгөчө, мага жакты. Балкаймак деп угуп жүргөнүм менен, кандай жасаларын билчү эмесмин. Актаудан биринчи жолу оозандым, сүткө бал аралаштырып көп убакытта жасала турган азык экен. Илгеркидей төөнүн сүтүнөн тамак жасашарын көрүп да таң бердим. Кыскасы, абдан күчтүү таасир калтырды. Эми дагы бир чоң долбоордун алкагында Анкарага учканы турам. Түрк тилдүү элдерден бирден ырчы катышкан иш-чарада чоң оркестрдин коштоосунда өнөр тартуулайбыз. Улуттук кийимчен барып өлкөбүздүн желегин желбиретип келсем деп турам, буюрса. Май айында Астанада өтө турган дүйнөлүк фестивалга катышам. Ага дүйнө элдери байыркы индей урууларынан тарта, батыш менен чыгыштын өнөрлүүлөрү катышат. Айтор, тыным жок. 

– "Мектептерде кыргыз тили китептеринин мазмуну начар" деп коңгуроо кагып чыктыңыз эле, министрлик тараптан реакция болдубу? 

– Ооба, ошентип маселе көтөрдүм эле. Ал билдирүүм коомчулукта чоң резонанс жарата алды, демек, талуу жерибиз ушул экен. Билим берүү министрлиги тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Андан ары  маселени журналисттер колдон алып кетишип, дал ошол китептер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүштү, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Кейигеним – биздин балдар сапатсыз китептер менен жабдылып жатканы жана сапатсыз нерсеге убактысын кетирип жатышканы. Азыр 12 жылдык окуу системи деп жатышат, бирок адегенде китептерибизди оңдоп, башка да толтура көйгөйлөрдү чечип, анан гана 12 жылдыкка өтсөк жакшы болмок. Ушул турушубузда 12 жылдык билимдин кимге кереги бар деп ойлоп кетет экенсиң аргасыз. 

– Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздар менен тыгыз байланыштасыз, бул дагы кыргыз дүйнөсүн таанытуу ишиңиздин бир бутагыбы?

– Вандык кыргыздар менен байланышым бекем. Канат деген кыргыз жигити бар, Ванда кыргыз айылын курган, жүрөгү кыргыз деп соккон мекенчил жигит. Экөөбүз жакшы бир долбоорлор менен алектенип жаткан учурубуз. Вандык кыргыздарда биз унутуп калган каада-салт, көөнө уздук, чеберчилик, түпкү тилибиз сакталып калган. Кытайга, Түркияга, башка жактарга чачырап кеткен кыргыздарда сакталып калган көөнө салт-санаалар жандандырылса, жок дегенде тарых катары жаздырылып калса дейм. Кыргыз дүйнөсүн каза берсең кызыгы бүтпөйт. Мисалы, жакында Стамбулга барганымда жөтөлүп, катуу оорудум. Дарылар жардам бербей койду. Ошондо вандык бир айым “сизге жөтөлдү баса турган тамак жасап берейин” деп умач деген тамак даярдап берди. Койдун куйрук майы кошулуп куурулуп, атала сыяктуу азыкка сүзмө катыктап ысык ичирди эле, жакшы болуп кеттим. 

– Кыргыздын байыркы, эч кимге баш ийбеген тоолук мүнөзү, эркиндиги, духу ырларыңыздан байкалат. Эркиндик сиз үчүн ыйык баалуулук болуш керек? 

– Албетте, кыргыз түпкүлүндө эркин эл. Эркиндикти дастандарында, ырларында, жомокторунда калтырып кеткен. Дүйнө жүзүн кыдырып жүрөм, чынында, кыргыздай эл жок. Эркин, ишенчээк, зарыл учурда бир муштумдай түйүлө калган сейрек кездеше турган сапаттар бар. Ошол эле учурда бийиктеп бара жаткан адамды буттан тартмай жагыбыз бар. Мен деле ар бир кыргыздай эркиндикти сүйөм. Чыгармачылыктабы, үй-бүлөдөбү, эркиндигим чектелсе кыйналып кетем. “Рамкага” салынып жашай албайм. 

– Төрт уулдун апасысыз. Кыздуу болсом деген кыялыңыз барбы?

– Кыздуу болуу жакшы нерсе, бирок мен үчүн азыр төрт уулума жакшы тарбия берүү, татыктуу эне болуу максаты маанилүүрөөк. Анткени ар бир балага энергия бериш керек, сүйүүгө, мээримге  кандырыш керек, келечегин, билимин ойлош керек. Ошого кыздуу болуу кыялым кыял боюнча эле турат, азырынча долбоор боло элек (күлүп).

– Кайраттуу, чечкиндүү аялзатысыз. Өзүңүздү аяп, жөн гана бирөөгө таянып жашагыңыз келеби?

– Эң күчтүү деген айымдын да ичинде назик, үлбүрөгөн, таарынчаак кыз отурган болот. Табиятыбыз назик, табиятыбызга каршы келген нерселерди кылсак айым алсырайт, энергиясы азаят.  Аял өзүнүн милдеттеринен ашыкча жүктү алганда жан дүйнөсү кыйналат. Миң кыйынмын деген аял деле элге көрсөтпөй ичинен ыйлайт. Аялга көп жүк артпаш керек. Күчтүү болуу – аял үчүн аргасыздык, анын нукура табияты эмес. Кыргыз аялдары түйшүкчүл, аракетчил жана чыдамкайбыз. Мен үлгү туткан, ошого карап түздөнсөм деген аял – Курманжан датка энебиз. Абдан кыйналган учурларда аны бир эстеп коём. “Менин ордумда болсо ал кандай чечим чыгармак?” дегенсип. Кандай кыйынчылык болсо да акыл калчап, эки же үч күн кыйналышым мүмкүн. Андан ары кайра түздөнүп, жолумду улантып кете берем.  Биротоло мүңкүрөп, кайгырып “баары мени аясын” деп курмандык боло албайм. Сиз айткандай, ушундай кайраттуулук сапатым бар. Тескерисинче, башкаларга жардам берип, алсыздардын көз жашын сүртүшүм  керек деп ойлойм.

– Сизди убакыт кандай өзгөрттү?

– Акылың толгон сайын жашоого жеңилирээк карап калат экенсиң. Жашоонун мага бере турганы болсо акыры берет, болбосо бербейт. Бул Жараткандын мыйзамы, буйругу. Адам өтө эле тытына бербеш керек экен. Жашоонун мыйзамында ак жана кара деген түс бар, бул экөө тең болушу керектигин ушул жашымда түшүнүп отурам. Бир нерсе жакпаса ага ашкере көңүл буруп отура бербейм, ишимди кылып кете берем. Жакса бир ырахаттанып алып, андан ары жолумду улантам.

– Бактылуусузбу?

– Бактылуумун. Бактылуулук десе көпчүлүгүбүз “каалаган нерсемдин баары болсо” деп ойлойбуз. Телегейиң тептегиз болуп эле, жайнап турса бактылуубуз дейбиз. Байкасак, күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй нерселер деле бакыт. Мисалы, ушунча көп макулуктун ичинен адам болуп жаралып калганыбыз, тандоо ыктыярыбыз бар экени, күндүн чыкканын, батканын көрүү, табияттын адамга кызмат кылып жатканы бакыт. Ден соолугуң жакшы болуп басып жүргөнүң, жакындарыңдын амандыгы да чоң бакыт.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Бар болуңуз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан