Тамдагы көгөргөн тактарды кетирүү ыкмалары

Көк – жашоо, көбөйүү жөндөмдүүлүгү боюнча көптөгөн жандыктарды чаңында калтырган организмдердин бири. Анын курамындагы мицелий заты каалаган материалдын түзүлүшүнө кирип, көбөйүп баштайт. Өзгөчө кышкысын бөлмөдөгү тамдардын бурчун баскан көктөн адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келиши мүмкүн. 

– Дем алуу органдарынын жана каналдарынын оорулары;

– Тери оорулары;

– Ооз көңдөйүнүн сезгенүүсү;

– Түрдүү инфекциялык оорулар;

– Аллергия жана башка.

Тамдагы көктү кетирүү ыкмалары

Эскертүү! Тамдагы көгөргөн жер менен күрөшөрдөн мурун тамак-аш турган идиш-аяктын оозун бекем жаап, өзүңүз бетке маска кийип иштешиңиз керек.

1. Суутек кычкылы (перекись водорода). 3 пайыздык суутек кычкылын пульверизаторго куюп алабыз. Көгөргөн аймактарга тегиз чачып, 10 мүнөт коюу керек. Андан соң щётка менен тазалап, аягында кургак чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.

2. Агартуучу каражат. Кадимки агартуучу каражат керектелет. 1/10 өлчөмүндө суу менен агартуучу каражатты аралаштырабыз. Көгөргөн жерди алгач кургак чүпүрөк менен сүртүп алыңыз. Анан аралашманы щётка менен көк жерлерге сүртүп, 15 мүнөт коюу керек. Убагы келгенде кайра кургак чүпүрөк менен аарчыйбыз. Артынан актап койсоңуз болот. Эскертүү! Агартуучу каражат колдонгондо дубалдын өңү өзгөрүп калышы мүмкүн.

3. Уксус жана сода. Кадимки тамак-аш уксусуна эч нерсе кошпой туруп пульверизаторго куябыз. Жабыркаган тамды алгач кургактап сүртүп алып, анан уксусту чачуу керек. 5-10 мүнөттөн кийин ным чүпүрөк менен сүртүп салыңыз. Уксуска сода да кошсо болот. Ал үчүн алгач көгөргөн тамга сода себелейбиз да, артынан уксус чачабыз. Химиялык реакция бүткөндөн кийин таза чүпүрөк менен аарчып салуу керек. Негизгиси, уксус денеге тийбегендей сак болуу керек. Уксус чачуу ыкмасын аптасына 1-2 жолу кайталап турса болот. Сода менен дагы бир ыкма бар. 1 стакан сууга 2 чай кашык соданы салып аралаштырып, көгөргөн тамга чачуу керек. 5 мүнөттөн кийин кургак чүпүрөк менен аарчып саласыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан