Баткен гарнизонундагы аскер бөлүгүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февраль айына чейин алар аскер кызматкерлерине берилчү эт азыктарын акчалай түрдө алып турушкан.
Мунун кесепетинен мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келтирилгенин билдирет Башкы прокуратура. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Башкы прокуратура бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын маалымдады.