Жөнөкөй суу суусунду жакшы кандырат, зат алмашууга, дене табынын бир калыпта кармалышына жардам берет, айтор, организм үчүн абдан зарыл. Ал эми газдалган суунун кандай пайда, зыяны бар? Макаладан жооп таба аласыз.
ТАБИГЫЙ ГАЗДАЛГАН СУУ
Газдалган суулар табигый жана жасалма газдаштырылган болуп экиге бөлүнөт. Табигый газдалган суулардын курамында адамдын организмине эң керектүү минералдык заттар – хлориддер, сульфаттар, гидрокарбонаттар жана микроэлементтер – кальций, магний, натрий, цинк жана башкалар кездешет. Ошондуктан “минералдык суу” деген аталышы бар. Өзүнө табыгый көмүр кычкыл газын (CO2) камтыгандыктан даамы “жумшак” келет. Чыккан жериндеги тектерге карап курамында кайсы бир минералдар же микроэлементтер көбүрөөк же азыраак болушу мүмкүн.
Үч түргө бөлүнөт
Газдалган суу курамындагы минералдардын өлчөмүнө жараша ашкана, ашкана-дарылык жана дарылык деп 3 түргө бөлүнөт. Минералдардын өлчөмү суунун 1 дециметр кубуна карап аныкталат. Демек, 1 дециметр куб ашкана суусунда 1 грамм минерал болсо аны кадимки суу ордуна колдонууга мүмкүн. Ал эми дарылык-ашкана суусунда минералдар 1-10 граммды түзгөндүктөн дени сактарга кээде гана ичип турууга уруксат. Дарылык газдалган сууда минералдар 10 граммдан ашат. Ошого муну врачтын уруксаты менен гана ичүү керек.
Табигый газдалган минералдык суулар химиялык курамына жараша сульфаттуу, хлориддүү, магнийлүү, кальцийлүү, гидрокарбонаттуу, аралашмалуу жана башка болуп да бөлүнөт
Жалпы пайдалары булар:
• Калкан сымал бездин, боордун, ашказандын иштешин, өт суюктугунун жылышын жакшыртат
• Сөөк, муун, тарамыш, булчуңдарды бекемдейт
• Тери, чач, тырмактын абалын оңдойт
• Организмде суу жана зат алмашууну жакшыртат
• Иммунитетти чыңдайт
• Кан тамырларды тазалайт
• Ооругандан, операциядан кийин бат калыпка келүүгө салым кошот
• Ичүү убактысына жараша ашказан маңызындагы кычкылга таасири бар. Тамактануудан 1-1,5 саат мурда ичсе, ашказан маңызындагы кычкыл төмөндөйт. Эгер тамак ичкенге 15-20 мүнөт калганда ичсе, тескерисинче, кычкыл көбөйөт. Тамактан 30 мүнөттөн кийин ичүү менен зарнанын жаралышынын алдын алууга болот
• Ич катуудан арылууга көмөктөшөт
Ким кайсы түрүн ичиши керек?
Гидрокарбонаттуу (щелочтуу) – вирустук оорулардан жана суук тийүүдөн сактайт. Кант диабетинин алдын алат, анткени ашыкча канттын организмден чыгып кетишин шарттайт. Гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасында, боор оорусунда врачтар өлчөмү менен ичүүнү сунушташат. Спортчулар, активдүү адамдар үчүн да жакшы. Анткени булчуңдарда топтолгон сүт кычкылын чыгарып, тез кыймылдоого мүмкүндүк берет.
Кальцийлүү – тиш, тырмак, муун, сөөктөрүндө көйгөйү барлар ичсе, аларды бекемдейт.
Магнийлүү – стресс учурунда ичүү менен андан арылууга болот. Узак жашоого өбөлгө түзөт.
Сульфаттуу – боор жана өт баштыкчасынын оорусу барларга сунушталат.
Аралашмалуу – бул жогоруда аталгандардын баарында жарайт.
Курамында кальций жана магний көбүрөөгүн гинекологдор кээде кош бойлуу аялдарга сунушташат. Анткени курсактагы баланын сөөктөрүнүн бекем болушуна шарт түзүп, жүрөгүнүн иштешин жакшыртат.
Косметикалык каражат катары – бет, кол, денени нымдаштырып, сергитип, теридеги тешикчелерди кичирейтет. Терс таасирлери
Кан басымы жогорулар, онкологиялык жана жүрөктүн ишемиялык дарты барлар, кант диабетинен жабыркагандар, инсультка кабылгандар врач сунуштаса гана өлчөмүнөн ашырбай ичиши керек.
• Кальцийлүү түрүн ашыкча ичкенде бөйрөктө ташты пайда кылышы ыктымал. Кандын уюшу бузулуп, тромб жаралышы мүмкүн.
• Гидрокарбонаттуу түрүн көп ичкенде сөөктөгү кальцийдин өлчөмү төмөндөп кетет. Кусуу, жүрөк айлануу, булчуңдардын диртилдөөсү да күтүлөт.
• Бөйрөгүндө, өт баштыкчасында ташы барларга, боордун өтүшүп кеткен ооруларында, пиелонефритте ичүүгө болбойт.
• Сульфаттуусун көп колдонгондо ичегинин иштеши бузулат
• Магнийлүүсүн боор оорусу өтүшүп кеткенде, бөйрөктүн таш оорусунда, ич өткөктө, ашказан жана 12 эли жарасында ичүүгө болбойт.
• Аралашмалуусун өт баштыкчада таш болсо, ашказан жарасы дарты курчуп турган кезде, өтүшүп кеткен боор оорусунда колдонууга мүмкүн эмес.
• Минералдуу газдалган сууларды 3 жашка чейинки балдарга бербеген жакшы дешет адистер.
Оң таасирлери
Илгертен эле дарылык үчүн колдонулуп келет. Атактуу Гиппократ оорулууларга ичүүдөн тышкары, газдалган суу менен жуунууну да сунуштаганы айтылат. Заманбап медицинада ашказан, ичеги, боор ооруларын комплекстүү дарылоодо тигил же бул түрү сунушталат.
ЖАСАЛМА ГАЗДАШТЫРЫЛГАН СУУ
Сууну жасалма газдаштыруунун тарыхына токтолсок. Улуу британиялык окумуштуу, химик Жозеф Пристли 1767-жылдын бир күнүндө сыранын бетинен ыргып чыгып жаткан көбүктөргө баам салып карап калат. Кызыгып, сыранын үстү жагына ичинде суусу бар идишти илип коёт. Ыргып чыгып жаткан көбүктөр ошол идишке түшө берет. Окумуштуу сууну даамдап көрүп, анын көмүр кычкыл газы менен байып, өзгөчө даам берип калганын байкайт. Ошентип ал сууну газдаштыруу боюнча эксперименттерди жасап көрүп, андай суунун касиети боюнча лекцияларды окуй баштаган. Анын эмгегин пайдаланып, сууну газдаштырып сатуу ишин окумуштуу ишкер Иоганн Якоб Швепп 1780-жылдары баштаган деп айтылат. Адамдар акырындап минералдык сууларды чыккан жеринен бөтөлкөлөргө куюп сатууну өздөштүрүшөт. Бирок алыска жеткирүү, ташып келүү маселе жаратат. Ошондо сууну жасалма газдаштырууга өтүү жеңил болорун баамдашкан.
1930-жылдары АКШда сууну газдаштыруучу аппараттар ишке киришкен. Капкагы жеңил ачылчу идиштерде сатылган газдалган суулар 1954-жылы пайда болгон. Белгилүү болгондой, жасалма газдаштырылган суулардын аз, орточо, көп газдаштырылган деген түрлөрү бар.
Пайдасы
• Япониялык окумуштуу Акира Такахаши газдалган суунун адам организмине тийгизчү таасирин изилдеп чыккан. Анын тыянагына караганда, мындай суунун курамындагы көмүр кычкыл газы ашказанда сорулуп, бикарбонатка айланат. Бикарбонат болсо организмдеги суу жана зат алмашууну активдештирип, глюкозанын сиңишине таасир этет.
• Кандагы көмүр кычкыл газынын жогорулашы канттын деңгээлинин бир аз түшүшүн шартташы мүмкүн. Демек, арыктоого аз да болсо жардамын тийгизет.
• Кадимки суу сымал эле организмдеги уулардын, шлактардын чыгышын шарттайт. Организмдеги зат алмашууга таасири зор.
• Курамындагы микроэлементтер менен организмди байытат.
• Жөнөкөй сууну көп иче албагандарга жакшы жана башка.
Зыяны
• Ашыкча ичкенде ич көбөт. Бул өзгөчө метеоризмден жабыр тарткандарга, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга зыян.
• Ичегинин өнөкөт ооруларын жана гастроэзофагеалдык рефлюкстук ооруну (ашказандагы тамактын оозго куюлушу) курчутуп жиберет.
Канымжан Усупбекова