Белгилүү обончу, ырчы Качкын Абдыкадыров “отчёттук концерт берүүгө даярданып жатам” дейт. Шляпасы башынан, гитарасы колунан түшпөгөн таланттуу агабызды кепке тартып, кыргыз музыкасынын бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу пикир алыштык.
– Саламатсызбы, Качкын ага? Кийинүү стилиңиз өзгөчө экен, стилисттер менен иштешесизби?
– Саламатчылык. Жок, стилисттер менен деле иштешпейм (күлүп). Жеке стилистим деп жубайымды айтсам болот. Мурда тигүүчү болуп иштеген, кийимге, дегеле бардык нерсеге табити жакшы. Ошондуктан ар дайым кеңешин айтып турат. Кийимди негизинен өзүм тандап, образымды өзүм эле даярдайм. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, кийимдеримдин анча-мынча жерин өзүм эле өзгөртүп алам. Мисалы, башымдагы бул шляпанын оюмун өзүм тиккем. Мени тааныгандар “сени шляпасыз элестете албайбыз” деп калышат, ойлоп көрсөм, бул баш кийимди акыркы 20 жылдан бери кийет экенмин. Анан мен кийимдин баасына көп көңүл бурбайм. Негизгиси, мага жагышы керек. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан бир көйнөгүм бар, базардан арзан эле сатып алгам. Бирок дал мен үчүн тигилгендей куп жарашты.
– Обончу, композитор катары өзүңүздүн жасап жаткан ишиңизге канчалык деңгээлде канааттанасыз?
– Обондорумдун элге тарап, Эл артист, Эмгек сиңирген артисттердин ырдап жүрүшү эле жогорку баа болуш керек. Обончу, композитор катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алгам, композиторлук даражага талыкпаган эмгектин артынан жеттим. Азыркы учурда канча обонум бар экенин так билбейм, бирок обондорумдун эл арасында жашап жатканын көрүп туура жолду тандаганыма ишенип, кубанып, канааттанып калам.
– Маектериңизде азыркы ырлардын обондоруна сын айтып келесиз. Балким, заманга жараша чыгармачылыкка көз караштын, табиттин өзгөрүшү мыйзам ченемдүү эле нерседир?
– Туура суроо. Бирок байкасаңыздар, азыркы көп обондордун өмүрү кыска, бир жарк этип эле чыгат да, анан көп өтпөй эле өчүп калат. Менимче, бул дагы мен айткан сындардын тууралыгын тастыктап турат. Эчен жылдар мурун жазылган Рыспай Абдыкадыров, Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраевдердин обондору бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет, демек, аракет кылсак болот да. Жалаң эле той-топурга ылайыктап жеңил-желпи обондорду жаза берсек, эртең эмне болот? Элдин музыкалык табити ушундай болуп жатпайбы дебестен, ошол табитти биз калыптандырсак, жок дегенде ошого аракет кылсак болот эле.
– Кыргыз обондоруна гана таандык уникалдуу кайрыктар, изюминкалар такыр жоголуп кетиши мүмкүнбү?
– Ооба, мындай коркунуч бар. Бирок таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн эмес го. Анткени аз да болсо бул багытта иштеп жаткандар бар. Ошондуктан коркунуч дагы бар, үмүтүбүз да жок эмес.
– Обону сизге таандык айрым белгилүү ырларды атап, алардын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз...
– Эң алгачкы чыгармам – белгилүү акын Райкүл Мамырованын “Эгер мен” деген ырына жазылган обонум. Анда Союз убагы, “Ленинчил жаш” деген гезиттен эжекебиздин ырын окуп калдым. Ырдын алгачкы эки куплетин окуганда эле көмөкөйдөн бир обон чыгып калды. Башында ал ырды өзүбүз театрларда ырдап жүрдүк, кийин куудулдар театрынан ырчы Дилбар Райымбековага жолугуп калып ырды угузсам жактырып ырдап чыкты. Анан “Эгер мен” телеканалдардан көрсөтүлүп, радиолордон кете баштады, клип да тартылды. Андан кийинки “Ала-Тоом” деген чыгармамды Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анарбек Ибраев ырдап жүрөт, бул ыр көбүнчө мамлекеттик иш-чараларда ырдалат. Мага орус композитору Игорь Крутойдун чыгармачылыгы жагат, анан ошого таасирленип марш стилинде жазгам. Сөзүн болсо Асанбек Абыкеев деген бир акын байке жазып берген. Ыр 1998-жылы жаралган, бирок биринчи жолу 2003-жылы Улуттук филармонияда ырчы Алтынбек Сапаралиев ырдап чыкты. Кийин 2005-жылы Ысык-Көлдө патриоттук ырлардын сынагы болгондо ушул ырымды Анарбек Ибраев ырдап, баш байгени утуп алды. Дагы бир обонумду Гүлнур Сатылганова ырдап жүрөт, “А мен каалаарым” деген чыгарма.
– Гитараңыз азыр сиздин сырдашыңыз болуш керек, бул аспапка эмнеден улам кызыгып калгансыз?
– Ооба, гитараны биринчи жолу 5-классымда колго алгам. Анда байкем Каныкей Эралиеванын ырынын бир сабынын эле обонун черткенди билчү, ошону мага үйрөтүп койду. Күндө ошол жерин чертем... Анан бир күнү өзүм эле калганын улантып чертип кеттим, аябай кубанып, байкеме айтсам ишенбей койгон. Көрсө, ошондо талантым жаңы ачыла баштаган окшойт да... Саякбай Каралаев атабыздын кичи мекени болгон Ак-Булуңда төрөлүп-өскөм, балалыгым жайлоодо эле өттү. Жазында мектептен бир ай эрте кетип, күзүндө мектепке бир ай кеч барат элем. Жайлоодо жүрсөм да гитарам колумдан түшпөйт эле.
– Жакында Бишкекте концерт бергени жатыпсыз, концертте кандай өзгөчөлүктөр болот?
– Ооба, буюрса, отчёттук концерт берүүнүн алдында турам. Отчёттук дегеним – наамды алдык, бирок эл арасында “бул кайсы эмгеги үчүн алды болду экен?” деген суроо болушу мүмкүн да. Ошон үчүн ушул концертти берүүнү туура көрүп, аракеттенип жатабыз. Ал эми концертте боло турган өзгөчөлүктөр азырынча сыр бойдон кала турсун (күлүп). “Миң уккандан бир көргөн артык” дейт эмеспи, келип күбө болуп кетиңиздер.
– Инсан катары кандай адамсыз? Сыртыңыздан мүнөзү катаал адамдай көрүнөсүз...
– Ооба, негедир көптөр ушинтип айтышат. Негизи жумшак эле адаммын, чыгармачыл адамдар баары бир жан дүйнөбүз назик, сезимтал болот экенбиз.
– Сизди коомдогу кайсы көрүнүш көбүрөөк ойлонтот же капалантат?
– Тилибизге күйөм, муктаждык болбосо деле негедир көпчүлүк орусча сүйлөшөт. Айрыкча жаштардын дүкөнгө кирип “хлеб барбы?” деген сыяктуу сөздөрү кыжырдантат. Кайда барба, кейиштүү абал, көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардан баштап, бийик трибуналарга чейин... Коомдук унаада баратып көчөлөрүбүздүн бир жакшынакай аттарын бурмалап айтабыз. Телефондун айынан азыр эми жадакалса айыл жергесинде балдардын тили башка тилде чыгып калыптыр.
– Жеке жашооңуз кандай түптөлүп, кандай уланды? Үй-бүлө, дос-жар, сүйүү тууралуу сүйлөшсөк...
– Тагдыр ушундай экен, биринчи жубайым менен эки айрылыш жолго түшкөнүбүзгө көп жыл болуп калды. Анын колунда бир кызым бар. Азыркы келинчегим экөөбүздүн эки кыз, бир уулубуз бар. Келинчегиме абдан ыраазымын, менин чыгармачылыгымды түшүнүп, колдоп, коштоп келе жатат. Билесизби, бул жашоодо эң жакын досуң жубайың эле болот экен. Кудайга, анан келинчегиме эле ишенем (күлүп). Жашообузда көп кыйынчылыктар болду, ачка калган, акчасыз жүргөн күндөр баштан өттү дегендей. Бирок жубайым бир да жолу “сен үй-бүлөңдү багышың керек, ташта чыгармачыгыңды” деп айткан жок, дайым түшүнүү менен кабыл алып, сабыр кылып жашады. Азыр эми Кудайга шүгүр, баары жакшы. Достукта да абдан көп сыналдым, сындым, такшалдым, бара-бара иргелип отуруп жанымда саналуу эле достор калды. Аз болсо да саз болгону жакшы дейт эмеспи, ошондой абал.
– Сизге эркин микрофон берүү менен маекти жыйынтыктасак...
– Рахмат. Элибизге, жерибизге тынчтык каалайм. Жамандыктан алыс болуп, ар дайым музыка эле жаңырып турсун!
Асел Нурбекова