Бул ирет “Супер окурман” рубрикабыздын каарманы Чүйдүн Москва районунун тургуну, биздин гезиттин 20 жылдан берки туруктуу окурманы Кабылтай Дунганов. Ал редакциябызга келип, гезит окуунун ырахаты, пайдасы жана таасири тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.
“Биринчи окуганда эле жагып калды”
– Москва районунун Садовое айылында жашайм. Учурда ардактуу эс алуудамын. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө иштегем. Аскердик чиним – полковник. Мындан 20 жыл мурун “Супер-Инфо” гезити алгачкы жолу колума тийгенде анын ар тармактуу маалыматтарга бай экендиги, макалалар жөнөкөй тил менен кызыктуу жазылгандыгы мени таң калтырган. Спорт, ден соолук, шоу-бизнес, сканворд, маданият, сериал, айтор, кызыктуу маалыматтын баарын тапсаң болот экен. Бир да бетин калтырбай окуп чыктым, жагып калды. Ошондон бери үзбөй сатып алып, окуп, архив кылып сактап келем.
“Так, түшүнүктүү жазышат деп тааныштарым да макташат”
– Бул гезитти үйдөгүлөр талашса “өзүңөр башка сатып алып окугула, меникине тийишпегиле” деп коём. Антсем “тим эле көзүңдүн карегиңдей сактап, бооруңа басып алып окуйсуз. Гезиттен коргон курат окшойсуз” деп тамашалап калышат. Эскирип, айрылып калбасын деп аярлап, кастарлап сактайм да.
“Супер-Инфону” окуган башка тааныштарым да гезиттеги макалалар кызыктуу, так, түшүнүктүү жазыларын айтып калышат.
“Дароо сканворддон баштайм”
– Адегенде сканворд толтуруудан баштайм. Анткени ал мээге дары таблеткадай эле таасир этип, активдүү иштетип, эс-тутумду бекемдеп, жаңы сөздөрдү үйрөтөт. Мээси пассивдүү иштегендер эрте алжып калат деген маалыматты окугам. А сканворд мээге даяр “тренажёр” да. Негизи гезиттен “Ыйман жана салт”, учурдагы актуалдуу маселелерди көтөргөн “Мезгил үнү”, “Илим жана техника”, “Дил маек”, “Ден соолук” рубрикаларында макалалардын көп жазылышын каалайм. Бир кезде балдарга арналган бет бар эле, балдар да талашып окуйт эле. Пандемия маалында гезит убактылуу онлайн форматка өткөндө чөнтөк телефондон окуй албай жүдөгөм. Колго кармап, ырахаттанып окуганга не жетсин!
“Гезитти окуп бүткүчө ар кандай эмоцияларга кабылам”
– Криминалдык окуялар жазылган макалаларды окуганда кейийм. Кылмышка барган жапжаш балдарды көрүп “убагында ата-энеси жакшы тарбия бербей калган го” деп калам. Айтор, гезитти окуп аягына чыккыча түрдүү маалыматтарды алып, түрдүү эмоцияларга кабылам. Каармандардын маегиндеги күлкүлүү жерлерине күлүп, ойлондурган жеринде ойлонуп, кейий турган жеринде кейийсиң. Гезит мени ушинтип ээрчитип отуруп окутат. Кээде берилип кетип, кыла турган ишимди да унутуп калам. Кабар алып, мени “Супер окурман” деп гезитке чыгарып жатканыңыздарга рахмат! Арышыңар арбый берсин! Басылмалардын алды болуп жүрө бергиле!
Канымжан Усупбекова