Үмүт жандырган жеңиш: «Ак шумкарлар» дүйнө чемпиондугуна чыга алышабы?

Спорттобу, кайсы бир иш-чарадабы Кыргызстан деген түшүнүккө келгенде жүрөктөр башкача согуп, бардык жарандар биримдикке келе түшөт эмеспи. 25-март да дал ушундай футбол күйөрмандарынын башын бириктирген күн болду. Дөлөн Өмүрзаков атындагы футболдук талаада жан берип колдоп турган күйөрмандардын үмүтү акталды. «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 3-айлампасынын алкагында эки жолку Азиянын чемпиону аталган Катар курама командасын 3:1 эсебинде жеңип, күйөрмандарга чексиз кубаныч тартуулашты. 

Дүйнө чемпиондугу тууралуу ойлоно алабызбы?

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 2025-жылы алгач ирет үйдө өз жеңишин камсыздады. Футболдук беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын алкагында болду. Буга чейин өткөн аптада Кыргызстан Өзбекстан курама командасына 1:0 эсебинде утулган эле. Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-айлампага чыгып, Иран, Өзбекстан, Катар, Түндүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары менен А тайпасында беттешип жаткан учур. Тайпада Иран курамасы буга чейинки алты беттеште утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр тайпанын эсептик жадыбалында 19 упайы менен Иран сап башынан орун алса, 16 упай менен экинчи орунда Өзбекстан келе жатат. Кыргызстан 6 упай менен 5-сапта. Кыргыз курамасы алты оюнда утулуп, 2 оюнда жеңишти камсыздашты. Андыктан бул жеңиш маанилүү болчу. Кыргызстан менен Катардын беттешинин биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Беттеш чыңалууда өттү. Кошумча мүнөттө гана Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин алгачкы голду киргизип күйөрмандарды кубантты. 2-таймда Катардын оюнчусу Ахмед Сухайль эсепти теңеди. 56-мүнөттө Катардын оюнчусу Лукас Мендеш "кызыл карточка" алып, Катар курамасы бир оюнчуга кемиди. Андан кийинки  голдорду Александр Мишенко (82), Алимардон Шүкүров (90+3) киргизишип, Мишенко голун кош бойлуу жубайына, болочок наристесине арнады. Ал эми Шүкүров атасына арнап “ата, туулган күнүңүз менен” деген кийиминдеги жазуусун көрсөттү. Бул жеңиш кайрадан күйөрмандардын үмүтүн жандырып койду.

Бул 3-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионлңдугуна биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген. 3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпиондукка жолдомону камсыздайт.

Валерий Кичин, кыргыз курамасынын капитаны жана бул беттештин мыкты оюнчусу: «Ар бир жеңиш ишенимди арттырат»

– Албетте, жеңиштен кийин бир гана жакшы сезимдер болот да. Азиянын чемпиондорун жеңгенибиз абдан жагымдуу болду. Жеңил эмес ишти жасадык, беттеш оор болгонуна карабай татыктуу оюн көрсөттүк. Бул үчүн улуттук курамдын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдиребиз. Гол тууралуу айтсак, биз бул учурга даярданганбыз. Кайсы бир учурда ыңгайлуу жагдай болуп, мүмкүнчүлүктү пайдаландым, топко эч ким жетишпей калды. Ар бир жеңиш ишенимди арттырат да, муну менен биз 4-баскычка чыга турган мүмкүнчүлүгүбүздү сактап жатабыз. 

Алимардон Шүкүров, футболчу: «Бул жеңишибиз бизге кайсы бир деңгээлде үмүт берди»

– Бул жеңишти биз абдан күттүк. Өз үйүбүздө мындай команданы жеңгенибиз үчүн абдан кубанып турам. Мындай күндү көп кыялданчумун. Бул жеңишибиз бизге кайсы бир деңгээлде үмүт берип жатат. Алдыдагы эки оюн финалдык оюндар болот. Ал беттештерде ушундай жеңишти камсыздаганга аракет кылабыз. Бизди колдоп турган күйөрмандарга чоң рахмат. Ар дайым өз үйүбүздө ойногондо абдан ишенимдүү ойнойбуз. Анткени күйөрмандар бизди абдан жакшы колдоп келишет

Гүлжигит Алыкулов, футболчу: «4-баскычка өткөнгө бар аракетибизди жасайбыз»

– Катар эки жолку Азиянын чемпиону. Биз бүгүнкү оюнду жеңгенибизге чын жүрөктөн кубанычтабыз. Бүткүл күйөрмандарды бүгүнкү жеңиши менен куттуктайм. Бул жалпы күйөрмандардын, кыргыз элинин жеңиши. Дагы да ушундай оюндарды көрсөтө турган болсок, буюрса, алдыга чыгабыз. Болгон күч-аракетибизди жумшап 4-баскычка өткөнгө бар аракетибизди жасайбыз. Көбүрөөк машыгып ушундай оюндарды көрсөтүп, жетишкендиктерге жете берели, буюрса. Голго айлана турган пас бергениме кубанычтамын. Кыргызстанга жеңиш алып келген бул гол үчүн Алимардонду чын жүрөктөн куттуктайм. Ал менин жакын досум. Экөөбүз ар дайым курама чогулганда бир бөлмөдө жашап келебиз. 

Бексултан Усеналиев, спорттук журналист: «Катардын учурдагы деңгээли өтө мыкты эмес. Андыктан буларды жеңе турган учур келген»

– Негизи беттеш биз үчүн эле эмес, нейтралдуу күйөрмандар үчүн дагы кызыктуу болду. Бир команда жеңилип жатып, жеңип кетсе бул кызыктуу көрүнүш да. Бир жагынан караганда анык фаворит Катар эле. Муну көпчүлүк сенсация катары карап жатса, айрым серепчилер үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени биздин команда ушуга даяр болчу. Анткени буга чейин Өзбекстан менен болгон беттеште биздин команданын деңгээлин көргөнбүз. Анын үстүнө Катар курама командасы дагы учурда эң жакшы абалында эмес. Ооба, булар 2 жолу Азия чемпиондугун жеңишкен, бирок учурдагы деңгээли өтө мыкты эмес. Андыктан буларды жеңе турган учур келген. Ушул тапта биз Дүйнө чемпиондугу тууралуу ойлонсок деле болчудай. Эми түздөн-түз чыга албайбыз. Алдыда 4-раунд турат, ошого чыгышыбыз керек. Ал үчүн Катар курама командасы алдыдагы 2 беттешинде тең жеңилиши керек. Биз алдыдагы 2 беттешибизди тең жеңишибиз керек. Бириккен Араб Эмираты менен биз өз үйүбүздө, Түндүк Корея менен конокто кездешебиз. Позитивдүү эмоция менен айтсак, 4-раундга өткөнгө биздин курамдын 60 пайыз мүмкүнчүлүгү бар. 

Динара Акимова       

 

 

 

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан