Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бермет түшүнөн чочуп ойгонду. Кимдир бирөөнүн арбайган колдору уулу Ариетти кармайын деп жаткан экен. Ал колдордон коркуп Ариет качканы жатат, бирок тиги коркунучтуу колдор коё берчүдөй эмес. “Кач, Ариет, кач, уулум” деп айтайын дейт, тамагы кургап, тили күрмөөгө келбейт. Жан талашып баласына жакындайын дейт, майыптар арабасында отургандыктан жыла албайт. Куюн баласын ороп бара жатты. Кайдан-жайдан балдарынын өз атасы Али Акай келе калды. Коркуудан жүрөгү титиреген Бермет ойгонуп кетти. Келме келтирип, бир топко өзүнө келе албай жатты. Бул эмне деген түш? Каран күн ай, дагы эмне деген сыноо күтүп турат буларды? Балдары бир калыпта дем алып уктап жатышканын көрүп жүрөгү эс ала түштү. Ошентсе да түйшөлүп, эч уктай албай койду. Тагдырына жазылган, кайыптан табылган эки баланы кантип коргоп алсам дегенде эки көзү төрт. Бул үчүн жанын бергенге даяр эле. Бирок анын жарым жаны кимге керек?..

– Балам, сенин мектебиңде баары жакшыбы?- деди эртең менен тамак ичип отурушканда.

Ариет адатынча токтоо үн катты.

– Албетте, баары жакшы, апа.

– Сабактан кийин эле үйгө кел, макулбу?

– Бүгүн ишке барам да, апа.

– Барбай эле койчу, балам, эмнегедир өзүмдү жаман сезип турам. Окууңдан чыкканда эле үйгө кел,- деди бир нерсени сезгендей.

Балдарын мектепке жибергенден кийин деле тынч ала албады. Улам эшикти карап жатты. Түшкө маал кызы келди. Кеч кирди, бирок Ариет кечиге берди.

– Айсулуу, байкеңе телефон чалчы.

– Жооп бербей жатат, апа.

Чалып жатты. Бир кезде “абоненттин телефону өчүрүлгөн” деген жооп угулду. Берметтин жүрөгү солк дей түштү. Ариет эч качан телефонун өчүрүп, кабарсыз кетчү эмес. Ушунчалык жоопкерчиликтүү болчу, бир аз кармала турганын да айтчу.

– Соо болбой калды, менин түшүм жакшы эмес эле. Айсулуу, кызым, кел, мени кийинт. Эптеп издейли.

– Апа, биз кайсы жакта иштейт билбейбиз да.

– Мен билем балам.

Ариет машине жууп иштеп жүргөн жерге келишти. Эшиктери бек, эч ким жок. Шалдайып туруп калышты.

– Апа, мен коркуп жатам,- деди ыйламсыраган Айсулуу.

– Коркпо, балам, таң атканга аз калды. Бирөө-жарым келет. Сурайбыз.

Апасы кайраттуу көрүнөйүн деп аракет кылса да окшошпой жатты. Үнү дирилдеп жатканын жашырып, ичинен дуба кылып жатты бечара эне. Таң атып, күн чыгып калган мезгилде машине жуучу жайдын ээси келди. Майыптар арабасында отурган аялды, секелек кызды көрүп таң кала түштү.

– Силер кимсиңер?

– Саламатсың, мен Ариеттин апасы болом. Силерде иштейт го... Түндө уулум келбеди. Телефону да өчүк.

– Аа, аныңарды милиция алып кетти,- деди тиги кайдыгер гана.

– Эмне-ее?

– Ушул жерде баңгизат сатып жүргөн экен. Өзүнүн кардарлары да бар имиш. Рюкзагынан тинтүү учурунда чыкты.

– Ариет эч качан андай кылбайт!- деп кыйкырып жиберди Айсулуу.

Азыр колунан келсе жаман кабарды айткан немени эки чайнап, бир жуткусу бар.

– Энең-ң, кимсиң сен мага?!- деп сөгө берген кишиден Бермет кызын корголой калды. Тиги сүйлөнүп жатып кайсы жакка алып кетишкенин айтты.

Айласы жок майыптар арабасындагы эне, секелек кыз, булардын колунан эмне келмек? Кимге үнү жетип, кимге кайрылышмак? Бермет ойлонуп башы маң болду. Уулуна эптеп жолукту. “Апа, мен эч нерсе кылбадым. Рюкзагыма ким салып койгонун билбейм. Апа, мага ишен” деген үнү кулагында. “Ишенем, каралдым, сага ишенбегенде кимге ишенем? Сен да мага ишен. Бул жерден сени чыгарам. Кандай болсо да чыгарам” деди жүрөгү үзүлүп кетчүдөй жалынган апа. Дал ошол мүнөттө түшү туш келгенин билди. Эми Али Акайга өзү бара турган болуп чечим чыгарды.

 

ххх

Кечки убак эле. Жумуш убактысы бүтүп калган убакта Али Акайдын телефонуна чалуу келди.

– Саламатсызбы?

– Саламат...

Телефондогу үн токтоп калды.

– Алло, кимсиз?

Мукактанган эне дароо сүйлөй албады.

– Алло, кимге чалып жаттыңыз эле?

– Али, мен сизге чалып жатам. Мага жардам керек.

– Кечиресиз, мен азыр бош эмес элем. Редакциядагы башка бирөөгө айтайын.

– Жалгыз сиз гана жардам бере аласыз!

- Менден башка адамдар да бар. Сиздин номериңизди аларга берип коём,- деп тутканы коймок болгон Алини тиги аялдын бир сөзү токтотту.

– Эгерде өз балаңа жардам берүү керек болсо да ушундай баш тартмак белең?- деди сенге өткөн үн.

– Эмне деп жатасыз?

– Мен өз уулуң үчүн жардам сурап жатам.

– Кечиресиз, мага мындай тамаша менен көп жолу телефон чалышкан. Акчам да, бере турган башка эч нерсем да жок. Сиз биринчиси да, акыркысы да эмессиз, андыктан...- деп бара жаткан Алини аялдын кескин үнү токтотту.

– Мага акчанын кереги жок. Өз эрким менен эч качан бул сырды айтмак эмесмин. Аргасызмын...

Аялдын үнү ушунчалык муңканып чыкты. Алинин жүрөгү тыпырап кетти. Бул сезимди ал эң жакшы билет. Үмүт аны ушунчалык жакындатып келип, бир убакта табы кайткан чоктой муздайт. Ар бир үмүт жүрөгүн эңшерип кетет. Ошону билип турса да баш тарта албады.

– Өх, чарчадым,- деди ал. – Сиздейлерден... Ким экениңизди билбейм. Эмне айтарыңызды бирок билип турам. Баарын таштап, адамгерчилик менен бир эле секундга ойлонуп көрүңүзчү. Сиз ушунча жыл балдарын издеген атанын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүзчү...

Ушул учурда тутканын ары жагынан Айсулуунун “апа” деп кыйкырган үнү угулуп кетти. Телефондон дал Элестин үнүн уккандай сезилди Алиге. Бүткөн бою дүркүрөп кетти. Оозуна сөз келбей калды. Ошол замат телефон өчүп калды. Бермет кызы келгенде телефонду басып жиберген эле. Али калтыраган колдору менен өзүнө чалган номерди тере баштады. Тутканы алган жок. Кайра-кайра чала берди. Бир кезде телефонду алды.

– Сиз каяктасыз?- деп бакырып жиберди Али.

– Кызым уктаганда үйдөн чыгам. Жеткен жеримден дарек жөнөтөм, ошол жерге кел,- деди аял шыбырап. Ушинтти да тутканы коюп салды.

Саат чыкылдайт. Жебеси он экини көрсөткөндө гана Алинин телефонуна “чыңк” деп билдирүү келди. Дароо көрсөтүлгөн дарекке жөнөдү. Караңгыда дүпүйгөн бак-шактуу паркка чакырган экен. Алыстан майыптардын арабасында отурган, жоолук оронгон аялды көрдү. Жанына жакын келди. 50 жаштардагы арыкчырай, сулуу аял экен.

– Сиз кимсиз?

Айдын жарыгында жүзүн даана көрдү, салаалаган көз жаштар ээк ылдый агып турган экен. Аял унчукпай колундагы сүрөттөрдү берди. Али колуна алып карай баштады. Балдары экен! Жоголуп кеткен учурдагы курактары... Андан бир аз чоңойгону, анан кийинки жылдагы кебетелери, аягында азыркы убагы... Ар түрдүү сүрөттөр эле. Буттарынан ал кетти. Чөгөлөй калды. Телефонунун жарыгын жандырып алып сүрөттөрдү кайра-кайра карап жатты. Ошолор! Айдары, Айсулуусу... “Оо, Жараткан, ыраазымын!” деди ичинен. Сүрөттөрдү кармалап, жыттап, көкүрөгүнө кысып жатты. Өз колу менен балдарынын бактысы үчүн сырды ачкан эне да ыйлап жатты. Ушунча жыл үмүт менен жашап, балдарын акыры тапкан, амандыгын билген ата да ыйлап жатты. Экөөсү тең өз арманы, өз күйүтү менен, бирок балдары үчүн ыйлап жатышты... Алардын жашоодогу статусу, билими, жашоосу, таптакыр бири-бирине окшобойт эле. Бирок аларды ыйлаткан, мөгдөткөн, тизе бүктүргөн бир нерсе окшош болчу. Ал – бала сүйүүсү эле...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан