Белгилүү ырчы, окутуучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева жакында концерт берип күйөрмандарын кубандырганы турат. Концертте кызы Бегайым да ырдап, элге талантын тартууламакчы. Асел айым менен чыгармачылык, жашоо, “Келиндер козголоңу” долбоору тууралуу пикир алыштык.
– Асел эже, саламатсызбы? Көптөн бери чоң концерт бере элек экенсиз, бул жолку жеке концертиңизге абдан даярдандыңыз окшойт?
– Башында негизи жеке концерт берсем деп пландаган элем. Анан “Келиндер козголоңу” боюнча суроо-талап абдан көп болгондуктан, концерттин режиссёру Эркин Эгембердиев менен кеңешип, концертти эки бөлүк кылып бере турган болдук. Биринчи бөлүгүндө жаңы жана эски ырларымды оркестрдин коштоосунда аткарсам, экинчи бөлүгүндө жаңыланган “Келиндер козголоңу” спектакли коюлат. Сценарийди кайрадан жазып, азыркы учурга ылайыкташтырдык, ырчылар, актёрлор, анан студенттеримдин катышуусунда чоң шоу-программа даярдап жатабыз. Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер менен кошо жаңыдан чыгып келе жаткан жылдыздарыбыз дагы спектаклде роль алышты. Көп нерсе өзгөрсө дагы кайненебиз алмашкан жок, эл арасында Сакиш аты менен таанылган сүйүктүү куудул айым Айнура эжебиз аткарат. Эми калганы сыр бойдон калсын (күлүп). Мени кубантканы – элдин чыгармачылыгыма болгон кызыгуусу, мынчалык суроо-талап болот деп, чынын айтсам, күткөн эмесмин. Анан бул жолу мени сахнага кызым да коштоп чыгат, буюрса. Азыр билек түрүп даярданып жаткан учурубуз.
– Сиз курактуу айрым ырчылар эрте эле сахнадан алыстап кетишти. Сизди чарчатпай энергия, эргүү тартуулап турган ким же эмне экенин айтсаңыз...
– Сүйүү. Жашоого, чыгармачылыкка болгон сүйүү. Билесизби, ырдаганда жашоо жаркырап, асан-үсөндөй болуп түркүн түскө боёлуп көркүнө чыга келет. Анан албетте, элдин колдоосу. Күйөрмандарым ырларымды угуп, колдоп-коштоп кол чаап турганда дагы да ырдагым келет, жан дүйнөм жаркып кубанып калам.
– Өткөн күндөргө кайрылсак, кайсы жылдарды өзгөчө сагынасыз? Эмне үчүн?
– Өткөндү өзгөртө албагандан кийин кайрып алуунун деле кажети жок деп ойлойм. Ар бир курактын өзүнүн кызыгы, маңызы болот экен да. Андыктан артка карап кылчайып, өткөндү эстеп кубансам да, кайгырсам да, алдыга умтулуп жашап келем. Менимче, жашоонун кызыгы мына ушул алдыга умтулуп жашоодо деп ойлойм.
– “Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин” демекчи, ырчы катары бийик ордуңуз бар экени талашсыз. Өзүңүзгө ыраазысызбы?
– Албетте, Кудайдын куттуу күнү шүгүр деп келем. Бирок укмуш кыйраттым дей элекмин, дагы деле кыла турган, жасагым келген иштерим көп. Көптөн бери адамзат жөнүндө ырдагым келип жүргөн, мына, буюрса, чыгарма даяр болду. Сөзүн Бактыгүл Сейитбекова эжекебиз жазып берди. Алдыда пландар көп, буюрса. Концертке даярданып жатып, кийинки концертти дагы пландаштырып жатам. “Сахнада 35 жыл” аттуу концерт болот, кайсы чыгармаларды кошом, кандай кылам дегендей... Ошондуктан баары алдыда го, алдыга койгон пландарыбыз түгөнбөсүн, умтулуп эле жашай берели.
– Кыргыз маданиятынын, эстрадасынын азыркы абалы сизди канааттандырабы? Улуу муундагы ырчылар жаштардын музыкалык табити бузулду дешет. Сиз кандай ойдосуз?
– Эч качан кыргыз маданиятынын абалы өкүндүрөт дебейм. Карасаңыз, ырлардын форматы өзгөрүп кетти, азыркы жаштардын ырдаган ырлары такыр башкача. Бул нерсени өзүмдүн эле студенттеримден, башка жаш ырчылардан көрүп жатам, бул да болсо өзүнчө бир прогресс. Убагында “Тахти-тахти-тах-тах” деп ырдап чыкканымда мени деле кабыл албагандар болгон, “бул эмне, бир ордунда турбай эле тарталаңдап...” дешип. Жаштардын акын, композитор, музыканттар менен бирге иштешип жаңыча эмгектерди жаратып жатканы мен үчүн дагы бакыт. Эски ырларды жаңыртып жаңы дем берип жатышат, менин “Жаз жамгыры” деген ырымды Марс деген бала ырдап чыкты, оригиналдуу ырдаптыр, мага жакты. Жакында болчу концертте мен 90-жылдары ырдаган ырды кызым ырдап чыкканы жатат. Азыр музыкант, аранжировкачылар менен чогуу даярданууда, мен такыр кийлигишкен жокмун. Ошол эле ыр, бирок такыр башкача дем бериптир, ушундай сонун бир чыгарма болуп калыптыр. Ошондуктан азыркы жаштардын музыкага болгон табити бузулду деп эсептебейм, чынында, таланттуу жаштарыбыз көп.
– Эгер 20 жаштагы өзүңүзгө кеңеш берчү болсоңуз, эмне демексиз?
– Бул нерсени ар дайым студенттериме “эч кимди укпагыла, өз тандооңорду өзүңөр кылгыла” деп айтып келем. Жашоо бир келет, ооба, бизди ата-энебиз бул дүйнөгө алып келет, бирок жашоону биз жашайбыз да. Туура болобу, туура эмеспи, жашоо биздики. Болгону тандоо жасаарда, бир чечим кабыл аларда “жети өлчөп, бир кес” дегендей, терең ойлонуп туура чечим кабыл алганга аракет кылыш керек. 20 жаштагы өзүмө деле дал ушул кеңештерди айтмакмын.
– Акыл токтотуп калган курактагы инсан катары караганда, жашоонун маңызы эмнеде экен?
– Адамдын жашоосу өзүнүн колунда экен да. Жашоого кандай карасак, ал дагы ошондой болот. Анан эң негизгиси, бул жашоону сүйүп, анан ыраазы болуп жашаш керек экенин түшүндүм. Кошумчалай кетсем, кечиримдүүлүк дагы абдан керек экен, биринчи эле өзүбүзгө.
– Эл көзүндөгү адамсыз. Кээде “рамкадан” чыгып, эмне дешсе ошо дешсин деп жан дүйнөңүз каалаган нерсени жасагыңыз келген учурлар болобу?
– Албетте (күлүп). Эл эмне десе ошо десин деген учурлар болот, бирок такыр эле “рамкадан” чыгып кетпейм. Биринчиден, мусулманбыз, ата-энебиз, мектеп бизди ар дайым ыйман, ынсап деп тарбиялаган. Экинчиден, мени карап турган балдарым, неберелерим бар, алардын алдында жүзүм жарык болушу керек.
– Кыргыз тили кордолуп жатат десек, кошуласызбы?
– Жарым-жартылай кошулам. Кээде мага дагы социалдык тармактардан “орусча кошпой эле сүйлөбөйсүзбү” деп жазып калышат. Мен эми Совет доорунда өстүм, фундамент ошол Совет мектебинде куюлду дегендей. Албетте, орусча аралашты, бирок мен бул нерседен орус болуп кеткен жокмун да. Баягы эле кыргыздын карапайым кызы Аселмин.
– Маданият министри болуп калсаңыз, эң алгачкы 3 чечимиңиз кайсылар болмок?
– Бул кызмат меники эмес. Меники – кыргыз эли үчүн чыгармаларымды тартуулап, мугалимдик кесибим менен жаштарга жакшы тарбия берип эмгектенүү (күлүп). Эми ошончолук эле бир нерсе болуп, мага ошондой сунуш түшүп, мен аны кабыл алып калган болсом... “Театр кийим илүүчү жайдан башталат” деп коёт эмеспи, так ошол жерден баштап баарын тазаламакмын.
– Бүгүнкү планыңыз... Биздин маектен кийин кайсы жакка барасыз жана эмне кыласыз?
– Азыр эми репетициядан кийин жакын санаалаштар менен кыска бир жолугушуубуз бар. Андан кийин үйгө, эс алып уйкуну кандырыш керек (күлүп).
Асел Нурбекова