Алтын альянс  Талас облусундагы мектептерге заманбап жабдууларды белек кылды

Үстүбуздөгү жылдын 27-мартында "Альянс Алтын" компаниясы Талас облусундагы мектептерге заманбап жабдууларды тапшыруу иш-чарасын өткөрдү. Бул демилге компаниянын демөөрчүлүгү менен ишке ашып, облус аймагындагы билим берүү мекемелерин техникалык жактан жакшыртуу максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусундагы 11 мектепке заманбап компьютерлер, интерактивдүү панелдер жана принтерлер тапшырылды. Бул жабдуулар окуучуларга технологиялык жеткиликтүүлүктү камсыздап, мугалимдердин окутуу процессин жеңилдетүүгө жардам берет. Өткөн жылы дагы ушундай эле жабдуулар компания тарабынан алынып берилгенин компаниянын өкүлү Асман Ташматов билдирди: “Келечек муунга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүүдө “Альянс Алтын” компаниясы дайыма өз көмөгүн көрсөтүп келет. Интерактивдүү технологиялар окуучулардын билим алуусун дагы да кызыктуу жана жеткиликтүү кылат деген ойдо былтыр дагы облусубуздагы бир нече мектепке жана Талас мамлекеттик университетине ушундай эле жабдууларды тапшырганбыз. Бул жылы дагы облустагы 11 мектепке тапшырдык", – деди Ташматов.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да катышып, жаш муундун заман талабына ылайык билим алуусуна көмөктөшкөндүгү үчүн “Альянс Алтын” компаниясына ыраазычылыгын билдирди. 

Андан тышкары мектеп администрациялары жана ата-энелер мындай колдоого ыраазычылыктарын билдиришип, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эске сала кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы Талас облусундагы “Жер үй” алтын кенин иштетип келет. Буга чейин да компания “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду менен биргеликте билим берүү тармагындагы бир катар долбоорлорго каржылык көмөгүн көрсөтүп келген.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан