Бишкектеги Панфилов сейил багында катарынан эки кырсык катталды. 23-мартта аттракциондордун биринин ичинде эки бала отурган кабинкасы кулап түшкөнү маалымдалган эле. 31-мартта аттракциондун коопсуздук куру үзүлүп, 19 жаштагы кыз оор жаракат алды. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген, учурда абалы канааттандырарлык. Кыз денесинен бир нече жаракат алганы кабарланды. Адаттагыдай, жооптуу органдар кырсык катталгандан кийин кыймылга келишти. Аталган сейил бактагы оюн-зоок жабдууларынын иштеши убактылуу токтотулду. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кооптуу аттракциондорду токтотуунун бирдиктүү тартиби иштелип жатканын кабарлады. Ал эми милиция 31-марттагы окуя боюнча териштирүү ишин баштап, аттракциондун ээсине 35 миң сом айып салынып, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Буга чейин Ош шаарындагы аттракциондордон да жарандар кулап, оор жаракат алган учурлар болгон. Кырсыктан кийин гана шаймандардын абалы, коопсуздугу текшерилип калат.