Өлкөдө сугат сууга жаңы тарифтер киргизилди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев буга чейин сугат суусуна чогултулган акча натыйжасыз пайдаланылып келгенин айтат. Министрдин айтымында, өлкөдө 28 миң чакырым сугат каналы бар, анын 22 миңин сугат сууну колдонуучулар ассоциациясы көзөмөлдөгөн. Бирок топтолгон 1-1,5 миллиард сомдун кандай сарпталганы белгисиз болгон. Жаңы систем боюнча, 15 райондо, сугат суу тартыш болгон аймактарда 1 гектар жер үчүн 250 сом, калган аймактарда 500 сом төлөнө баштайт. Эгер суу жетиштүү берилбесе, фермерлер сумманы толук төлөшпөйт. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул жаңы тарифтер боюнча элде нааразычылык бар экенин белгилеп, Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды. Ал министрликти реформалоо зарыл экенин айтып, тариф саясаты так аныкталбай жатканын белгилейт. Депутат “айыл чарба иштери башталды, бирок министрлик дагы эле чечим кабыл албай жатат” деп нааразы болду.