Дүйнө калкынын саны 8 миллиард 50 миллион 176 миң адамга жетти. Бул тууралуу World Population Review уюму жарыялады. Маалыматка ылайык, калкы эң көп өлкөлөрдүн сап башында – Индия (1 миллиард 463 миллион 870 миң адам), Кытай (1 миллиард 416 миллион 100 миң адам) жана АКШ (347 миллион 276 миң адам) турат. Белгилей кетсек, көп жылдар бою бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда Кытай турган, 2023-жылы Индия аны басып өтүп, элинин көптүгү боюнча лидерликке чыккан.
Айта кетсек, Кыргызстанда азыркы учурда 7 миллион 295 миң 30 адам жашайт. Ал эми дүйнөдөгү эң аз калктуу өлкө – Ватикан, анда болгону 501 гана адам бар. Адистердин айтымында, калктын саны өсүүдө, бирок айрым мамлекеттерде туруктуу жашоочулардын саны азайып бара жатат. Демографтардын божомолунда, алдыдагы жылдарда дүйнө калкынын өсүү ыргагы басаңдашы мүмкүн.