Гүлназ Эсенжан: “Курулуш Осмон” сериалында  эмнеге кыргыздар жок деп намыстандым”

“Мекенди сүйүү эч бир жерде окутулбайт, ал нерсе адамда башынан болот же такыр болбойт” деп бир инсандын айтканы эсимде. Бул жолку каарманым Гүлназ Эсенжан ошол сөздүн аныгын ырастап тургансыйт. Гүлназ айым түрктөрдүн “Курулуш Осмон” тарыхый сериалында 5 жылдан бери эмгектенип келе жатыптыр. “Түрк тарыхында кыргыздын орчундуу орду бар деп мамлекет аракет кыла турган ишке жалгыз өзүм чуркап жүрөм” дейт ал. 

– Кандайсыз, Гүлназ? Белгилүү түрк сериалы “Курулуш Осмон” долбоорунда иштейт экенсиз, ал сериалга кантип аралашып калдыңыз?

– Жакшы. Аты-жөнүм – Гүлназ Эсенжан. Кичинемде актриса болом деп кыялданчумун, бирок шартка жараша ал тармакта окуй алган жокмун. Ошентсе да кыялымдан баш тартпадым. Алгач Москвада “массовкаларга” катышып, тасмалар кантип тартыларын изилдеп жүрдүм. Түркияга да мигрант катары баргам, кийин ушул тармакка аралашып, өздөштүрүп кеттим. Кичинемден жылкыга жакын өскөнүмдүн, атка жакшы мингенимдин жардамы тийди десем болот. 2020-жылдан бери “Курулуш Осмон” сериалында иштеп келе жатам, алгач “массовкаларына” катышып жүрүп, анан сериалда дублёр, каскадёр болгонго жетиштим.

– Атайын даярдыгы жок туруп кантип дублёр болуп калдыңыз?

– Ачыгын айтканда, ал жакта ат мине алчу актрисалар аз. А мен жылкы баласынын мүнөзүн жакшы билем. Башында бул тууралуу тартуучу топко айтсам маани беришкен жок. Бир күнү тасма тартуу учурунда атка минип чаап кете турган дублёр зарыл болуп, ошондо мени чакырып “минип көрчү” дешти. Атка минерим менен эле чаап жөнөдүм. Марага жетип, кайра келсем кол чаап жиберишти. Ошондон кийин актрисалар ат минген эпизоддорго мени чакырып калышты. Менин актрисалыкка кызыгарымды да билип калышты. Сериалда Осмон Газинин жубайы Бала хатундун жардамчысы катары тартылдым. Андан тышкары аттарга кам көрүүчү топтун башчысы болуп, костюм иштери боюнча да иштедим.

– Кыргыздарга байланышкан бир тарыхый окуя “Курулуш Осмон” сериалына тартылып калсын деп демилге көтөрүп жатыпсыз. Кайсы окуя жөнүндө сөз болууда?

– Сериалга тартылганы Борбордук Азиядан көптөр барышты. Мисалы, наймандардын кол башчысынын ролун өзбек актёру ойноду. Өзбекстандан, Чеченстандан, Казакстандан, Азербайжандан актёрлор барышты, алар өз улутунун түрк тарыхында орду бар экенин далилдеп, сериалдан орун алганга жетишишти. Биз жокпуз, жымжырт. Кыргыздар Осмон Газинин тушунда түрк элине жардам беришкени тууралуу тарыхый факт бар. Тарыхый булактарда “кырк атчан келип жардам берген” деп да жазылыптыр. Кашкайган факт турганына карабай бул чоң долбоордон орун албай калдык. Кыргыз катары ушуга абдан намыстандым. Түркиянын Изник шаарында “Кыргыз күмбөзү” деген тарыхый жер бар, ал жерге зыярат кылып келгем. Кыргыздар тарыхта орду бар туруп эмнеге тарыхый тасмага кошулбай калышы керек? Ушул ой мени такыр тынч алдырбай койду. Мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов мени 5 мүнөткө кабыл алган, оюмду айтсам, жардамчысына дайындаган эле. Бирок аракет кылышкан жок, байкашымча. Кийин Анкарага барып “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев агайга да айттым. “Жакшы демилге экен” деди, бирок натыйжа чыккан жок. Алым жеткен жерге чейин чуркадым, анан сиздердин гезит аркылуу айтып көрсөм деген ой келди.

– “Курулуш Осмон” сериалынын жаратуучулары кандай көз карашта, аларга айтып көрдүңүзбү?

– Сериалды жаратуучулар мени жакшы таанышат. Алардын жетекчилигине айтсам, Изник шаарындагы окуяны билгени да, билбегени да бар экен. Тарыхты айтып, далилдеп берсем макул болушту. “Окуяны сериалга кошолу, бирок силер жактан мамлекеттик деңгээлде сунуш түшүшү керек, кандай актёрлоруңар бар?” деди. Тарыхый сериал болгондуктан таланттуу, келбеттүү актёрлор керек. Оюма дароо Азиз Бейшеналиев агабыз келди, дагы бир топ актёрлорду сунуштап, сүрөттөрүн көрсөттүм. Макул болушту, болгону мамлекеттик деңгээлде кат жазуу керек экен. Биздин министрлик “кат жөнөттүк” дешет, тигилер “эч кандай кат келген жок” деп жатышат.

– Изник окуясы тууралуу айтып берсеңиз, бизде деле билгени бар, билбегени бар...

– Кыргызстанда тарыхты жакшы билген бир агайга жолугуп, изилдеп көрдүм. Билишимче айтып берейин. Осмон Газинин тушунда болгон экен бул окуя, болжол менен 1331- жылдар... Учурдагы Изник шаары анда Византия мамлекетинин карамагында болуптур. Мусулманчылыкты жайылтуу үчүн осмондор менен византиялыктар согушат. Согуш катуу болуп, чепти түрк жоокерлери көп убакытка ала албай коюшат. Ошондо кыргыздардан жардам сурашып, биздин ата-бабаларыбыз барып ошол жерден катуу салгылаш болот. Тарыхта чепти кыргыздар бузуп, түрктөр жеңишке жеткен делинет. Бирок кыргыздардан эч бири калбай кырылган деп айтылат. Осмон Газинин уулу Орхан каза тапкан кыргыздардын сөөгүн чогултуп, бир жерге көмүп күмбөз салынат. Жогоруда айткандай, азыр Изникте “Кыргыз күмбөзү” тарыхый жай катары сакталып турат. Төлөмүш Океев агабыз Түркияда элчи болуп турган учурда Ала-Тоодон атайын карагай алып барып, ошол күмбөзгө тиккен экен. Мен айткан тарыхый окуя быйыл сентябрда тартылып баштай турган “Курулуш Осмондун” акыркы сезонунда тартылып калса деп жан талашып жатам. Сериал дүйнө жүзүнө көрсөтүлүүдө, ошого катышып калсак чоң иш жасаган болор элек.

– Бизден бара турган актёрлор түрк тилин билиши шартпы?

– Ооба, тилди билүүсү шарт. Бирок бул оор деле маселе эмес экенин сериалдын жаратуучуларына айттым. Түрк тилин ашып кетсе бир айда үйрөнсө болот.

– Каскадёр болуп иштөө оорбу?

– Оор, сууга кир десе киресиң, чык десе чыгасың. Өмүргө коркунуч туулган жагдайлар да болот. Ар бир костюм эле 10 килограммдан ашык, ошону кийип алып трюктарды аткаруу кыйын. Ага карабай кылып жаткан ишим аябай кызыктуу.

– Кыргыздын мекенге күйгөн сиздей жарандары бар экени кубандырат. Бар болуңуз! Биз дагы жакшы саамалыкка салым кошсок деген тилектебиз.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан