Балдар абагы: кылмышка катылган тагдырлар

Кыргызстанда жападан жалгыз өспүрүмдөрдүн колониясы бар. Ал – Жазаларды аткаруу кызматынын №14 мекемеси. Адилет Суеркулов учурда аталган мекеменин башчысынын кадрлар жана тарбия иштери боюнча орун басары. Аны менен балдарды абакка түшүүгө жеткирген себептер жана алардын тагдырлары, тарбиялоо, абактагы шарттар боюнча пикир алыштык. 

“14-18 жаштагы балдар көп түшөт”

– Колонияда тергөө абагы жана соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абагы бар. Негизинен, 14-18 жаштагы өспүрүмдөр келет. Мисалы, зордуктоо, адам өлтүрүү, каракчылык-тоноочулук, уурулук, баңгизат кылмышы менен кармалгандар. Тергөө абагында 2024-жылдын башында 2 эс алуучу бөлмө ачтык. Аларда сыналгы, оюн аппараттары (приставка) бар. Анткени кылмышка шектелип абакка түшүп калуу чоң стресс. Балдар коркуп, чөгүп, депрессияга түшүп кетишет. Ошондой абалды жумшартуу, балдарды алаксытуу, терең депрессияга түшүрбөө максатында ушундай шарттар түзүлдү. Ал жерде кезектешип сыналгы көрүшөт, ойношот. Күнүнө 1,5 саат сейилдей алышат. Майрамдарда эркек балдар арасында сүрөт тартуу, ыр жазуу, кыздар арасында кол өнөрчүлүк сынактары өткөрүлөт. 

“Абактан тигүүчү, ширетүүчү болуп чыгышат”

– Абакта атайын мектеп бар, мугалимдер сырттан келип иштешет. Айыпталуучу, соттолуучу канчанчы класста окуп жатып абакка түшкөн болсо, ошол класста окуй беришет. 2024-жылы 6 өспүрүмгө 11-классты, 5 балага 9-классты бүткөндүгү боюнча аттестат тапшырылган. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар үчүн кесиптик окуу жай да иштейт. Ал жерден тигүүчү, ширетүүчү кесибин алып чыгышса болот, абактан чыккандан кийин иш тапканына жакшы. 2025-жылдын май айында 7 өспүрүмгө тигүүчү, 8 балага ширетүүчү адистиги боюнча сертификат берилгени турат. Биздин максат – камалгандарды тарбиялап, аң-сезимин оң жакка өзгөртүү менен коомго кошуу, билим берүү, кесип үйрөтүү.

“Теплица ишке берилет”

– Камак абагында да 22-май – Энелер күнүнө карата жаңы теплицанын ачылышы өтмөкчү. Соттолгондор өздөрүн канча бир деңгээлде болсо да айылда жүргөндөй, эркинирээк сезиши үчүн анда татымал чөп, жашылчаларды тигип, сугарып, карап чоңойтушат жана аларды өздөрү колдонушат. Бул бир жагынан эмгекке тарбия да болот.

Ачылышына соттолгондордун ата-энелери да келип, балдарынын кандай шартта кармаларын билип кете алышат. Ыр, бий, монолог айтуу, интермедия аткаруу боюнча сынак өткөрүлөт. 

“24 саат бою көзөмөлдө болушат”

– Бала кылмышкер деп табылса деле баары бир бала да. Алардын акыл-эси, дүйнө таанымы өсүш керек. Эстетикалык талаптары да бар. Андыктан соттолгондорду музейге, кинотеатрга алып барып турабыз. Абдан сүйүнүп, кубанышат. Абактагы режим мындай: таңкы саат 7 жарымда эртең мененки тамактануу. 8ден 12ге чейин окуу. 12 жарым – түшкү тамактануу. Түшкү экиден төрткө чейин орто кесиптик окууга катышуу. Саат 4төн 6га чейин спорт менен алектенүү. Калган убакта китепканадан китеп окушат. Кечки саат 10до уктоо. Балдар урушуп, мушташып кетпеши үчүн 24 саат бою көзөлдө болушат. “Дедовщина” жок. 

“Спорт менен алектенген балдар дагы бар”

– Абакта спорт зал да ачылган, кызыгуусу, идиреги барлар дзюдо, самбо боюнча машыктырылат. Ар бир соттолуучу ай сайын 1 жолу ата-энеси менен телефон аркылуу 15 мүнөт байланыша алат. Эгер жакшы окуп, өзүн жакшы алып жүрсө кошумча дагы 15 мүнөт сүйлөшкөнгө мүмкүндүк алат. 14 күн болду, ар бир соттолуучуга жеке эсеп ачылды. Ага ата-энеси келе албай калса же чет өлкөдө жүрсө, акча которуп коё алышат. Ага тамак-аш, кийим алса болот. 

“18 жаштан кийин чоңдордун абагына түшөт”

– Жаза мөөнөтүнө карап, бала 18ге чыккандан кийин башка түзөтүү абактарына жөнөтүшүбүз керек. Ошого бала 18ге чыкканга чейин тарбияланып, оңолуп, абактан чыгып кетпесе аларды чоңдордун абагы күтөт. Соттолуучу 18ге чыкканда сотко сунуштама жөнөтүп, бизде 23 жашка чейин калтырууну суранабыз. Мисалы, биздеги мөөнөтү 20 жашында бүтсө, дагы 2 жыл бергиле деп сунуштайбыз. Сотто макулдук берсе калат, бербесе которулат.

“Өспүрүмдөрдүн камалуусуна эмне себеп?”

– Ата-энеси чет өлкөдө иштеп, таята-таенесинин же чоң ата-чоң энесинин колунда, көзөмөлдөн сырт калган балдар көп. Баласын материалдык жактан камсыздап, бирок тарбиясына кош көңүл караган ата-энелер толтура. Айтор, көзөмөлдүн, туура тарбиянын жоктугунан, ошондой эле өгөй эне же өгөй атанын зомбулугунан кылмышка баргандар да арбын. Анан көптөрү оңой акча табуу үчүн туура эмес иштерди жасашат. 

“Психологиялык зомбулуктан улам...”

– 15 жаштагы бала 6 жылга соттолуп келген. Сыртынан карап, ал баланы адам өлтүрүүгө аракет кылат деп ойлобойсуң. Көрсө, анын кылмышка барышы мындайча болуптур. Мектепте классташ кызы аны дайыма басынтып, жаман сөздөрдү айтып, андай психологиялык зомбулук 2 айдай уланат. Бала ызасын ичине ката берет. Бир күнү ал кызды “сага кызыктуу бир нерсе көрсөтөм” деп үйүнө алдап алып барып, башына таш менен урган. Кыз кулап түшкөндө дагы ура баштаган, ошол маалда кыздын агасы келип калып, кыз аман калган. Бала абактагы жакшы жүрүм-туруму, иш-чараларга активдүү катышканы үчүн 4 жыл отуруп, мөөнөтүнөн эрте бошоп чыкты.

“Оңой акча табам деп 5 жылга соттолгон”

– 2024-жылы жайында 17 жашар өспүрүм кыз камакка түштү. Ата-энеси ажырашып кетиптир. Апасы башкага баш байлап кеткенде бул өз алдынча жашоо үчүн батирге чыгат. Бирок батир акысы, тамак-ашы үчүн акчасы жок кыйналат. Ага бир таанышы интернет аркылуу акча табууга болорун айтат. Анын сунушуна азгырылып кыз баңгизат кылмышына аралашып калат. Ошентип 5 жылга кесилген. Учурда жазасын өтөөдө. 

“Өгөй атасынын өмүрүнө кол салган”

– 16 жаштагы бала өгөй атасын өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолгон. Көрсө, өгөй атасы күндө мас болуп келип, апасын уруп-согуп, басынтып, кордочу экен. Кеги ичине толгон бала бир күнү ошондой абал кайталанганда өзүн кармай албай өгөй атасына кол салган. Бирок өгөй атасы аман калып, бала камакка түшкөн.

Соңку сөз...

– Жогорудагы тагдырлар далилдеп тургандай, балдардын тарбиясына, билимине, келечегине кам көрүү – ата-эненин негизги милдети. Өспүрүмдөрдүн орду абакта эмес, үйдө, мектепте, гүл, балмуздак жыттанган сейил бактарда... 

 

Канымжан Усупбекова

   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан