Бет териси тунук адамдарга билинбесе керек, бирок бетиндеги безеткиден кутула албай жүргөндөр үчүн бул чоң көйгөй. Өспүрүм курактан чыга баштаган безетки айрымдарда убакыттын өтүшү менен кетип калса, кээ бирлерди өмүр бою коштоп жүрөт. Теринин эстетикалык көрүнүшүнө, адамдын жеке баасына терс таасирин тийгизет. Безеткини пайда кылган акне деген эмне, анын алдын алуу, андан арылуу жолдору боюнча косметолог-дерматолог Дина Дамирова маалымат берди.
АКНЕ БУЛ?..
Акне – теринин өнөкөт сезгенүү оорусу. Ал көбүнчө теринин алдындагы май бездеринин активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу болот. Натыйжада териге кара тактар, безетки, же болбосо киста сыяктуу чоң дөмпөктөр чыгышы мүмкүн. Акненин бир нече түрү бар.
Комедондор. Безетки дерматологияда комедон деп аталат. Комедондун ачык жана жабык түрү бар. Эң көп таралганы – теринин кирдешинен жана поралардын толушунан пайда болгон кара тактар ачык комедон болуп саналат. Ал эми пора жабык, ичинен ак, суюк нерсе толуп турса – бул жабык комедон болуп саналат. Эмнеге комедондор ак же кара түскө айланышы боюнча бир нече себептер бар: химиялык реакция (теринин алдындагы майлар кычкылданат), сырткы факторлордун таасиринен кирдейт жана меланиндин таасиринен улам.
Папула. Поралардын сезгенүүсүнөн пайда болгон кызыл дөмпөктөр. Бул дөмпөктөрдү кармаганда оорутат жана сыкканда эч нерсе чыкпайт.
Пустула. Пустулалар папулага окшош болот, айырмасы сезгенүү аймагынын чеги болот жана ичинде ириң суюктугу болот. Учу сары же ак болуп билинип турат.
Кистоз. Акненин эң коркунучтуу жана оор түрү. Териде ээлеген аймагы чоң, оорутуу менен коштолгон, сыкканга мүмкүн эмес, дөмпөйүп билинип турган киста түрүндөгү акне. Кистоздун ириңдеп кеткен да түрү бар. Кистоз стадиясына жеткен терини дарылоо кыйынга турат.
БЕЗЕТКИНИН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
Демодекоз. Демодекс деп аталган тери кенесинин кесепетинен териде сезгенүү пайда болуп, ал безетки түрүндө териге чыгат. Бул паразиттер чач, түктөрдүн түбүндө жашайт, көбүнчө адамдын бетинде, көздүн сурмасында, мурундун айланасында, чекеде, ээкте жайгашкан. Адамдын иммунитети төмөндөгөндө, сапатсыз косметика колдонгондо, тамак-аш сиңирүү системи жабыркаганда демодекс кенелери пайда болушу мүмкүн. Жаманы, бул паразиттер жугуштуу, кол аарчы, сүлгү же башка чогуу колдонулган буюм-тайымдар аркылуу жугат.
Генетика. Акненин бир муундан экинчи муунга өтүү мүмкүнчүлүгү 50 пайыздан жогору.
Эндокриндик систем. Гормоналдык дисбаланс, жетилүү маалы (өспүрүм курак), этек кир келер алдында, кош бойлуулук учурунда, аборттон кийин... Айтор, гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу факторлордо да акне пайда болушу ыктымал.
Териге туура эмес кам көрүү. Туура эмес кам көрүү же такыр эле кам көрбөө, сапатсыз косметикалык каражаттарды колдонуу. Гигиенаны сактабай, терини тазалабай койгондо. Мындай учурларда теринин поралары толуп, кирдеп, бактериялардын көбөйүшүнө – натыйжада безеткиге жол ачат.
Стресс. Бардык оорунун башаты – стресс делет эмеспи. Бетке безетки чыгуунун дагы бир себеби да стресс.
Туура эмес тамактануу. Ачуу, майлуу, таттуу, туздуу тамак-аштарды ашыкча колдонуу да териге терс таасирин тийгизет. Андан сырткары алкоголь, тамеки сындуу жаман адаттар да безеткинин “достору”.
Экология. Кир аба, чаң, күн нурунда көпкө жүрүү.
АЛДЫН АЛУУ
Акненин жогоруда айтылган келип чыгуу себептеринен кийин эле эмне кылбоо керектиги түшүнүктүү болот. Эң биринчи адамдын иммунитети, ден соолугу жакшы болушу керек. Туура тамактануу, жаман адаттардан арылуу, таза абада сейилдөө, уйкунун жана суунун балансын сактап, витаминдердин жетиштүүлүгүн анализ тапшырып билип коюу зарыл.
Кам көрүүгө келсек. Бетинде безеткиси бар адам да, жок адам да алгач косметологго келип, кандай каражаттарды колдонсо болорун теринин тибине жараша билип алса өзүнө эле жакшы.
1. Күнүгө эртең менен жана кечинде жумшак таасир берген, кургатпаган каражат менен терини тазалап туруу керек.
2. Бетти күнүгө эки маал жылуу суу менен жууңуз. Бул бетке жабышкан кирлерден, ашыкча себумдан (тери майы) арылууга жардам берет.
3. Ысык суу терини кургатып жиберет, андыктан жылуу суу гана колдонуңуз.
4. Бетти кол менен кармалоо адатынан арылыңыз. Колдогу кир, бактериялардын баары сезгенүүгө алып келет.
5. Сапаттуу косметика тандаңыз (косметолог, дерматологдун жардамы менен). Андан сырткары косметикалык аспаптарды (кисть, спонж щётка жана башка) бат-баттан жууп туруу керек.
6. Жаздык тыш, шейшеп, сүлгү, кол аарчы дегендерди да бат-баттан алмаштыруу керек.
7. Күн нурунда көпкө жүрбөгөнгө аракет кылыңыз. Ысык аба акненин жайылышына алып келет. Сөзсүз SPF кремин сүйкөнүү кажет.
ДАРЫЛОО
Акнени өз билемдик менен дарылоо кооптуу. Дерматологго же косметолог адисине кайрылуу кажет. Алар жеңил же оор түрүнө жараша дары майларды, кремдерди, тамчылатма дары, диета же башка дарылоо курсун белгилешет. Акненин эң жеңил түрү комедондор болуп эсептелет. Бул учурда айрым профилактикалык иш-аракеттерди жүргүзсө болот. Мисалы, кандай тамак-аштарды колдонбош керек?
Бетине безетки чыга бергендер газдалган суусундуктун кандай түрү болбосун (шире, лимонад, шампан жана башка) баш тартуусу керек. Ачуу, таттуу, майлуу, тамактарды азайтыңыз. Анан да дүкөндөн сатып алынган майсыздандырылган сүт акненин жайылышына таасир берет, бул азыктан да качуу керек. Дагы тыюу салынган азыктарга банан, жүзүм, коон, кофе, макарон, ак нан, таттуу коктейль, алкоголь кошулат. Негизи, адам организмин “угуусу” кажет, кайсы тамактан кийин безетки чыгарын организм сөзсүз билдирет, демек, ошол азыктан баш тартыңыз.
Үй шартында маскалар
1. 1 чай кашык балга жарым кашык корица порошогун кошуп аралаштырыңыз. Бетке тегиз сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.
2. 1 чай кашык алоэ вера гелине (дарыканада сатылат) 1 чай кашык бал кошуп, бетке жука кылып сүйкөө керек. 10-15 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп саласыз.
3. Чөп тундурмалары сезгенген терини тынчтандырганга жакшы жардам берет. Кургатылган ромашка, календула, шалфей же череданы бир кайнатып, муздагандан кийин кебез диски менен териге сүйкөп коюңуз.
ТЫЮУ САЛЫНАТ!
Бетти эч качан самын же курамында щёлочь бар каражаттар менен жуубаңыз. Самын терини ашыкча кургатып, коргоо үчүн керектүү майларды да жууп салат. Коргонуусуз калган тери мурдагыдан да көп май бездерин иштетип, натыйжада безетки мурункудан да көбөйүп кетет. Ушундай эле терс таасирди курамында спирт бар тазалоочу каражаттар бериши мүмкүн.
Бизге көбүнчө безеткини сыгып салып, теринин сезгенүүсүн өчүштүрүп ийгенден кийин келишет. Айтарым, эч качан безеткини сыкпаңыз! Сыкканда теринин алдындагы сезгенүү аймагы кеңейет, андан сырткары териге инфекция кирип, башка ооруларды жаратышы мүмкүн. Андан дагы безеткинин орду тырык болуп теринин эстетикалык көрүнүшү бузулат.
Асыл Орозбекова