Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Али Акайдын жашоосунда мындай эмоция болгон эместир. Куду жан дүйнөсүндө эң жогорку жер титирөө болуп жаткандай, акыл-эси болуп жаткан окуяга чүргөлө албай жатты. Чын эле таптыбы балдарын? Кубаныч, куса, зарыгуу, үмүт, жеңиш, айтор, эмоциялардын баарын бир убакта жашап жатты. Ушул абалда канча отурду билбейт, бир кезде өзүнө келди. Алдында отурган аялды жек көрө тиктеди.

– Сиз кимсиз, ыя? Кантип менин балдарымды ушунча жыл жашырдыңыз? Түрмөнүн түбүнө чиритет экенимди...

– Мен даярмын!

– Даяр имиш...

Бермет көзү жаштуу эркекке тик карады. Ушунча жылдан бери эч кимдин көзүнө тик карай албай жашап келгенин эми сезди. Жонунан бир чоң жүк түшкөндөй жеңилдегенин сезди. Ошол эле убакта жоготуунун шалдыроосу басты.

– Каны силердики болсо болгондур, бирок балдарды мен чоңойттум,- деди акырын. Өзүнүн күнөөлүү чыккан үнүнө жини келе түштү, чыйралып кетти. – Мени жаза менен коркута албайсың. Мени өлүм менен да коркута албайсың, анткени абалымды көрүп турасың. Бул сырды эч качан, эч кимге ачкан жокмун. Менин эркимде болсо өлүм алдында турсам да бул сырды өзүм менен алып кетет элем. Бирок жашоодо өлүмдөн да күчтүү нерсе бар экен. Бир жагдай болду... Айтышка аргасыз болдум. Алдыңда турам, эми өлтүрсөң да, түрмөгө тыксаң да, койсоң да сенин эркиң. Болгону уулумду куткар. Сенин уулуң... Ариетти камап салышты. Чыгарганга күчүм жетпейт экенин билем. Бирок сенин күчүң жетет.

– Анын аты Айдар!- деди тиштенген Али Акай.

– Айдар, Ариет... Эмне айырмасы бар?- деди оор үшкүргөн аял чарчаңкы. – Мен үчүн азыр маанилүүсү, уулумду куткарганың. Атын каалаганыңдай атай бер.

Али Акай ойлоно баштады, бул аял ушунча жыл жашырган экен, чын эле мындан ары да жашыра бермек да.

– Башынан айтып бериңиз.Эч нерсени жашырбастан...

Бермет балдар колуна кантип тийгенин, Лимон алардын үйүнө жашырып алып келип таштап кеткенден кийинки окуянын баарын шурудай тизип айтып берди. Акыркы окуяны кошо айтты. Эгерде Ариет ушу ишке кириптер болбогондо ал эч качан бул сырды айтмак эместигин да айтты. Тагдырына туш болгон балдарды кандай сүйгөнүн, аларсыз жашоосу жок экенин баяндап берди. Ушунча жылдар бою ичинде өздөн, жаттан, балким, өзүнөн да сактаган сырларын айтып жатты. Али Акай акыры чыдай албай кетти. Ордунан туруп, туш келди кетип бара жатты. Теңселип жыгылып кетчүдөй буттары араң шилтенет. Бул жүктү жалгыз көтөрө алчудай эмес. Бул уккан нерселерин мээсине сиңире алчудай эмес. Ага жардам керек! Али Акайдын кайгысын, кубанычын бөлүшө турган бирөө керек. Ошол учурда Асем оюна келди. Телефон чалды. Түн ичинде жаш аялдын чочуп кеткен кооптуу үнү угулду.

– Али байке? Тынч элеби?

– Асем, бир кезде сенин жардамың керек дегем. Ошол учур келди көрүнөт. Мага жардам бер,- деди.

Абалды дароо түшүндүбү, Асем үй дарегин айта салды. Али аны көрөрү менен кучактап ыйлап жиберди. Тиги эмне дээрин биле албай калды.

– Сизге эмне болду, байке? Эмне болуп кетти?

– Таптым, алар тирүү экен! Асем, мен аларды таптым. Өөх, мен балдарымды таптым.

Кубанычы, күйүтү бир тең болуп жаш баладай ыйлап жатты. Асем кошо ыйлады. Улам Алинин чачынан, ийининен сылап, ошол кыймылы менен сооротконсуп жатты. Аялзатынын кичинекей алаканынан мээрим төгүлүп, ал сылаган сайын жан дүйнөсүнүн жаралары жабылып жаткандай сезилди. Аялдын алаканында эле ушунча күч жатканын эми байкады. Чарчап, чаалыгып, акыры өзүнүн үйүн эми тапкан карыптай сезди. Ал азыр элдин баары билген, күчүнө ишенген, акылдуу, ишенимдүү Али Акай эмес эле. Бүрүшүп энесинин колунан дартын айтканы келген кичине баладай соолуктап жатты.

 

ххх

Бермет Али менен жолуккандан кийин үйүнө келип жаны жай ала албады. Өзүнөн корккон жок, улам эсине уулу келе берди. “Ариеттин курсагы ачпады бекен, кандай күндө болду экен, корккон жок болду бекен? Эмне үчун Али эч нерсе айтпай туруп кетип калды? Эми мындан аркысы эмне болот?” деп жатты тынчы кетип...

 

ххх

 Али Акай колдорун ушалай берди. Тагдырдын буйругу менен уулуна убактылуу кармоочу жайдан кезикти. Кыргызстандагы эң кыйын деген адвокат, атасынын органда иштеген тааныштары, өзүнүн тааныштары... Айтор, таң атпай баарын бутуна тургузган. Майып, жалгыз бой эне үчүн мүмкүн болбогон расмий нерселер жарым сааттын ичинде чечилип, Али Акай азыр уулу менен көрүшүү алдында турду. Ариет кирип келди. Али кантип тура калганын билбей калды. Бул баягы анын унаасын жууган бала тура! Сүрөтүнөн элес алган эмес, көргөндө дароо тааныды. Ариет да аны тааныды.

– Сизби?

– Салам алейкум, жигит!- деди Али өзүн токтоо кармаганга тырышып. Саламына уулу да салабаттуу алик алды. Ата-бала маңдай-тескей отурушту. Али эч сөз айта албай уулун тиктей берди. Тиги болсо бул адам эмнеге өзүн мынча жалдырап тиктеп жатат, түшүнө албай башы маң.

– Менин бул жакта экенимди сиз кайдан билдиңиз?

– Хм, менби, мен...

Али колдорун ушалай берди. Тынчсызданганда эки алаканын ушинтип ушалай берген адаты бар.

– Сен тууралуу апаңдан уктум. Апаң менден жардам сурады. Мен келдим, сени алып чыкканы... мен... анткени... сени...

Мукактанып жатты. Жүрөгү жарылып кетчүдөй түрсүлдөйт. Эмне деп айтып, өзүн кантип алып отуруу керек экенин түшүнбөй жатты.

– Апам кандай? Айсулуучу? Коркушкандыр алар...

Ариет “апам” дегенди өзгөчө сүйүү менен айтты. Али акылына келе калды. “Эмне болуп жатасың, бул баланы башка адамдар багып чоңойтушту, сени, сенин сезимдериңди биле турган, түшүнө турган жашта эмес. Акылыңа кел, өзүңдү токтот”,- деп жатты өзүнө.

– Апаң жакшы эле... Айсулуу, карындашың болуш керек, ээ?

– Ии, карындашым, ал сабакка барбай койду болуш керек. Менден карыш жылбайт да, сабакка да чогуу барбасак, барбай коёт. Коркту го...- деди кайгырып.

Али Акай уулун тиктеп отура берди. Эч бир кыймылы көз жаздымынан калбады. Акылдуу, эстүү, боорукер болуп чоңоюптур. Өзүнө окшош болуп чоңойгон экен. Болгону көзү апасыныкы тура. Элестикиндей сулуу көздөрү бар экен уулунун. Каштарын жыйырганы, олуттуу болгонго аракет кылганы, оңтойсуз болгондо алакандарын ушалай сүйлөгөнү... Таң кала тиктеп отурду.

– Байке, ошондо мен эмне болом?

Али Акай саатын карап койду.

– Азыр бир саат экөөбүз сүйлөшүп отурганча баары чечилет. Эки саатта апаң менен карындашыңдын жанында болосуң.

– Чын элеби?- Ариеттин көздөрү балбылдап, ого бетер Элеске окшоп кетти. Бул көздөрдү карап туруп ичи эзилди.

– Чын эле. Ишенбейсиңби?

– Билбейм эми...

– Экөөбүз бир саат сүйлөшүп отурсак, милиция кызматкерлери чыныгы кылмышкерди таап келишет. Ага чейин сен мага карындашың тууралуу айтып берчи.

– Айсулуубу? Сизге эмне кереги бар?- деди таң кала. Кайра уялып кеттиби, сөзүн оңдоп кетти. – Акылдуу кыз. Түркчө, англисче сүйлөй алат. Жакында немис тилин да үйрөнөм деп жатат.

– Ээ?

– Бир аз жалкоо, үй жумуштарына... Апам “сен Ариеттей эмгекчил эмессиң” дейт. Апама мен бардык жактан жакшы көрүнө берем бирок...

Уулу башка бир аялды “апам” деп көзү жайнап, айтып жатканына ичи сыйрыла түштү.

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан