Жаз мезгилиндеги жылуу аба ырайы, жашылданган жер бети тоо-түздүктүн таза абасынан кере-кере дем алууга, тынчтыкта табиятка суктанууга, ойлорду иретке салып, энергия топтоп келүүгө чакырат. Мындай эс алууда шишкебектин жыты буркурап турганы сизге да жакса керек. Бул учурга ашпоздон шишкебек жасоонун сырларын, маринаддын рецепттерин сунуштайбыз. Ал эми ашпозубуз – көп жылдан бери ушул кесипти аркалап, бир канча өлкөлөрдө тажрыйба топтоп келген адис Канимет Жеңишов.
Ашпоздон маанилүү кеңештер!
• Этке киви, кристалл кошсо жумшак болот деген туура эмес. Этти туура тандап, чарымдарын толук тазалап туураш керек. Болбосо, чарымдарын чайнай албай катуу болуп калыптыр дешиңиз мүмкүн.
• Эт тандоодо биринчи кезекте жаш малдыкы экенине көңүл буруңуз. Экинчиден, койдун сан эттери, ал эми уйдун арка, жамбаш эттери шишкебекке эң жакшы вариант.
• Этти тууроого да маани бериңиз. Тарамына каршы кыйгачыраак, тараптары 2 сантиметрлик кесимдер болушу керек.
• Шишкебекти көмүрдүн чогуна же шишкебек үчүн атайын отундун көмүрүнө бышыруу керек.
• Шишкебек менен чоктун аралыгы 5-6 сантиметр болгону жакшы. Ушундай аралыкта жакшы чок болгон оттун табында шишкебектер ар бир тарабынан 2-3 мүнөт какталат. 3 тарабынан жалпы 6-10 мүнөттүн ичинде бышат. Эгерде эт чоң тууралса же от менен шишкебектин аралыгы алыс болсо, анда бышуу убактысы узарат.
• Алдыда маринадга керектелүүчү азыктар 1 килограмм этке ылайыкталган. Эгер маринадга лимон кычкылы, киви, кристалл кошулса, жарым сааттан 2 саатка чейин маринаддалат. Булар кошулбаса, 2-8 саатка чейин маринаддоого болот.
• Маринаддар жумшактыгына эмес, даамына жооп берет.
Уй этин маринаддоо
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 1 килограмм
Шишкебек үчүн татымал – 1 аш кашык
Паприка – 1 аш кашык
Пияз – 150 грамм (орточо көлөмдөгү 1 баш пияз)
Өсүмдүк майы – 150 миллилитр
Туз – 15 грамм (бөксө 1 чай кашык)
Аралаштырып, үстүн жаап, муздаткычта же муздак жерде 1-5 саатка чейин маринаддоого болот.
Кой этин маринаддоо
Керектелүүчү азыктар:
Кой эти – 1 килограмм
Шишкебек үчүн татымал – 1 аш кашык
Паприка – 1 аш кашык
Киви – 0,5 даана
Пияз – 150 грамм
Кинза – 30 грамм
Томат пастасы – 20 грамм
Газдалган суу – 100 миллилитр
Өсүмдүк майы – 50 миллилитр
Туз – 15 грамм
Муздаткычта же муздак жерде 1-5 саатка чейин маринаддайбыз.
Тоок этин же канаттарын маринаддоо
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти же канаттары – 1 килограмм
Майонез – 1 аш кашык
Томат пастасы – 1 аш кашык
Паприка – 1 аш кашык
Шишкебек үчүн татымал – 1 аш кашык
Сарымсак – 3 тишче
Өсүмдүк майы – 30 миллилитр
Туз – 20 грамм
Сарымсак эзилип кошулат. Баарын тегиз аралаштырып, 1-4 саатка чейин маринаддайбыз. Маринаддар муздак жерде турушу кажет.
Люля кебаб
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 500 грамм
Кой эти – 500 грамм
Паприка – 1 аш кашык
Шишкебек үчүн татымал – 1 аш кашык
Пияз – 100 грамм
Туз – 20 грамм
Эттерди чарымынан тазалап, пиязды аарчып эт туурагычтан өткөрөбүз да, калган азыктарды кошуп жакшы аралаштырабыз. 10-30 мүнөт тыныктырабыз. Шампурларга жармаштырып, отко кактап бышыра берсеңиз болот.
Асел Ишенбай кызы