Белгилүү актриса, куудул, көпчүлүк Сакиш деп тааныган позитивдүү айым Айнура Тургунбаеванын жан дүйнөсүн ачууга аракет кылдык. Театр жана кино, сахна сыйкыры, күлкү жана кайгы. Айтор, турмуштун ак-кара, күңгөй-тескейи тууралуу пикир алыштык.
– Айнура эже, саламатсызбы? Сахнада, маектерде дайыма шайыр, позитивдүү көрүнөсүз. Бул сапаттын үлүшү кадимки жашооңузда деле барбы?
– Албетте, бар. Бирок “ар адамда ар кыял, ал кыялды ким тыяр” дегендей, менде деле “характер” жашайт. Жиним келген, кайгырган учурлар сөзсүз болот. Элдин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып жүрүп, кээде менин көңүлүмдү көтөрчү киши болбой калат (күлүп). Сахнадагы образдарым күлкүлүү болгону менен, жашоодо кадимки эле пендебиз. Эми ар кандай, бирде күлүп, бирде ыйлайбыз.
– Дайыма комедиялык ролдорду ойноп жүрөсүз, трагедиялык роль жараткыңыз келбейби?
– Чынында, ар бир актёр ичинен ар түрдүү каармандарга кызыгат. Баарыбыз эле театрга башкы каармандын ролун эңсеп, миң түрлүү кыялдар менен келебиз да. Анан театрда режиссёр ары калчап, бери калчап, “кой, адегенде өзүңдү өстүр” деп акырын эле далыдан таптап коёт.
– Коомдо куудулдарга олуттуу мамиле кылышпайт деп калышат, сизге байкалабы бул нерсе?
– Туура, кээде куудулдарды жөн гана элди күлдүрүүчү адамдар деп кабыл алышат. Бирок кээде, байкасаңыз, тамаша менен өтө терең ой айтылат. Радиодо эфирде отурсам телефон чалып “күлдүрүп коюңчу” дешет. Көчөдө баратсам жаныма келип “күлдүрүп койбойсузбу” деп калышат. Андайда Күмөндөр агабыз айткандай, “колтугуңду көтөр” деп туруп, кыты-кыты десем каткырып калышат. Негизи, сахнада элди күлдүрүү чоң жоопкерчилик, оңой иш эмес, чынында. Куудулдардын да омоктуу ойлору, айтчу кеби толтура.
– Театр сиз үчүн эмне? Кино менен театрды салыштырып көрсөңүз, кайсынысы жүрөгүңүзгө жакыныраак сезилет?
– Бул экөөсүн эч качан бөлүп караган эмесмин. Кинонун да, театрдын да өзүнүн сыйкыры бар. Кээде бир образды жаратууга апталар эмес, айлар кетет, изденесиң. Кинодобу, театрдабы, режиссёр сага ишенип берген ар бир ролду майын чыгара аткарышың керек. Ошондуктан ар бир роль – менин ырыскым. Ал чоң спектаклби, кинобу же кыска жарнамалык роликпи, айырмасы жок. Баарына бирдей мамиле кылам.
– Тамашасыз жашоо кандай болмок, элестете аласызбы?
– Жок, элестете албайм. Күлкү, тамаша болбосо, билбейм, адамдар үйлөнгөн шардай эле тарсылдап жарылмак болуш керек. Ичтеги нерсе күлкү менен чыгып турбаса болбойт го.
– Жеке жашооңуз тууралуу сурабай койгум келген жок. Түгөйлүү болуу жөнүндө ойлор...
– Азыр жүрөгүмдө бир туугандарым, жакындарым бар. Мурун кээде “менин күйөөгө тийбей калышыма Бопуш күнөөлүү” деп тамашалап калчумун. Ыраматылык Марат (ред.: актёр Марат Жанталиев) экөөбүздүн спектаклде аткарган ролубуз элге ушунчалык сиңгенин белгиси да, башкалар бизди күйөөсү-аялы деп ойлошчу. Мага сөз айтмак түгүл, гастролдорго чыкканда эч ким тийишчү эмес. Бопуняны көп эстейм, эстеген сайын азыркыга чейин жүрөгүм ачышат. Ал менин досум, сырдашым эле. Эч кимге айтпаган сырымды Бопуня менен бөлүштүм. Экөөбүз сүйлөшүп отурганда 5-6 саат кантип өтүп кеткенин байкабай калчубуз.
– Марат ага жөнүндө кеп козголуп калды, сурай кетейин. Ал киши каза болгондон кийин сизде сахнадан кетүү тууралуу ойлор болгон жокпу?
– Болду (ойлонуп). Анткени ал адам катары да, актёр катары да чанда жарала турган инсан болчу. Бопуштай актёр, балким, бардыр, бирок мен үчүн жок. Азыр деле репетицияларда “Бопуш болгондо минтип коймок экен, Бопуш тигинтип коймок экен” деп салыштыра берем. Бопуштун таланты, ойногон ролдору элдин жүрөгүндө архив болуп калды.
– Түйшүк тарткан учурда артист болбой эле койбоптурмун деген өкүнүчтөр болсо керек?
– Болгон. Сууктун күнү талаада калганда, концерттен кийин мастар таш менен урганда, жолуңдан тосуп алып мээңди жегенде “эмнеге артист болдум?” деген ойлор келчү. Бир жолу кышында унаабыз күрткүгө тыгылып, түнү менен суукта отурганбыз титиреп. Кийин Тогуз-Торого баратканда эки атчан киши унаабыздын алдынкы айнегин талкалап кетишкен. Сынык айнектен аркырап суук кирип, үшүп-тоңуп араң жеткенбиз. Мына ушундай күндөрдө “артист эмес, ашпоз болсом болмок. Жылуу жерде иштеп, курсагым ток, жыргап жашай бермекмин” деп калчумун. Бирок сахнанын сыйкыры ал кыйынчылыктарды тез эле унуттурат.
– Улуу муундагы чыгармачыл адамдар “биздин учурда...” деп өткөн күндөрүн көп эстешет. Сизге да мүмкүнчүлүк берели.
– Оой, биздин учурда баары башкача эле. Чыгармачылык жолумдун башталышы 90-жылдарга туш келди. Адегенде Каракол шаарындагы театрда иштеп жүрүп, кийин Бишкекке келдик да. Биздин учурда телевидениеге чыгыш үчүн укмуштай мээнет керек болчу, азыркыдай интернет менен телефон колубузда болгондо, ким билет кандай болмок. Азыр эми баары оңой болуп калбадыбы. Болбогон бир нерселерди кылып деле атактуу болуп кетип жатышпайбы, мүмкүнчүлүк кеңири. Анан чыгармачылыктан өнүгүп-өсөм десең, продюсер деген бар, менеджер деген иштейт, жумуш оңой. Бизде булардын эч бири болгон жок. Планды аткарабыз деп жумалап, айлап гастролдо жүрчүбүз. Өлкөбүздүн биз барбаган аймагы, айылы калган жок. Абдан жөнөкөй элек, “жылдыз оруусу” менен оорумак түгүл, таанышкан да жокпуз да. Же биздин тарбиябыз ошондой болдубу, айтор, азыркы күндө деле бирөө бир аз мактап койсо кызыктай болуп кетем.
– Көпчүлүк билген “Келиндер козголоңу” спектаклинде кайнененин ролундасыз. Бул образ табиятыңызга канчалык жакын?
– Азыркы жашымда, албетте, жакын. Бирок эстесем, мен 19 жашымдан бери эле кайнене экенмин (күлүп). Окуу жайды аяктап, театрга жумушка киргенде эле “Жаңы келин” спектаклинде кайнененин ролун жараткам, ошондон бери эле кайнене болуп келе жатам. Өзүмө жагат.
– Ата-энемден алган эң баалуу насаат деп эмнени айтат элеңиз?
– “Адам бол, э-эй, адам бол” деп калышчу. Бала кезде абдан тентек элем, шоктугумдун айынан далай тил уктум. Апам жарыктык жоош, атам катуу адам болчу. Урушат, тултуңдап калсам, кайра акырын чакырып алып акча берет. Ал учурда да бир сомдуктар тыйын эмес беле, колума тыйын карматып, Айнур деп эркелетип таарынычымды жазчу. Ал учурда бир сом чоң акча болчу да. "Бирөөгө жамандык кылба, шылдыңдаба, ушак сүйлөбө, жакшы адам бол" деп көп айтышты. Ата-энемдин туура тарбия бергенине ыраазымын.
Асел Нурбекова