Кино дүйнөсүнө аралашканына 5 жылдан ашыгыраак гана убакыт болду. Ошол аралыкта таланты менен да, ызы-чуусу менен да тааныла алды. Сөз түштүк кореялык актёр Чве Хён Ук тууралуу. Ал баш каармандын ролун ойногон “Бул бала – кара ажыдаар” дорамасы жогорку рейтингди багындырган сериалдардын катарына кошулду.
Туулган жери: Түштүк Корея, Инчон
Туулган жылы: 2002-жыл, 30-январь
Жылдыз белгиси: суу куяр
Бою: 181 сантиметр
Кесиби: актёр, модель
Тартылган белгилүү дорамалары: “Бул бала – кара ажыдаар”, “Алсыз каарман”, “Жылтыраган дарбыз”, “25-21”, “Ракеткачан балдар”, “Такси делюкс” жана башка
Бейсболчу
Чве Хён Уктун балалыгы, негизи эле жашоосунун бир бөлүгү десек болот, спорт менен байланышкан. Анткени мектепте окуп жүргөндө 10 жыл бою бейсбол ойноп, келечегин спортко байлайм деген ою бар эле. Бирок оюндардын биринде чыканагынан жаракат алып, операциядан кийин калыпка келет деген ойлор ишке ашпай, дарыгерлер өспүрүм жигиттин спорт карьерасына чекит коюшкан. Көпкө ойлонуп отурбай, Хён Ук окуп жаткан мектебин, бейсбол командасын таштап, Ханлим искусство мектебине которулуп, ал жакта радиоберүү жана оюн-зоок бөлүмүнөн билим ала баштаган.
3 ай...
“Кудайдын планы сеникинен жакшыраак...” деп бекеринен айтылбаса керек. Хён Ук искусство мектебинде 3 ай окугандан кийин эле дебюттук сериалына тартылуу сунушун кабыл алат. 2019-жыл, 17 жаштагы жигит “Реалдуу жашоодогу сүйүү” дорамасында экранга чыккан. 2019-жылдан бери ар бир жылга көз салганда, актёр тыныгуусуз иштеп келе жатат. 2020-жылы “Мангадагы кыз-жигит”, 2021-жылы “Ракеткачан балдар”, “Такси делюкс”, “Чирисан тоосу” дорамаларына тартылган. Арасынан “Ракеткачан балдар” жана “Такси делюкс” долбоорлору ага “Мыкты жаш актёр” сыйлыктарын алып келген. 2022-жылы чыккан “25-21” дорамасында да бир катар сыйлыктарды алууга жетишкен. Жаңыдан кино дүйнөсүнө аралашып келе жаткан адамдын экинчи пландагы роль аркылуу мындай сыйлыктарды алышы анын талантынан кабар берет эмеспи.
Негизги каарман
Экинчи пландагы образдардан кийин, албетте, негизги каарманга айланды Чве Хён Ук. Башкы каарман катары ойногон ролдору азырынча аз, тагыраагы, “Ракеткачан балдар” (2021), “Алсыз каарман” (2022), “Жылтыраган дарбыз” (2023), “Бул бала – кара ажыдаар” (2025) дорамалары. Ал экранга чыккан эмгектери менен түрдүү персонажды ойной аларын далилдеп келет. 5 жыл аралыгында ондон ашык сериалга тартылган жаш актёрдун келечеги алдыда.
Баса, анын актёрлуктан тышкары ырчылыгы да бар. Албетте, жеке ырчы катары сахнага чыккан эмес. Ошентсе да өзү тартылган бир нече дорамага саундтрек аткарганын укса болот.
Моделдик карьерасы да жөнгө салынган. Анын моделдик портфолиосуна көз жүгүртсөң текебер, бай, мажор мырзалардын образы жарашкандай сезилет.
Жеке жашоосуна келсек, каарманыбыз кыздарды жетелеп жүргөн сүрөт, видеолор интернетте бар болгону менен, расмий сүйүктүүм деп тааныштырган айым жок.
Тентек...
Корей коомчулугунун белгилүү адамдарга койгон талабы катаал экенин көпчүлүк билет. Бир жаза басып ката кетирдиң дегиче элдин катуу сынында каласың. Анын айынан карьерасынан кол жууган же депрессияга кабылып өз жанын кыйган атактуулар ондоп саналат. Чыгармачылык жаатта ийгиликтүү карьера куруш үчүн сүттөн ак, ар бир кадамыңды таразага салып ташташың керек. Бул талаптарды эске алганда каарманыбыз Чве Хён Ук от менен ойноп жаткандай сезилет. Анткени анын катышуусунда бир нече ызы-чуулуу окуялар катталган.
1. 2022-жылы актёрдун түнкү клубда жүргөн сүрөтү интернет желесине тараган. Ал өзүн сүрөткө тарткан адамга ортончу манжасын көрсөтүп, клубдан бир кызды ээрчитип чыгып кеткен. Мындай карасаң, ал деле адам, түнкү клубга барса эмне болуптур дейбиз. Бирок корей коомчулугу мындай иш-аракеттерди кабыл албайт.
2. 2023-жылы Чве Хён Ук тамеки тартып, анан анын бүчөгүн турган жеринде таштап койгон видео жайылып, кайрадан катуу сынга кабылган. Болбосо бизде ар бир кадам сайын адамдар тамеки тартып, бүчөгүн каалаган жерине ыргытып жатпайбы. Бул жааттан алганда Кореядагы катуу тартипке, иштеген мыйзамга суктанып кетесиң. Коомчулуктун катуу сынынан кийин актёр бир нече жолу кечирим сураган. Ал эми видео укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, актёрго айып пул салынган.
3. 2024-жылы Хён Ук Инстаграм баракчасына Bearbrick статуэткасын жүктөйт. Статуэткада эмне айып десеңиз, анын жылтыраган фонунан чагылышып сүрөткө тарткан актёр жылаңач экени көрүнүп калган. Ал сүрөт кыска аралыкта баракчадан өчүрүлгөн, бирок актёрдун катталуучулары качан өчүрөт деп күтүп турмак беле, сүрөт чыгар замат көчүрүлүп, андан ары интернет желесине тарап кеткен. Бул ызы-чуу боюнча актёр комментарий берген жок, иш дым-дым болгонсуйт. Бирок Хён Ук өткөндөн сабак албаса, кийинки жаңылыштыгын коомчулук дагы кечиреби, жокпу, ойлонушу керек.
Чве Хён Уктун ойлорунан
“Мен ойногон каармандар мени өзгөртө аларын байкадым. Мисалы, “Ракеткачан балдар” дорамасында мен шайыр, ачык баланын ролун ойногом. Анын терисине кирем, жашоосун түшүнөм деп жатып өзүмдүн мүнөзүм өзгөрүп, ачык адамга айланганымды сездим. Мурда интроверт болсом, азыр экстравертке айландым. Эми каардуу, депрессияга түшкөн адамдын ролун ойносом кандай болуп өзгөрүшүм мүмкүн деп ойлонуп жатам”.
“Мен жасай турган толтура нерселер бар. Эгер бош убакытым болуп калса алгач эле экстремалдык спорт менен алек болсом дейм. Мисалы, бийиктиктен парашют менен секирүү, парапланда учуу сыяктуу. Анан да саякаттаган жагат. Кичинемде үй-бүлөм менен көп саякаттачубуз, ошондон улам жаратылыштын кооздугуна суктануу жүрөгүмө жакын болсо керек. Азыр жалгыз жер кыдырганга басым жасап калдым. Жалгыздыкта кооз пейзаж алдында ойлоруңду иретке келтирүү жеңил”.
“Киного канчалык аралашкан сайын, ошончолук бул кесипке болгон сүйүүм артып барат. Актёрлук чеберчилик, кино тууралуу башка актёрлор менен сүйлөшкүм эле келе берет. Алардын оюн билүү, тажрыйбасы менен бөлүшүү, үйрөнүү мен үчүн маанилүү нерсе. Канчалык көп кишиден тажрыйба алсам, бир жерде токтоп калбай алдыга өсүүмө, келечекти өзгөртүүгө таасири тиет деп ишенем”.
Асыл Орозбекова