УКМК “төңкөрүш уюштурууну көздөгөндөрдүн ишине бөгөт коюлду” дейт

УКМК мамлекетте төңкөрүш жасоону пландаган топтун ишине бөгөт коюлганын жарыялады. Комитеттин маалыматына караганда, бул топ “массалык баш аламандыкка, улуттар аралык жаңжалга жана мамлекеттик бийликти кулатууга” аракет көргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жасалма видео аркылуу элди козутууну көздөп, Бишкекте чет элдиктерге жана укук коргоо кызматкерлерине кол салуу пландарын түзгөнү аныкталды. Топтун кээ бир мүчөлөрү ок атуучу куралдар менен жабдылгандыгы айтылды. УКМК билдиргендей, бул иш-аракеттер чет өлкөдөн башкарылып турган. Учурда топтун айрым мүчөлөрү, анын ичинде орто деңгээлдеги уюштуруучулар кармалды, сыртта жүргөндөрүн издөө уланууда. 

Коопсуздук тармагындагы талдоочулар мындай аракеттердин артында Кыргызстандагы социалдык теңсиздикти, этностор аралык чыңалууну жана маалыматтык манипуляцияны пайдаланган тышкы күчтөр турушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Саясат таануучу Марат Токтосунов: “Бул окуя – социалдык желелерде фейк маалыматтар аркылуу коомду козутуунун коркунучтуу үлгүсү. Бул жагдай медиа сабаттуулук жана коопсуздук кызматтарынын ыкчам иштеши кандай маанилүү экенин көрсөтөт”, – дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан