Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Кыргызстанда пренаталдык скрининг милдеттүү түрдө киргизилиши керек деп айтып чыкты. Сунуш талкуу жаратты, депутатты колдогондор да, жемелегендер да болууда. Мамлекет жыл сайын майыптык боюнча жөлөк пулдарга 8 миллиард 75 миллион сом, майыптыгы бар жарандарды карап-баккандарга 1 миллиард 486 миллион сом, дары-дармекке 5 миллиард сом жумшап жатканын айтат депутат. Макалада резонанс жараткан пренаталдык скрининг деген эмне, анын таасири, күнгөй-тескейи тууралуу сөз кылалы.
Сандар сүйлөйт...
Акыркы 4 жылда Кыргызстанда 604 миң бала төрөлсө, анын
18 миң 351и майыптыгы бар болуп туулган. Бул 90-жылдардагы көрсөткүчтөн 3 эсе көп дешет адистер. Бактыбек Сыдыковдун айтымында, акыркы 3 жылда тубаса аномалия дартынан каза болгон ымыркайлар көп болууда. Башкача айтканда, балдарды өлүмгө жеткирген себептердин арасында 2-орунда турат.
Бактыбек Сыдыков: “Ооруну дарылоодон көрө алдын алган жакшы”
– Ооруну айыктыргандан көрө, анын алдын алган туура. Пренаталдык диагностика программасы ичине түйүлдүктөгү тукум куучулук ооруларды, кемтиктерди, аялдын айрым ооруларын аныктоону камтыйт. Түйүлдүктө патология бар экени билинсе жана аны дарылоого мүмкүн болсо, ага шарт түзөт, энелердин өлүмүн жана ажырашууларды азайтат, – деди Сыдыков.
Аталган программаны ишке киргизүү үчүн 400 миллион сом талап кылынары айтылды.
Сайкал Өмүрзакова, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун пренаталдык борборунун жетекчиси, түйүлдүк медицинасынын адиси: “Скрининг – түйүлдүктү комплекстүү изилдөө”
– “Пренаталдык” деген “төрөткө чейинки” дегенди, “скрининг” болсо “электен өткөрүү” дегенди билдирет. Бул комплекстүү изилдөө. Түйүлдүктүн туура же туура эмес өөрчүп-өнүгүп жатканын, анда хромосомдук бузулуу (гендик мутациядан улам) же тубаса патология бар же жок экенин УЗИ, кандын биохимиялык анализдери, түйүлдүктү курчап турган каканак суусу жана башкалар аркылуу изилдөө. Бул аркылуу эне болочок баласынын ден соолугун так биле алат. Аял төрөткө чейин 3 скринингден өтүшү зарыл. Айрым аялдар боюнда 5-6 ай болгондо же төрөйүн деп калганда гана УЗИден текшерилет, бул туура эмес.
“3 скринингде эмнелер аныкталарын билип алыңыз”
– Биринчи скрининг кош бойлуулуктун 11-13 аптасында (+6 күн) жүргүзүлөт. Түйүлдүктүн анатомиялык түзүлүшү аныкталат. Мисалы, колу-буту, оозу, мурду кандай деп. Моюндун артындагы тери алдындагы суунун канчалык топтолгону да маанилүү. Эгер УЗИден суунун кылыптагыдан ашыкча топтолгону билинсе, демек, баланын патология менен туулуп калуу коркунучу бар. Адатта, бул Даун синдромунан кабар берет. Хросомдук оорулар болгон Даун, Эдварс, Патау синдромдору бар же жок экендигин тактоо үчүн аялга кандын 2 анализин тапшыруу сунушталат
(в-ХГЧ жана PAPP-A). Ушул эле анализден аялда эрте төрөп коюу, баланын ичтен өспөй калуу тобокелдиги, эненин кан басымынын көтөрүлүү коркунучу барбы же жокпу сыяктуулар да билинет. Ошого жараша врач чара көрүп, кош бойлуулук андан ары уланат. Эгер аялда кан басымдын көтөрүлүү коркунучу болсо, врач ага кардиомагнил жазып берет. Аны аял такай ичсе кан басымы көтөрүлбөй калат же абдан аз көтөрүлөт. Кокус генетикалык четтөөлөр болсо, врач аялды генетикке жиберет.
Экинчи скрининг кош бойлуулуктун 18-21 аптасында жүргүзүлөт. Бул учурда түйүлдүктүн органдары жана системдери жаралып бүтүп калат. Ушул скринингде патологияны 95 пайызга чейин так аныктоого болот. Жүрөктө кемтиктин бар же жок экендиги, түйүлдүктүн тону, каканак суусунун абалы жана башкалар билинет.
Үчүнчү скрининг кош бойлуулуктун 28-32 (+6 күн) аптасында жүргүзүлөт. Мында кеч пайда болуучу патологиялар, башкача айтканда, ашказан, ичеги, кызыл өңгөч, сөөк, булчуңдардын патологиялары билинет. Кыскасы, скринингдерден тукум кууган, хромосомдук оорулардын бар экендиги билинсе, анда аялдын анализдерин Москвага жиберип тактатабыз.
“Патологиясы бар түйүлдүктү алдырууну же калтырууну комиссия чечет”
– Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия бар. Комиссияга түйүлдүгүндө патологиясы бар аялдардын аты-жөнү, диагноздору жиберилет. Аял Бишкектен 3 эксперттик УЗИден өтөт. Комиссия бардык жыйынтыктарды чогултуп, керектүү адистер менен бирге ал түйүлдүктөгү оору эмнеден пайда болгонун аныктайт. Туулгандан кийин дары-дармек же операция жасап айыктырууга болору же болбостугу да аныкталат. Ошого жараша аны бойдон алдыртуу же калтыруу тууралуу чечим чыгарылат. Чечим ата-энесине айтылат, түшүндүрүлөт. Эгер ата-эне болочок баласынын бир нече органында патология болсо да карап-багууга даярбыз дешсе, анда түйүлдүк калтырылат. Негизи, генетикалык гидроцефалия, бөйрөктүн поликистозу аныкталса, врачтар сөзсүз бойдон алдырууну сунушташат.
Трагедия, кыйынчылыкка келсек. Айрым үй-бүлөлөр бала майыптыгы бар болуп туулса ажырашып кетишет. Майыптыгы бар баласын карап энеси иштей албай калат, бул үй-бүлөдө экономикалык кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Мисалы, андай баланы ата-эне 20 жашка чейин багып кыйналды дейли. Өкмөт аны дарылатып, жөлөк пул төлөп турду. Анан тилекке каршы, бала каза болуп калды. Бул үй-бүлө үчүн трагедия, өлкө үчүн жоготуу.
Ата-эне дени сак балалуу болушса улуттун генофонду да жакшырат эмеспи.
“Заманбап лаборатория, жалпы база керек”
– Пренаталдык скрининг программасы боюнча өлкөдөгү кош бойлуулардын жалпы базасы, заманбап лаборатория (хромосомдук жана тукум кууган ооруларды да аныктай ала турган), экстра класстагы УЗИ аппараттары, билимдерин тереңдетип окуп сертификат алган УЗИ адистери, атайын түзүлгөн клиникалык протокол жана башкалар болушу керек. Ошондо гана кайсы жактагы канча аялдын түйүлдүгүндө кандай патологиялар бар экендиги, андан ары кандай чара көрүү керектиги билинет. Төрөлөрү менен дароо дарылап же операция жасап алып калууга мүмкүн болгон оорулуу бала жарыкка келсе дароо аракетке өтүү жагы алдын ала каралып, пландалат. Программа боюнча энелердин, балдардын өлүмүнүн саны азаят. Оорусун өткөрүп жиберип, кийин дарылоого кеч болуп калбайт.
Протокол боюнча УЗИ адисинин сертификаты бар же жок экенин текшере алабыз. Кайсы УЗИ адиси, врач түйүлдүктө кемтик жок деп берсе, бирок бала майып төрөлүп калса, муну мыйзам боюнча териштирип жана сотко берүүгө мүмкүн болот. Башкача айтканда, кемчилик ким тарабынан качан кеткенине жараша күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тарттыра алабыз.
Мындай программа менен иштеп жаткан өлкөлөрдө майып балдардын саны кескин азайып жатат. Программа менен көптөгөн өлкөлөр иштейт. Мисалы, бул программа Орусияга 2012-жылы, Казакстанга 2018-жылы киргизилген.
Маселенин этикалык тарабы
Бул маселенин экинчи тарабы да бар. Бул программа өлкөдө аборттордун санын көбөйтөт деген кооптонуулар да айтылууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн мүчөсү Кеңешбек Курманов мындай дейт:
– Шариатта эненин ичиндеги түйүлдүк 4 айга чейин өсүп-өнүгөт делинет. 4-айда ага жан кирет. Шариат түйүлдүктү алдырууга төмөндөгүдөй шартта гана жол берет:
•Түйүлдүктө төрөлгөндөн кийин дарыласа да айыкпай турган оору болсо;
•Мындай диагноз жергиликтүү врачтардан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан тастыкталса;
•Түйүлдүк 4 айга чейинки мөөнөттө болсо.
Бирок ата-энесинин каалоосу сөзсүз эске алынат. Алар калтырууну же бойдон алдырууну тандашат. Түйүлдүккө жан кирген 4 айдан кийин аны туулар менен дарыласа, операция жасаса да жашап кете албастыгы, дарыласа да айыкпастыгы анык болгон күндө да аны алдырып салууга шариат тыюу салат. Аялдын төрөшү зарыл.
Канымжан Усупбекова