Ырчы Сагыныч ырчылыкка кайрадан жең түрө киришкенин айтат. Ортодо тыныгуу алганынын себебин “күтүүсүз оор сыноолор болду” деп түшүндүрдү. Сахна сыйкыры, музыкалык билим, атасыз өсүү, таарыныч, айтор, ар кыл темада баарлашып отурдук.
– Сагыныч, кандайсыз? Маектеше элегибизге көп болуптур, чыгармачылыкта тыныгуу болду окшойт...
– Ооба, көптөн бери маектеше элекпиз, сиздер чакырбадыңыздар, мен келбедим (күлүп). Негизи айрым ырчылар “интервью берип коёюн” деп өздөрү суранып барышат, мен анте албайм. Чакырса качпайм, чакырбаса барбайм. Ырчылык – аздектеле турган кесип, ошондуктан анын баркын түшүрүү туура эмес деп ойлойм. Анан туура байкагансыз, чыгармачылыгымда тыныгуу болду.
– Тыныгуу эмне себептен болду?
– Жеке жашоодо бир катар сыноолор болду, каржы жаатында артка кеттим. Үй сатып алып, аны кайра алдамчыларга алдыртып жибердим. Андан тышкары атамдай жакшы көргөн таятамдын көзү өтүп кетти. Ушундай окуялар болуп жатканда чыгармачылыкка кирише албайт экенсиң. Ошондо продюсерим Канат Култаевге “азырынча чыкпай турайын” дедим. 2019-жылы жашоом бир нукка түшүп, үйлөнүп, көңүлүм бир жаңсыл болгондо гана белсенип, чыгармачылыкка кайра кирише баштадым. “Менден кийин ырдап чыккандар өз ордун таап жатышат, кой, мен да кыймылдайын” деп билек түрө кириштим. Жыйынтыгы жаман болгон жок, “Жашырынган махабат” деген ырымды эл абдан жакшы кабыл алды.
– Эмнеге аталышы “Жашырынган махабат”? Ырдын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз...
– Алмаз Шаадаев (ред.: ырчы) экөөбүз менин студиямда отурганбыз, бир маалда эле обондун кайрыктары жаралып калды. Алмаз мага “сага дал ушундай стилде ыр керек” деди. Сөзүн Камчыбек Өскөнбаев деген акын досум жазган. Башында уялдым, “аялым, бала-чакам болсо, кайын журт эмне дейт?” деп. Ошентип ырдабай калгам. Бирок ырдын текстин жазган досум “жакшы ырды ырдабай койдуң” деп айта бергенинен кайра ойлондум. Ырда деле тагдыр болот, бул ыр көптөргө жакты.
– Келинчегиңиз кандай кабыл алды ырды?
– Келинчегим Мунара да чыгармачыл инсан, мени жакшы түшүнөт. Мурда “Импульс” деген кыздар тобунун мүчөсү болчу. Өнөр жолунда көп жубайлар ажырашып кетишет же мамилелери муздап калат эмеспи. Жубайым түшүнүктүү болгон үчүн биздин мамилебиз бекем сакталып келе жатат деп билем. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, 2015-жылы баш коштук. Учурда эки кыз, бир уулубуз бар.
– Дегеле ырчылыкка кантип келип калгансыз?
– 16 жашымда паспорт аларым менен Москвага барып “дворник” болуп иштеп жүрдүм. Көп жумушту аркаладым, бирок эч бири меники эмес экенин ичимден сезип жаттым. Ырдагым эле келе берчү. Ошондо “Бишкекке барып ырчы болот окшойм” десем, апам, таякелерим, эч кимиси колдогон жок. “Артист болбой эле койчу” дешти. Бир күнү Москвадан айтпай-дебей эле келе бердим. Кафелерде официант болуп иштеп жүрүп, музыканттардан үйрөнүп, кийин кафеде ырдай баштадым. Продюсер Канат Култаев менен иштешип, элге тааныла баштадым. Кесибим – юрист. Ал эми музыкалык билимди эми алып жатам. Бул жаатта мурда эле окугум келчү, бирок жашоо мага андай мүмкүнчүлүктү эми берди.
– Канат Култаев көп ырчынын багын ачты окшойт, сиздердин жол кантип кесилишти?
– Туура, ал кезде анча-мынча ырчы Канат байке менен иштеше албайт эле. Акчасы жоктор ага такыр эле жолой алчу эмес. Кудай жалгап, ал киши мага жардам колун сунду. Телефон номерин таап, чалсам эле “кел, ырдаганыңды угайын” деди. Угуп көрүп, жактырды. Биринчи жолу 2012-жылы ырдап чыккам.
– Жашоо музыкалык билим алууга мүмкүнчүлүк бербеди дедиңиз, ата-энеңиз каршы болгон үчүнбү?
– Ата-энем мен кичине кезде эле ажырашып кетишкен. Кызыгы, 23 жылдан кийин аларды кайра табыштырдым. Ким кандай кабыл алат билбейм, бирок азыркы жашоолорун карап туруп экөөнүн табышып калганына абдан ыраазымын. Атамды 23 жашыма чейин көргөн жокмун. Бир жолу документ керек болуп калып телефон чалсам, “Сагыныч, сенден башка да балдарым бар. Ошолорду жок дегенде сенин жашыңа жеткирип алайын. Экинчи апаңдын мүнөзү чортураак, мага азырынча чалбай турчу” дегендей маанини билдирди. Ошондон кийин такыр кабарлашкан жокмун. Кийин атам мага телефон чалды. “Апаң менен жарашсам жакшы болот эле” деди. Экинчи турмушу болбой калган окшойт, жок дей алган жокмун. Апама айтсам так кесе “болбойт” деп койду. Бир күнү “Ошко тез барышыңыз керек болуп жатат” деп бир шылтоону айтып апамды аэропортко алып барып учакка салып жибердим. Оштон аны атам тосуп алып сүйлөшөт. Ал киши “мага апаңды бир эле жолуктуруп кой, калганын өзүм сүйлөшүп алам” деген эле. Ошентип элдешип, жашап калышты. Азыр ортодо 23 жылдык ажырашуу болбогондой ынтымактуу жашашат. Билишимче, ортодо абдан чоң деле маселе болгон эмес, түшүнбөстүктүн айынан эле ажырашып кетишкен экен.
– Атаңызга “менден такыр кабар албадыңыз” деген таарыныч болгон жокпу?
– Кичинемде атамдын жоктугу анча билинчү эмес. Анткени таятам, таякелерим бар эле. Апам экинчи жолу турмуш курган жок, мени деп жашады, мени эч нерседен кем кылган жок, балким, ошол үчүн атамдын жоктугу сезилбегенби, билбейм. Бирок ата эркек балага чоңойгондо көбүрөөк керек экен. Атанын кеңеши, колдоосу... Чоңоюп калган учурда атамды таптым. Азыр дайыма кеп-кеңешин айтып турат.
– Атыңызды эмнеге Сагыныч деп коюптур?
– Мен төрөлгөндө эле ата-энем ажырашып кетип, атамдын агасы келип “бизди укпай ажырашып кеттиңер, ушул бала тууганчыл болсун. Бизди сагындырбай тез-тезден келип турсун” деп атымды Сагыныч коюптур. Атым тагдырымды жасады десем болот.
– Жеке принциптерим бар деп калдыңыз маекке чейин, үй-бүлөдө кандай принциптериңиз бар?
– “Эмне болсо да ажырашпайбыз” деген бир эле принцибим бар. Турмуш кургандан кийин жоопкерчиликти алыш керек, жашоону кандай болсо да сүйрөп кетүү зарыл.
– Ырчы болушуңуз – жүрөк тандоосу ганабы же башка да максаттар барбы? Мисалы, көп акча табуу...
– Ырчылыкты тандабасам, балким, мындан эрте бутка турмакмын. Шоу-бизнесте күпүлдөтүп акча тапкан 15-20 чакты эле ырчы бар. Калганы мендей эле сахнага чыгуу кумары менен ачка-тогуна кайыл болуп ушул жолдо жүргөндөр. Адатта, элге ырчылардын жалтырак жагы эле көрүнөт да, көшөгөнүн артында эмне болуп жатканы билинбейт. Ырдаганыбызга эле сүйүнүп жүрөбүз, анткени сахна – кумар. Кааласаң да таштай алгыс бир нерсе. Ырдабай калсаң бир нерсе жетишпей тургандай сезим боло берет. Ырың жакшы чыгып, эл оозуна алынып кетсе сүйүнүп денеңе батпай каласың. Акчаны гана көздөп жүргөн ырчылар чыгармачылыктын тикендүү жолунда көпкө чыдай алышпайт.
– Маегиңизге рахмат, концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алышыңызга тилектешпиз.
Нуржамал Жийдебаева