Бир бүркүм. Укук коргоочу кармалды...    

Бишкекте 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу берүү токтотулат.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы, 24-январда өткөрүлөт.

Балыкчы шаарына кире бериштеги экопост алынды, ал жерге туристтик комплекс курулууда.

Сабырбек Жумабеков Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды.

Укук коргоочу Рита Карасартова кармалып, 12-майга чейин камакка алынды. 

 Ош шаарындагы сейил бактарда аттракциондордун абалы текшерилүүдө.

 Нурлан Жумаев Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды.

 Бишкекте 7-класста окуган кыз классташынын соккусунан улам каза тапканы маалымдалды.

 Турдубай Саматов Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

 Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды.

 Өлкөдө учурда 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар экени расмий маалымдалды.

 Айбек Асанов өкмөткө караштуу Климаттык каржылоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды.

 Мектептер быйыл 1-сентябрга чейин 2,5 миллион китеп менен камсыздалары айтылды.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан