Мектепте дагы бир окуучу каза тапты

15-апрелде Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын окуучусу классташынын кол көтөрүүсүнөн каза тапты. Милициянын маалыматына ылайык, окуя сабак учурунда болгон. Бала кызды чаап жиберип, кыз эс-учун жоготкон. “Тез жардам” кызматы чакырылган, бирок дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап калууга жетишкен эмес.

Бул 2025-жылдын башынан бери мектептерде өлүм коштогон төртүнчү окуя. 21-январда Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу Аннас Айтбаев күмөндүү жагдайда өзүн жаман сезип, ооруканага барганда каза болуп калган. Баланын ата-энеси “уулубуз ур-токмоктон каза тапты” деп айтып чыгышкан. 13-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылында 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаев классташтары тарабынан сабалып, каза тапканы айтылган. 22-январда Кант шаарында 10-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун сабап, ал ооруканада көз жумганы маалымдалган.

Бул окуялар бала тарбиясына, мектептеги коопсуздукка көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын көрсөтүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан