“Бардыгын идеалдуу жасашым керек деп чарпылба. Балаң үчүн сенден өткөн идеалдуу апа жок”.
“Колдоо, эргүү берүү, сүйүү баарына керек. Биринчи кезекте энеге...” (Рубус)
“Эненин баласына карата көз ачыктыгы башка эч кимде жок улуу касиет. Эне менен баланы байланыштырып турган, көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу жип бар. Ошол жип аркылуу эне баласынын кайгырганын, ооруганын, кубанганын, айтор, баарын жүрөгү менен сезип турат”.
(О. Бальзак)
“Бир да эне идеалдуу эмес. Бирок бардык эне баласын чын дили менен, бүт жүрөгү менен сүйөт жана ал үчүн ойлонбой туруп жанын берүүгө даяр”.
(Р. Уизерспун)
“Бала үчүн кыял, максат, негизгиси, өзүңүздөн баш тартпаңыз. Өзүңүздү сүйүп, кыялдарыңызга жетүү үчүн аракетиңизди көргөн балаңыз да өзүн сүйөт, кандай бийиктик болбосун жеткенге аракет кылат. Анткени бала үчүн энеси – кичинесинен адам катары калыпка келтирген күзгү сымал”. (И. Рид)
“Эне болуу – өзүнөн мурда байкабаган күчтүү сапаттарды табуу. Эне болуу – мурда билбеген коркунучтар менен күн сайын күрөшүү, аларды жеңүү”. (Л. Вутен)
“Эненин сүйүүсүнөн өткөн сүйүү жок. Башка сүйүү, кумар, ишеним, атак, баары бүтүшү мүмкүн. Эненики эч качан бүтпөйт”. (В. Белинский)
“Бала төрөө, аны жакшы адам кылып тарбиялоо – эненин гана колунан келчү эң оор жумуш. Дүйнөдө эне болуудан өткөн оор жумуш жок”.
(М. Шрайвер)
“Азыр канча жашта болбо, энең бар кезде сен али баласың”. (С. Жейет)
“Дүйнөдөгү эң аялуу аял – эне. Энени качан, кантип капа кылып койгонуңду сезбей деле каласың, анткени ал таарынганын айтпайт, билдирбейт дагы. Жөн гана сени мурдагыдай эле сүйө берет”. (О. Хаям)
“Бул күндөр да өтөт. Ийилбе, сынба, башыңды көтөр! Жаныңда мен бармын”. (Эне)