Баалуу таштардын касиети: Бриллиант көз тийүүдөн сактайбы?

Адамдардын сулуулугун арттырган асем буюмдарга чегерилген баалуу таштардын касиети тууралуу уламыштарды уккан да бар, укпаган да бар. Ар бир адамдын күчүн, энергиясын арттырган өзүнүн ташы болот экен. Ички туюм менен тартылып, жактырып алган таш – сиздики. Ал эми кайсы таш кандай сыйкыр касиетке ээ экендиги тууралуу уламыштар назарыңызда болсун.

Алмаз-Бриллиант

Дүйнөдөгү эң кымбат, бекем, баалуу таштардын бири – алмаз. Алмаз иштетилгенден кийин жаркыраган бриллиантка айланат. Байыркы индейлердин тилинде “алмаз – сынбаган таш” дегенди түшүндүрөт. Чынында эле алмаз өтө бекем минерал болуп саналат. Ал эми гректер бул ташты “жеңилбес, урабас” деген мааниде колдонушкан. “Алмаз – чыныгы ээсин тапканда гана жакшылык алып келет...” деген ишеним бар. Анткени бул ташты табуу жолу оор болгонуна карабастан издегендер көп эле. Тапкандан кийин ачкөздүктүн айынан дайыма уруш-талаш, кан төгүү орун алып турган. 

Бриллиант ташы жаныңда болсо, көз тийүүдөн, жаман ойлордон сактайт деген ишеним гректерден тараган. Анан да жоокердин коргоочусу, өлүмдөн сактап кала турган касиети бар деп согушка аттанганда дайыма жанында алып жүрүшчү делет. Индустар болсо бриллиантты жаздык алдына коюп уктаса уйкусуздуктан, жаман түштөрдөн, жаман ойлордон сактайт дешет. Анан да медитацияда чакраларды толук ачып, ички дүйнө менен гармонияда болууга жардам берет, адамга бейпилдик, тынчтык тартуулайт деп бриллиантты жакшы көрүшөт.

Кызыктуу факт, алгач бриллиантты эркектер гана колдонушкан. Аялдарга болсо үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгондон кийин гана жетилди, акылы толду деп тагынууга уруксат берилген. Азыркы учурда эгер эркек бриллиант асем буюм тагынса, финансылык абалы жакшырат делет. Бриллиант мырзага акча, ийгилик, туруктуулук чакырат экен. Ал эми айым бул баалуу ташка ээ болсо, жаштык, сулуулук жана аялдык бакытка ээ болот.

Рубин – үй-бүлөнү коргоочу таш

Күлгүн кызыл түстөгү рубин үй-бүлөлүк тумарлар менен тыгыз байланышта. Ал үй-бүлөлүк бакыттын негизги табигый коргоочуларынын бири болуп эсептелет, түгөйү менен өз ара түшүнүшүү, жан дүйнө тынчтыгын жана бейпилдикти берет. Кооптуу жумушта иштеп күн сайын өз өмүрүн тобокелге салган адамдар түрдүү жаракаттарга каршы тумар катары рубин зер буюмдарын тагынышкан. Рубин тууралуу алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 6-кылымда белгилүү болгон. Дагы бир кызыктуу факт: эгер түшкө кызыл рубин ташы бар шакек кирсе, анда бойдоктор түгөйүн табат деп жорушат. Ал эми рубин ташы менен сөйкө көрсөңүз, үй-бүлөгө толуктоо кирип, наристе төрөлөт.

Сапфир – ийгилик ташы

Ачык көк, кочкул көк, кара, күлгүн, сары жана башка түстөрдү алып жүрөт сапфир ташы. Аны байыртан бийликтин символу катары колдонушкан. Андыктан падышалардын таажыларына, шакектерине сапфир ташын чегеришкен. Бара-бара сапфир чыгармачыл чөйрөнүн жана акыл-эс менен эмгектенгендердин суроо-талабына ээ боло баштаган. Анткени кристаллдын энергиясы искусство, музыка, адабият жаатында шедеврлерди жана илимий ачылыштарды жаратууга шыктандырат деп эсептешкен.

Дарылык касиети катары эс-тутумду жакшыртат, баш мээнин сезгенүү ооруларын алдын алууга, адамдын аурасын бекемдөөгө, тазартууга жардам берет делет. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жаңы турмушка чыккан кыз сапфир тагынып жүрсө бат боюнда болот деген ырым бар. 

Изумруд – акылмандыктын ташы

Ачык жашыл көздүү асем буюмуңуз барбы? Бул таш изумруд деп аталат. Байыртан бери изумрудду – акылдын, үмүттүн, түшүнүктүн символу деп келишет. Бул ташка адамдар түрдүү маани ыйгарышкан – "жашыл муз", "чындыктын ташы", "бактылуу сүйүүнүн ташы", "жаздын жүрөгү", "сүйүү издегендердин ташы" жана башка. Бүбү-бакшылар изумруд адамдын өткөн өмүрүн көрсөтөт дешкен.

Дарылык сыйкыры тууралуу айтсак, азыркы коомдо изумрудду диабет дарты менен жабыркагандар жактырышат экен. Анткени бул баалуу таштын кандагы канттын деңгээлин жөнгө салчу касиети бар деген түшүнүк жашайт. Андан сырткары башы ооруган, жумуштан чарчап-чаалыгып келген адам изумрудду жанына жакын алып жүрсө абалын жеңилдетет дешет.

Топаз – жаштардын ташы

Топаз – жаштыктын символу. Бул таш адамдын жаштыгын узартат дешет, анан да достук мамилени бекемдеген касиети бар экен. Эгерде досуңуз менен мамилеңиз көпкө сакталсын десеңиз, топаз ташы бар зер буюм белекке бериңиз.

Дарылык касиети тууралуу уламыштарды да айта кетели. Топаз ташы ашказан-ичеги ооруларын дарылайт, эс-тутумду жакшыртат, ачык жаракаттарды бат калыбына келтирет дешет. Айтор, топазы бар асем буюм ашыкча болбойт экен.

Оникс – иммунитетти бекемдейт

Капкара таштар зер буюмдарга өзгөчө көрк жана сүр кошкондой сезилет. Бул кара таштын аталышы – оникс. Орто кылымда Европада ониксти кара дуба, көз тийүү, жаман сөз, жаман көз дегендерден коргонуучу курал катары колдонушкан. Ал эми медицинада оникстин майдаланып упа түрүнө келген абалын ревматизмди, ачык жаракаттарды дарылоочу, анан да иммунитетти бекемдөөчү дары-дармектердин курамына кошушкан. 

Аметист – стресстен арылтат

Аметист өтө кымбат таштардын катарына кирбейт, ошентсе да пайдасы жагынан башкалар менен тең тайлашчу алы бар. Ички туюмду өнүктүрүп, адамдын экстрасенсордук касиетин ачууга жардам берет делет. Кызуу кандуу, а дей электе “от алып” ачууланып кетчү адамдар аметист ташы менен аксессуар тагынып жүрсө эмоционалдык туруктуулук тартуулап, стресс, депрессия абалынан да чыгаруучу таасири бар экен.

Гранат – сүйүү ташы

Анардын өңүндөй кочкул кызыл түстүү таш – гранат. Орто кылымдардан бери гранатты чексиз сүйүүнүн, кумардын ташы катары эсептеп келишет. Жаңы үйлөнгөн мырза келинчегине гранат ташы бар зер буюм тартуулаган, бул анын үй-бүлөлүк жашообуз сүйүүгө, кумарга толсун деген каалоосун билдирген. Ал эми Японияда гранатты окумуштуу болгусу келген адамдар колдонушчу. Япондордо гранат адамдын илим-билимге карата 3-көзүн ачат, жаңы ачылыштарды жасайт деген ишеним жашайт.

ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИЛЕРГЕ ЖАРАША ТУУРА КЕЛЧҮ ТАШТАР

Кой – гранат, бриллиант, аметист, рубин;

Букачар – изумруд, хризолит, бирюза, агат;

Эгиздер – жемчуг, топаз, берилл;

Бөйөн – аметист, оникс, күлгүн түстөгү сапфир;

Арстан – янтарь, сапфир;

Бийкеч – нефрит, изумруд, сердолик;

Тараза – топаз, опал, лазурит, аквамарин;

Чаян – рубин, коралл, опал, изумруд;

Жаачы – гранат, цитрин;

Текечер – рубин, малахит, оникс;

Суу куяр – циркон, аквамарин, аметист;

Балык – бермет, агат, аметист.

 

Асыл Орозбекова     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан