Адам мүнөзүнүн сырын түшүнүү – өзүңдү жана башкаларды түшүнүүнүн башаты. Ар бир адам – өзүнчө бир аалам. Бири шайыр, экинчиси олуттуу, үчүнчүсү түнт... Кээде абдан сабырдуу, же тескерисинче, бат ачууланган адамдарды карап, “Ушундай болуп төрөлгөн го?” деп калабыз. Чын эле, адам мүнөзү туулганда эле белгилүү болобу же убакыттын өтүшү менен калыптанабы? Бул суроолорго жооп табуу үчүн психология илими “темперамент” жана “мүнөз” деген эки түшүнүктү айырмалап түшүндүрөт. Макалада ушул эки түшүнүккө сереп салып көрөлү.
Темперамент деген эмне?
Темперамент – бул адамдын жүрүм-турумун, эмоциясын, айлана-чөйрөгө реакциясын аныктаган тубаса өзгөчөлүк. Башкача айтканда, адамдын төрөлгөндөн тарта алып жүргөн мүнөзүнүн “табияты” десек болот. Бул – ар бир адамдын эмоцияга кандай ылдамдыкта реакция кылары, күлкү же ыйга жакындыгы, сабырдуулугу же шашмалыгы, сырткы дүйнө менен байланышы кандай болорун аныктаган фактор.
Бул түшүнүктү илимге биринчи жолу байыркы грек дарыгери Гиппократ киргизген. Ал адамдарды төрт темпераментке бөлгөн: сангвиник, холерик, флегматик жана меланхолик. Гиппократтын теориясы бүгүнкү күндө биологиялык жактан далилденбесе да, психология илиминде адамдын мүнөзүн түшүндүрүүдө пайдубал катары колдонулуп келет. Ал эми кийинчерээк немис физиологу Иван Павлов темпераментти мээнин нерв системинин иштеши менен байланыштырган, ал темпераментти “жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн туруктуу түрү” деп түшүндүргөн. Павловдун айтымында, адамдын реакциясы анын нерв системинин күчүнө, тең салмактуулугуна жана ылдамдыгына жараша болот. Темперамент адамдын мүнөзүнө кандайча таасир этерин түшүнүү үчүн анын төрт түрүн карайлы.
Сангвиник – ачык-айрым, шаттыкка толгон жана жашоону сүйгөн адам. Ал тамашакөй, энергиялуу, оптимист, көпчүлүктүн ичинен дароо көзгө урунган, жаңы нерселерге ачык кишилер. Өз оюн башкаларга так жана түшүнүктүү жеткиришет.
Холерик – активдүү, чечкиндүү, күчтүү жана өндүрүшкө багытталган адам. Адатта, бат ачууланып, бат жазылат, абдан чечкиндүү болушат. Максатка талбай умтулган мыкты лидерлер.
Флегматик – токтоо, сабырдуу жана туруктуу адам. Көбүнчө ойлонуп, бардык жагдайларды алдын ала пландап иштешет. Сырткы чөйрөгө эмес, ички тартипке көбүрөөк көңүл бурушат. Эмоцияларын ачык билдиришпейт.
Меланхолик – сезимтал, терең ойлонгон жана чыгармачыл адам. Көбүнчө өзү менен өзү болуп, көп ойлонот. Эмоцияларын башкалардан жашырууга аракет кылышат. Башкаларды уга билишет жана чыгармачылыкка байланышкан иштерде абдан ийгиликтүү болушат.
Мүнөз деген эмне?
Мүнөз – бул адамдын жүрүм-туруму, баалуулуктары, көз караштары жана чечим кабыл алуу ыкмасы. Бала кезде калыптанып, өмүр бою таасирге дуушар болот. Мүнөз жашоо, тарбия, окуу, мамиле, жеке тажрыйбалар жана коомдук чөйрө аркылуу калыптанат. Бул боюнча америкалык психолог Гордон Олпорт мындай дейт:
“Мүнөз – бул инсандык сапаттардын биригүүсү. Ал адамдын моралдык, этикалык, социалдык сапаттарын билдирет”.
Мисалы, бала туулганда меланхолик болсо – бул анын темпераменти. Ошол бала сылык, эмгекчил, ак ниет болуп чоңойсо – бул анын мүнөзү.
Темперамент менен мүнөздүн айырмасы эмнеде?
Темперамент – табияттан берилген “музыкалык аппарат” болсо, мүнөз – ошол аппарат менен “ойногон күүлөрүбүз”.
Эгер сиз холерик болсоңуз – бат таасирленип, бат сүйлөйсүз. Ак ниеттүү, боорукер, туура сөзгө ынтаа кылган киши болсоңуз – бул сиздин жакшы мүнөзүңүз. Эмоцияңыз сыртыңызда болсо да, кээде токтоо, чечимдерди акылга салып кабыл алган адам болушуңуз мүмкүн.
Сангвиник – шайыр адам, бирок тарбиясы начар болсо, бул сапаттар аны жеңил ойлуулукка түртүшү мүмкүн. Демек, темперамент – нейтралдуу: жакшы да, жаман да эмес. Аны пайдалуу же зыяндуу кылган – мүнөз, тарбия жана адамдын өзүн таануу жөндөмү.
А бизге эмне пайда?
Бул эки түшүнүктү айырмалап түшүнүү – адамдын өзүн да, башкаларды да туура баалоосуна жардам берет.
• Ата-эне баласынын темпераментин таанып, ага жараша мамиле кылат
• Жубайлар бири-биринин мүнөзүнө ылайык сабыр кылып, туура тил табышат
• Жетекчи кызматкерине туура милдет бөлүштүрөт
• Өзүбүздү таанып-билсек – кемчилигибизди жоюп, жакшы сапаттарыбызды өстүрө алабыз
Балким, сиз түнт, тынч же эмоцияга бат берилген адамсыз – бул жаман эмес. Бул жөн гана сиздин темпераментиңиз. Өз жүрүм-турумуңузду, баалуулуктарыңызды өзүңүз тандайсыз. Ошондуктан мүнөзүңүздү кылдаттык менен “тарбиялаңыз” – ал сиздин келечек тагдырыңызга түздөн-түз таасир берет.
Сиз кайсы темпераментке киресиз?
Тесттен өтүп көрүңүз. Ар бир суроого сизге жакын болгон бир эле жоопту тандаңыз. Эң көп чыккан тамга – сиздин темпераментиңиздин далили.
1. Адамдар менен таанышууда мен...
A) Биринчи сөз баштап, оңой баарлашам
B) Бир аз уялсам да, баарлашууга аракет кылам
C) Абдан этият болом, ачык-айкын баарлашууга убакыт керек
D) Дароо жакындашпайм, көбүнчө алыстан байкап турам
2. Кызыктуу идея келсе, мен аны...
A) Дароо ишке ашырууга киришем, күчүмө ишенем
B) Башкалар менен бөлүшүп пикирлерин угам
C) Акыл-эс таразасына салып ойлоном
D) Көпкө ойлоном, ишке ашыруу кыйын болот
3. Бирөө мени сындаса...
A) Дароо жооп кайтарам
B) Жөн гана жылмайып коём
C) Ичтен анализ кылып, себебин издейм
D) Көңүлүмө катуу тийет, көпкө чейин ойлонуп жүрөм
4. Эс алуу күнү мен...
A) Бир нече ишти бүтүрөм, жигердүү өтөт
B) Достор менен көңүл ачам
C) Жалгыз отуруп, китеп окуганды жактырам
D) Тынчтыкты самайм
5. Ачуум келгенде...
A) Дароо билдирем, жашырбайм
B) Бат эле унутуп калам
C) Өзүмдү көзөмөлдөйм, сыртка чыгарбайм
D) Ичимде кармап жүрөм, оор кабыл алам
Жыйынтык: Эң көп кайсы тамга чыкты?
• A – холериксиз
• B – сангвиник экенсиз
• C – өзүңүздү флегматикмин деп эсептеңиз
• D – меланхолик темпераментине ээсиз
Айта кетсек, бул тест өзүңүздү жакшыраак таанууга гана жардам берет. Муну кесиптик диагностика эмес, жөн гана багыт берүүчү курал катары кабыл алыңыз.
Адина Муктар