Кыргызстанда алимент өндүрүү маселеси курч бойдон калууда. Жогорку Кеңеш 23-апрелде алиментти соттун чечимисиз эле нотариус аркылуу өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоордун демилгечилеринин айтымында, бул жаңы тартип жарандарга убакытты үнөмдөп, маселени тезирээк чечүүгө шарт түзөт. Кабыл алынган мыйзамдын талабы боюнча, нотариус жашы жете элек балдар боюнча ай сайын алимент өндүрүүгө буйрук берет. Анын көлөмү: 1 балага атасынын маянасынын же иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн, 2 балага үчтөн бир бөлүгүн, 3 же андан көп балага кирешесинин жарымын түзөт. Ошондой эле нотариус аркылуу эгер карыздар 6 айдан ашык убакыт төлөнбөй калса коммуналдык кызматтар үчүн карызды жабууга да акча өндүрүүгө мүмкүн.
Статистикага таянсак, 2024-жылдын башында Сот аткаруучулар кызматынын карамагында алиментке байланыштуу 41 482 иш өндүрүштө болгон. Жыл ичинде дагы 18 170 документ келип түшүп, жалпысынан түшкөн материалдардын саны 59 652ге жеткен. Анын ичинен болгону 1111и аткарылган.
Өлкөдө алимент төлөөдөн качып жүргөн аталар көп. Бул баланын укугун тебелеген чоң маселе бойдон калууда. Нотариус аркылуу өндүрүү тартиби кабыл алынса да жардам бериши кыйын, эң башкысы – коомдук аң-сезим өзгөрүшү керек дешет эксперттер.