Өлкөдө орточо айлык 39 456 сом деп жарыяланды

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында мекеме-ишканалардагы орточо айлык 39 456 сомду түзгөн (чакан ишканаларды эске албаганда). Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга көп деп айтылат маалыматта. Маяналар сезилерлик жогорулаган тармактар: курулуш (39,7 пайыз), кыймылсыз мүлк (34,1 пайыз) жана байланыш (26,9 пайыз) тармагы деп белгиленет. Бирок эксперттер бул көрсөткүчтөр чыныгы эмгек рыногунун абалын толук чагылдырбайт дешет.

– Статистика ири ишканалар менен чектелип, чакан жана орто бизнес, өз алдынча иштегендер, көмүскө тармак камтылбай калышы мүмкүн. Ал эми айлыгын убагында албай жүргөндөр дагы аз эмес, – деген пикирлер айтылууда.

Ошол эле учурда бюджеттик жана жеке ишканалардын кызматкерлеринин маянасынын айырмачылыгы да чоң бойдон калууда. Мисалы, жеке тармакта иштегендер бюджеттик мекемелерде иштегендерден 1,7 эсеге көп маяна алышары айтылат документте.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан