Шыкмаматов “3 айда бюджетке кошумча 1 миллиард сом түштү” деди

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, акыркы үч айдын ичинде Кыргызстандын бюджетине 1 миллиард сомдон ашык кошумча киреше түштү. Бул кошумча кирешенин булагы – ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып келинген товарларга каршы күрөштүн күчөгөнү менен байланыштуу экени айтылат. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас аймагындагы Чоң-Капка өткөрмө пунктунда болуп, ал жактагы товар каттоо жана көзөмөл иштери менен таанышты. Анын айтымында, көзөмөл күчөп, “көмүскөдөгү импортко” бөгөт коюлуп жатат.

Шыкмаматов баса белгилегендей, чек арадагы “Сводный пост” системи жана башка техникалык жабдуулар жүк агымын көзөмөлдөөгө чоң жардам берип жатат. Ошондой эле кызматкерлерге түзүлгөн шарттар, көзөмөл органдарынын ортосундагы координациянын жакшырышы дагы буга өз салымын кошууда дейт чиновник.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан