Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Элес Али алып келген тагынчактарды тиктеп тура берди. Көздөрү алайды, тигилерди бир тиктеп, кайра Алини карады.

– Булар кайдан? Сен кайдан таптың?

– Сен буларды жоготуп алдым деп ойлогонсуң. Мен катып койгом. Ошол убактарда үмүт бере турган бир нерсе издедим. Сен ыйлап өзүнчө отургансың. Көзүм түштү. Алып катып койдум. Сенин издей турганыңды билдим. Бирок баары бир сага айтпай катып койдум. Балдарыбыз табылат деп үмүт кылдым. Бардык балдар ата-энесинен кийин өлүшү керек деп ойлодум. Жашоонун мыйзамы ушул дедим. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Үмүткө тутундум. Бул үмүт үзүлгөндө менин жаным кошо үзүлүп кетсин деп дуба кылдым. Дубам кабыл болду...

– Эмне деп жатасың?- деп алайды Элес.

– Балдар табылганда мен сага бул тагынчактарды кайра берем деп убада бергем өзүмө. Сен кайсы жакта болсоң да, кимдин аялы, кимдин энеси, жердин кайсы бурчунда болсоң да таап, мен сага бул тагынчактарды тапшырам деп тилек кылгам.

– Али? Коркутпа мени...

– Ушул көз ирмемди кыялданып жатып таң атырган күндөрүм болгон, бирок “эч убакта бербей каламбы?” деген коркунуч да бар эле. Кудайга шүгүр, булар сеники. Бирин Айдар төрөлгөндө бергем, Айдын сүрөтү жана “дар” деген жазуу бар, экинчисинде Айдын сүрөтү жана “сулуу” деген жазуу. Бул кызыбыздыкы болчу.

– Балдар?

Алинин көз жашы кулап кетти.

– Табылды! Балдарыбыз аман-эсен табылды.

Элестин бут алдынан жер көчүп кетти. Боюн токтотоюн деди, бирок күчү жетпеди. Эсин жоготуп жерге күп эте жыгылып түштү.

ххх

Бермет балдарынын уктап жатканын тиктеп отурду. Такыр таң атпашын тиледи. Эртеңки күнү балдарын минтип бейпил уктап жатышын көрбөй каларын ойлонуп жатты. Эсине, жүрөгүнө балдарынын ушул элестерин толтуруп алгысы келгендей ошол түнү көз ирмебей таң атырды бечара эне...

ххх

Элес көзүн ачса диванда жатыптыр, жанында Али отурат. “биздин балдарыбыз табылды” деген сөз дагы деле мээсинде айланып жатты. Араң көзү ачылды.

– Али?

– Кечирип кой, минтип, балким, айтпашым керек беле. Башкача кантип айтарымды да билбедим.

Али Элестин жанында отуруп болгон окуяны айтып берди.

– Азыр балдар кайда?

– Үйүндө. Ариет бүгүн энеси менен болсун дедим.

Али Бермет берген сүрөттөрдү алдына койду. Балдардын ар кыл жаштагы сүрөттөрү турду. Элес баарын бирден карап көз жашын токтото албай өксүп жатты.

– Айдар, Айсулуу! Жандарым менин, силер бар экенсиңер! Силер аман-эсен экенсиңер да... Шүгүр, аман эсен...

Бирде ыйлап, бирде күлүп, балдардын сүрөтүн көкүрөгүнө кысып жатты.

– Али, мен аларды көрүшүм керек!- деди бир кезде.

– Элес, алар биз ата-энеси экенибизди билишпейт. Ошондуктан бир аз күтүшүбүз керек.

– Күтө албайм, билбесе айтышыбыз керек, эми аларды боорубузга кыса албай... Кантип ошондой болсун?

– Балдар оңой жашоодо жашабаптыр. Баккан энесин аябай жакшы көрүшөт экен. Ариеттин көздөрүндөгү ал аялга болгон мээримди көрсөң... Азырынча бир аз күтүш керек, мени билсин, сени билсин, акырындап чындыкты айтабыз.

– Сен эмне деп жатасың? Мен аларды көрбөй тура албайм.

– Чынын айтсам, мен деле чыдай албайм. Бирок кантип айтыш керек экенин да билбейм. Бир билгеним бар, кандай болсо да сабыр кылышыбыз керек.

Али кайра-кайра болгон окуялардын баарын айтып араңдан зорго Элести көндүрдү.

– Азыр чыга калып эле “биз силердин ата-энеңербиз” деп айтышка болбойт. Анда жарака кетет. Каны биздики болгону менен, аларды башка бир аял бакты. Аларды аттап өтүп кете албайбыз...- ушулардын баарын кайра-кайра айтып жатты.

– Макул, сен айткандай болсун баары. Бирок бир шартым бар, мен алыстан болсо да аларды көрүшүм керек. Таң атары менен баралы, аларды көрбөй тура албайм,- деди. Али буга макул болбой коё албады. Эртеси таң атпай алар Берметтин үйү жакка келишти. Унаасын көп машиненин арасына токтотуп, балдарды акмалап жатышты.

– Тигине, чыгышты...

Жонуна рюкзак асынып Ариет, анын аркасынан Айсулуу чыкты. Алинин көздөрү чыгып кете жаздады. Ал кызын көрүүгө батына албай койгон, эмнегедир коркту эле. Азыр алдына чыкканда дем ала албай Айсулууну тиктеп калды. Кичине кезинде аны “атасынын кызы” деп коюшчу. Так ошондой болуптур! Али Акайга куюп койгондой окшош эле. Дал ошондой жапалдаш бой, чымыр дене, коюу чач, көздөрү алагар, буудай ирең... Айнекке жабыша карады. Азыр машинеден ыргып түшүп, кызын кучактап жыгылчудай алдастай түштү. Элес биринчи алдына келе жаткан Ариетти көрдү. Анан кызын көрдү. Бакырып жибербейин деп оозун алакандары менен мыкчый тиштенди. Тамагына жапайы бир үн чыгып барып, онтоп жиберди. Бир көз ирмемде Ариеттин каректери дал өзүнө туш келгендей боло түштү. Жөн гана ошондой сезилиптир, алар машинеде отурган ата-энесин такыр байкашкан жок. Өз ара бир нерселерди сүйлөшүп өтүп кетишти. Али Акай Элестин титиреп жаткан денесин кучактай калды.

– Ыйлаба, эми баары бүттү. Алар аман-эсен, акылдуу болуп чоңоюшуптур.

– Мен күнөөлүүмүн!- деди Элес көз жашын сүртүп. – Карачы, бизсиз чоңоюшту.

– Эми эч ким күнөөлүү эмес. Болгон иш болду. Эми кандай кылабыз, ошону ойлонушубуз керек. Балдарга кантип айтабыз? Балдар мектепте жүргөндө энеси менен сүйлөшөлү.

ххх

Алдында турган балдарынын ата-энесин көрүп Бермет оор үшкүрдү. Элес эки жагын карап алды. Балдары ушул кепедей кичине бөлмөдө чоңоюшкан экен да. Каңырыгы түтөп кетти. Экөө тең эмне дешти билишпей шалдайып туруп калышты.

– Кандай чара колдонсоңор да макулмун. Мен күнөөлүүмүн!- деди Бермет. – Бирок силер бир нерсени билишиңерди каалайт элем. Бул тагдыр! Ошол кечте биздин үйгө Лимон келбегенде, балдарды тапшырып бара жатып өлүп калбаганда бул нерселер болбойт болчу. Кудай мага эне болуп өз балдарымды өстүрүүнү буюрбады, бирок ушул балдарды тарбиялап чоңойтконду маңдайыма жазган экен. Туура, каны силердики, бирок... Алар менин да балдарым.

– Эч кандай андай эмес!- деди башын чайкаган Али. – Сиз антип өзүңүздү актабаңыз. Лимон өлгөндөн кийин балдарды бизге алып келип беришиңиз керек эле, балдар өз ата-энеси менен өсүшү керек болчу. Сиздин күнөөңүз чоң! Бирок балдардын жүрөгүн ооруткум келбегендиктен, ден соолугуңузду да аяп тиешелүү органдарга кабар берген жокмун. Бирок жашоодо эң адилеттүү бир жаза бар. Мен силер жакшы көргөндөй балдарды жакшы көрөм деп жатпайсызбы, балдарды биз сагынгандай сагынасыз. Жол карайсыз. Бир көргөнгө зар болосуз. Биз кандай тозоктун отунан өтсөк, сиз да ошол тозоктон өтөсүз. Бул эң адилеттүү жаза!- деди Али Акай.

– Суранам, анда-санда көрүп турайын,- деди боздогон Бермет.

– Балдар азыр мектепте, үйгө келгенде баарын, биздин ким экенибизди айтасыз. Анан балдарды алып кетебиз. Ошону менен аларды эч качан көрбөйсүз. Керек болсо, мен балдарды башка өлкөгө алып кетем.

– Бир аз убакыт бергиле. Оюмду жыйнайын,- деди көз жашын сүрткөн Бермет.

Али жай гана башын чайкады.

– Силер бизге убакыт бердиңер беле? Сиз ушул балдардын ата-энеси кандай абалда калды деп ойлодуңуз беле?

– Ариет оор кабыл алат, мени менен жаны бирге баламдын. Айсулууга айтайын биринчи, суранам...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан