КИНО ТАРТУУДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ОКУЯЛАР  

Назирет Дубашев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Кошокту угуп чын эле өлүп калдымбы деген ой кетти”                   

– 9-10 жаштарда болчумун. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепте окуп жүргөн кезим. Бир жолу тасмага тартканга деп таланттуу балдарды издеп келип, 2-3 баланы алып кетишти. Барганда “ырдап бергиле” дешти эле, берки балдар уялышты окшойт, ырдабай коюшту. Мен да уялып жаттым, карасам шкаф турат. “Тиги шкафтын ичине кирип ырдап берейин” десем, макул дешти. Ошентип, ырдап бүткөн соң мени “Биринчи мугалим” тасмасындагы Субандын ролуна бекитишти. Сценарий боюнча Субан кырсыктап каза болгондо баш жагына кемпирлер отуруп алып кошок кошушат эмеспи. Ошондо бетим жабылуу, көзүм жумулуу, кыймылдабай кошокту угуп жатып “чындап эле өлүп калган жокмунбу” деп коркуп кеткеним эсимде. Акырын колу-бутумду кыймылдатып көрдүм, кыймылдап жатат. Ошондо анан жүрөгүм ордуна келген.

Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Медайым бузуку Кадича деп дарылабай койгон”

– “Мен – Тянь-Шань” тасмасында Кадичанын ролун ойногом да. Тасма тартылган Төө-Ашуу, Долон ашуулары суук болгондуктан “Мосфильмдин” сүрөтчү-декоратору Макаров колуна дайыма портфель көтөрүп жүрчү. Ичинде “ак моюн” жана колбаса боло турган. Кино тартуучу топтогулардын үшүп калганын көрсө эле “суукта күч берет” деп сумкасынан тигилерди алып чыкчу.

Кино жарыкка чыкты, элдин баары көрдү. Бир күнү тамагым ооруп ооруканага барсам врач “10 күн дарыланасың, биздин медайымдар дарылашат” деди. Андан чыгып медайымга барсам, ал мени бир карап “азыр келем” деп чыгып кетип жок. 3 саат күттүм, акыры башкасы келип дарылап берди. 10-күн дегенде баягы мени күттүргөн медайым келип “сиздин Кадича экениңизди көрүп дарылагым келген эмес. Жаңылыпмын, көрсө, жакшы эле эже турбайсызбы” деп кечирим сурады. Ошондо түшүндүм, ал мени тасмадагы образымдан улам бузуку Кадича деп кабыл алганын. Күлүп, “ой, ал деген кино, образ” деп түшүндүрүп бергем. 

Илим Калмуратов, актёр: “Кентаврда” Актан байкенин оозун жара тепкем”                         

– Актан Арым Кубат тарткан “Кентавр” тасмасында көп жолу соттолгон, ууру Садырдын ролундамын. Кентаврды Актан байке өзү аткарат. Сценарий боюнча бирөө атын уурдатып, анан Садырга жалаа жаап, сабатат. Садыр “сенин айыңдан бөөдө таяк жедим” деп атты уурдаган Кентавр менен мушташат. Ушул эпизодду экөөбүз ойноп жатабыз. Актан байке атка жалтаң экен, чаап келе жатсам эле качып кетет. Бир убакта “калың кийинип алдым, эми качпайм” деди. Чаап келе жатсам кайра качты. Акыры “мушташтык”, ошондо  Актан байкенин оозун жара тээп алгам. Кийинки бир эпизоддо мени сабашат. Ошондо Актан байке “жакшылап сабагыла, өчүмдү алып алайын” деп жатпайбы (күлүп). 

Калипа Таштанова, актриса: “Сөөк какшаткан муздак сууга ыргытышкан”                             

– “Аяш” тасмасында Каныкейдин ролун аткарат эмесминби. “Аяш-2нин” сценарийи боюнча, Ошко бара жатканыбызда жолдо аяштар кымыз ичип кызуу болуп калышат. Анан сууга түшүшүп, мени да сууга ыргытышат эмеспи. Ошол суу тоо суусу болгондуктан шар агып, анан сөөк какшата турган муздак экен. Ал эпизод 2 дубль менен тартылган. Суу агызып кетпеши үчүн мени сууга туурасынан туруп калган даракка жөлөп тартышты. Суунун муздактыгынан денем катып калды. Сыртка өзүм чыга албайт элем, жардамдашып алып чыгышты. Жай мезгили болгонго күн 40 градус ысык эле, кийимдерим бат эле кургады. Анан 2-дублда кайра сууга түшүрүп жатышпайбы?! Тоңуп, өлүп калайын дедим.

Улан Султангазиев, актёр: “Бассейнде 3 саат жүрүп тасмага тартылгам”              

– Кинорежиссёр, сценарист Айбек Дайырбековдун “Жамгырдагы үч адам” деген тасмасында башкы ролду ойногом. Так эсимде жок, сюжет боюнча жайкы же күзгү учур чагылдырылмак. Бирок тартуу иши кышында, болгондо да кыш чилдеде тартылды. Түнкү саат 9дан 12ге чейин тасмага тартылабыз. Жамгырлуу түндү чагылдыруу үчүн үстүбүздөн өрт өчүрүүчү машина менен суу чачышат. Ошого 4-5 күн суу болуп тартылууга туура келди. Эл күрмө менен калчылдап үшүп жатса, биз жайкы кийимчен жүрөбүз. Ошондо мага кошо тартылып жаткан актёрдун бөйрөгүнө суук тийип, тасмадан алган гонорары дарылануусуна кетти. Дагы бир тасмада бассейнде тартыла турган эпизод бар болчу. Ошого 3 саат тартылам деп өнөкөт гайморит оорусун тапкам. 

Зияш Турдубеков, актёр, каскадёр: “Курулуш: Осмон” тасмасы тартылган аянтты чаңытып жибердим”                                  

– Түркиянын “Курулуш: Осмон” тарыхый телесериалына каскадёр катары тартылып жатам. Жаңы барганымда мени эч ким тааныбайт эле. Биринчи жолу съёмкага чыксам каскадёрлор баары кылычташып, мушташуу үчүн шериктери менен даяр. А мен кылыч кармап жалгыз турам. Режиссёрдун жардамчысы келип “сенин шеригиң жок экен, чыгып тур, кийинки съёмкага тартыласың” деди. Мен “чыкпайм, өз алдымча импровизация кылып ойной берем” десем, “кантип?” дейт. Идеямды айтсам, “көрөлү” деп калды. Тартуу иши башталды. Арабанын үстүнө чыгып, андагы желектерди кылычтап кирдим. Экөөсү кулап ылдыйдагы каскадёрлордун башына тийди. Анан арабадан секирип түшүп, жердеги сандыкты ачып, ичиндегилерди ар жакка ыргыттым. Алар ар кимге тийип жатты. Андан ары алдымдан чыккан каскадёрлор менен кылычташып кете бердим. Атты үркүтүп, анын бут жагынан өтүп кетип... Каскадёрлор мени урушуп, кыйкырып жатышты. Тартуу иши токтогондо режиссёрдун жардамчысы чуркап келип “Сонун! Кайра так ушинтип ойноп бер, өзүнчө тартып алалы” деди. Кайра ойнодум. Тартуучу топ, каскадёрлор ошондо түшүнүп, кол чаап, кубаттап, атымдын Зияш экенин билип алышты. Ошентип турсак Бурак Өзчивит өтүп баратыптыр. Аны менен учурашып, өзүмдү тааныштырсам, “жанагы чаңдатып жаткан сен белең?” деп күлөт.

 

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан