Белгилүү куудул Болсунбек Стакеев апасы жөнүндө эргип кеп салып берди. Апанын сүйүүсү, урушу, тарбиясы, акыл-насааты... Айтор, эненин ыйыктыгы менен асылдыгын даңазалаган салмактуу маек болду, окурман.
“Апам жалпы 13 балалуу болгон”
– Апам 1942-жылы туулган, жакында 83 жашка чыкты. Жалпы 13 бала төрөгөн, ысымы Төлдөбү, таятамдын жалгыз кызы. Токтогулдун Толук айылынан болобуз, атам да, апам да ошол жактан. Таятам кулакка тартылып кеткен экен, таенем биздин колубузда болду. Атам 90до, кичүү инимдин колунда. Апамды эжемдер кезектешип карашат. Ата-энем өмүр бою балчылык менен алектенди. Союз кезинде балчыларга атайын табияты кооз, гүлдөрү укмуш жерлерди бөлүп берчү. Көз ачкандан бал челектин арасында чоңойдук. Эркек бала табиятынан энеге жакын болот тура, ушуга чейин бардык сырларыбызды апабызга айтабыз. Ал “фильтрлеп” туруп атама айтат. Эне үйдө аткаруу бийлиги эмеспи.
“Шырдактын астында чыбыгы даяр турчу”
– Апамдын сегизинчи баласымын. Мага келгенде жумшарып калган окшобойбу, эжелерим апамдын абдан катаал болгонун айтып калышат. Бирок жинине тийсем мага деле катаал болчу. Чектен ашып тентектик кылсам, эшикке чыгарып койчу. Үйгө киргим келип каалганы тыкылдатсам, атамдын боору ооруп кетип ачып койчу, апам аччу эмес. Апамдын шырдагынын астында ар түрдүү чыбык болор эле, алар күнөөңдүн көлөмүнө жараша колдонулчу. Азыраак күнөөң болсо ичке чыбык, көбүрөөк болсо чоңураак чыбык дегендей. Азыр балдарды ура албай калбадыкпы, укуктарын жакшы билишет. “Азыркы убак болгондо апам мени сабаганы үчүн өмүр бою камалып кетмек экен” деп сахнада тамашалап жүрөм. Ошентсе да апамдын ал чыбыктарын ырахат менен эстейм.
“Өмүр бою кемпир бактым деп тамашалап калат”
– Апам үйдүн жалгыз урпагы болгондуктан таенем биздин үйдө жашады. Чоң энем да биздин үйдө. Байкуш апам “өмүр бою кемпир бактым” деп тамашалап калат. Аталаш бир эжебиз бар, төрөгөн эмес, аны да кошо бакты. Кары кишини багууга абдан чоң сабыр, мээрим керек. Баш-аягы төрт кемпирди багып, өз колу менен жайына узатты. Эки-үч жыл эмес, өмүр бою кантип бакты деп таң калам. Мурдагы кемпирлер абдан катаал болушкан да, келинге жалдап сатып келген күңдөй эле мамиле кылышчу. Апам чыдады, баарынын батасын алды. Азыркы бакубат карылыгы ошол кемпирлерди баккандан улам болуш керек деп ойлоп калам. Кээде башынан өткөргөн кыйынчылыктарын айтып берсе эркек башыбыз менен “апа, ошентип жашагыча кетип эле калбайт белеңиз?” деп жиберебиз. “Кайдан, балам, ал кезде кетип калган уят болчу. Келин деген ушу турбайбы деп чыдап жүрө бериптирмин” деп калат. Мурунку муундун уят, намыс дегенине абдан баа берем. Албетте, атам тараптан да чоң колдоо болгон болуш керек, илгеркилер колдоону дагы жашыруун беришкен да. Экөөнүн бир нерсе талашып күңкүлдөшкөнүн такыр укпай чоңойдум.
“Шашпай тур, атаң келсин дегенде тык токтойт элек”
– Башкаларда билбейм, биздин үйдө тартип катуу эле. Кичүүсү сөзсүз улуусун угуш керек, үндү бийик чыгарып сүйлөгөн болбойт деген ички мыйзамдар катуу иштейт азыркыга чейин. Апам “шашпай тур, атаң келсин...” дегенде эле тык токтойт элек. Сыйкырдуу сөз эле да бул, канчалык кежир, кайсар болсоң да ушул сөз айтылар замат тык токточусуң. Атам деле кашайта уруп, сөкпөйт эле. Мурунку апалардын даанышмандыгы ушунда, атабызды укмуштай сүрдүү көрсөтчү. Мен жаңы үйлөнгөндө таежем отко киргизип чакырып, келинчегиме бир кеңешин айткан. “Бактылуу жашайм десең кайненеңе кызмат кыл, анын кантип тамак жасап жатканын үйрөнүп ал. Эркек бала апасынын тамагын жеп чоңоёт, кийин аялы ошондой тамак жасаса “апамдыкындай болуптур тамагың” деп ыраазы болот” деген эле. Чындыгы бар бул сөздүн.
“Мени устатым Рахман Разыковго өздөрү алып барышкан”
– Башында эле “артист болом” деп жогорку окуу жайга окубай койгом. Атам мени “милиция кызматкери кылам” дечү, эң улуу эжем мугалим да, ал менин көңүлүм жок экенин байкап калыптыр. “Ата, бул балаңардан милиция чыкпайт, эртеден кечке артисттерди карап отурат, артист болот окшойт. Жайына коюңуз, каалаганын кылсын” деп айтты бир күнү. Атам менен апам экөө тең барып мени Рахман Разыков устатымдын колуна тапшырышты. 18 жашта элем. “Бул артист болом деп жатат, окуталы десек, куудулдардын мектеби жок экен, сиз алыңыз” дешти. Ошентип эки тизгин, бир чылбырды колума карматышты, чыгармачылык менен кеттим. Рахман Разыковдун жанында 20 жылдай жүрүп тарбиясын алдым. Жакында бир аалымдын “мусулмандын берген эң чоң жазасы – сүйлөбөй коюу” дегенин уктум. Тили менен, колу менен зыян бербейт, жини келсе жөн эле сүйлөбөй коёт дейт. Устатымда ушул ыкма бар эле. Жактырбай калса такыр сүйлөбөй койчу. Ата-энем өз колу менен тапшырганы үчүн жоопкерчиликти билип түптүз жүрдүм, интригага аралашпадым. Устатым мени унчукпай коюп жазалаган жок.
“Апамдын тамагын сагынып жүдөп жүрдүм”
– Үй-бүлөбүз чоң эле. Апам тамакты абдан кенен жасачу. Сыртка чыкканда ошондон аябай жүдөдүм, кайда барсам да кичине тамак куюп берип коюшат (күлүп). Апамдын тамак-ашынын берекеси төгүлүп турчу да. Эт салса да кенен, палоо кылса да кенен, тамагы чоң казанда кайнап...
Ата-энемдин кеңештери ар дайым кулагымда. Мисалы, “бул кайтар дүйнө, балам, сен бирөөнү алдасаң, башка бирөө сени алдайт” деген насааты дайым эсимде. Көптөр мага “сызган сызыктай түптүз жашайсың” деп калышат. Бала көчөт да, мунун баарын ата-энем сиңирген деп ойлойм. Кыргыздар нааразы болсо “атаңдын оозун урайын” дейт. Мааниси – атаң сага ушуну айтпаптыр, тарбия бербептир, акыл айтпаган атаңдын оозун урайын деген сөз.
“Мага көз тиет деп коркуптур...”
– Бала кезимде денеме кызамык чыгып ооруп калдым. Көчөгө чыксам күн жаңыдан чыгып келе жатыптыр. Апам көчөнүн башында колундагы идишке сүт алып, мага келе жатыптыр. Сүттөн буу чыгып туруптур. Эмнеге экенин билбейм, канча жашта экенимди да билбейм, бирок апамдын так ушул элеси көкүрөгүмө сиңип калыптыр. Эч эсимден кетпейт...
Бир жолу Ысык-Атага концерт койгону барып калдык. Анда уюлдук телефон аз, кабар алмашуу азыркыдай тез эмес эле. Апамдын ошол жерде курортто эс алып жатканын деле билбептирмин. Баратсам эле “Болсунбек” деген апамдын үнү чыгат. Таң калдым, апамдын үнүбү деп коём. Карасам, чын эле апам отуруптур элдин арасында. Учурашып, сахнага чыгып кеттим. Эми апамдын көз алдында кантип сүйлөйм деп аябай кыжалат болуп жатам. Интермедия ойнобой койсоң да болбойт, тим эле көл-шал болуп тердеп жатып аткардым. Апам байкуш ошондо мага назар тиет деп абдан коркуптур. “Элдин баары эле жанагы сенин балаң турбайбы деп жатат, көз-пөздөн алыс болсоң экен” деп күйпөлөктөгөнү эсимде...
Нуржамал Жийдебаева