Учурда интернет желесинде “түктүү” жаңы десерттин пайда болгондугу тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Жаңы таттуу өзүнүн шоколаддары менен таанымал Бельгияда ойлоп табылган. Андагы фирмалардын бири “Периштенин чачы” аталышында шоколад чыгарды. “Чач”, башкача айтканда, түк шоколаддын ичинде. Анын ролун ун жана канттан жасалган ичке жипчелер аткарат. Шоколадга мисте, ванилин жана башка кошулмалар даам жана жыт берип турат. Күлгүн түстү кургатылган малина берери айтылат. Баасы кандай? Бир “түктүү” шоколаддын азыркы баасы 1700 сомдун тегереги. Бирок азырынча аны Европада гана сатып алууга мүмкүн. Жакын арада башка өлкөлөргө да тарап, бизге да жетип келиши мүмкүн.
Камчаткада жанар тоо ойгонууда
Орусиянын Камчатка жарым аралында “Ключевская Сопка” жанар тоосу ойгонууда. Тагыраак айтканда, 20-апрелде лавадан улам пайда болгон жаркыроо көрүнгөн. Ал Евразиядагы эң бийик жанар тоо деп саналат. Аталган датадан 12 күн мурун эле ал жакка альпинисттер барганда жанар тоо “уйку” абалында болгон. Жанар тоо аталган аймактан жапыз учуп өтчү чакан учактарга коркунуч жаратат. Жанар тоонун кратеринин диаметри 300 метрге, тереңдиги 200 метрге жакын экени айтылат маалыматтарда. Окумуштуулар “кратер ысып-кайнаган породага толмоюнча лавалар атылып башталбайт. Ага чейин дагы 45-60 күн бар” дешүүдө.
Үйдү бузууга күчү жетчү чөп Орусиядан да табылды
Абдан зыяндуу богем рейнутриясы отоо чөбү эми Орусиянын Кисловодск жана башка шаарларында катталды. Окумуштуулардын айтымында, анын байыркы жапайы бир түрү Японияда, Сахалинде өскөн. Кийин Чехияда аны кыйыштыруудан азыркы түрү пайда болгон деп айтылат. Ошентип Европадан тараган коркунучтуу чөп Орусияга жетти. Адистер анын күчтүү, терең өсчү тамырларынан күрөк менен казып кутула албайсың деп коңгуроо кагышууда. Андан кутулуу үчүн экскаватор менен тамырларынын бирин да калтырбай абдан терең казып алып чыгуу кажет. Эгер кичине эле тамыры калса кайра эле өсүп, айланасындагы башка өсүмдүктөрдү кысып, өстүрбөй, сүрүп чыгарат. Тамырлары дүркүрөп кенен-чонон өсүп, өзүнө жакын турган үй, короо-сарайдын пайдубалынан бери бузуп, кыйратып жиберет. Ошондуктан Орусияда бул чөп “кара тизмеге” киргизилген.
Европада үй салардан мурун ал жерде аталган өсүмдүктүн бар же жок экендиги сөзсүз текшерилет.