1-июлдан тарта Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бирок 30-июнда “камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга азырынча айып пул салынбайт” деген маалымат тарады. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ар кандай себептерден улам унааларын камсыздандырууга үлгүрбөй калган айдоочуларга 2025-жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилгенин жарыялады. Ушундай эле маалыматты – камсыздандыруу полиси жокторго азырынча айып пул салынбай турганын президенттик администрациядан дагы билдиришти.
Көп өтпөй Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “айып пул салуунун мөөнөтү эч кандай жылдырылган жок, мыйзам 1-июлдан тарта толук түрдө иштеп баштады” деп маалымдады. Демек, полиси жокторго айып салына баштайт. Ушундай эки ача маалыматтар жарандарды ыңгайсыз абалга кептеди.
Буга чейин 2025-жылдын 1-июлуна чейин камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга (жеке жактарга) 3000 сомдон айып пул салына баштаары айтылган эле. Расмий маалыматка таянсак, 1-июлга карата өлкөдө 500 миңдей автоунаа камсыздандырылды. Мунун ичинен 211 миңдей автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан полис алганы айтылды.
Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынып, бирок анын талаптарын толук күчүнө киргизүү улам артка жылдырылып келген. “Камсыздандыруу полиси жок унааларга айып пул салынат” деген норманы иштетүү акыркы 10 жылдан бери 4 жолу (2016, 2018, 2023, 2024-жылдары) артка жылдырылды.
Камсыздандыруунун базалык тарифи – 1680 сомду түзөт.