2025-26-окуу жылында юриспруденция, экономика жана менеджмент адистиктери боюнча ЖОЖдор сырттан окутууга студенттерди кабыл алышпайт. Маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги 30-июнда жарыялады. Мындай чектөө убактылуу мүнөзгө ээ. Министрлик бул кадамды “коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатын көздөйт” деп түшүндүрдү. Келе жаткан окуу жылында аталган адистиктер боюнча бакалавр жана магистратура программаларына сырттан окуу формасында студенттерди кабыл алууга тыюу салынат. Мындай чектөө жеке менчик жана мамлекеттик жогорку окуу жайлардын баарына тийиштүү. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул мораторий 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.
Расмий маалыматка таянсак, азыркы учурда Кыргызстанда аталган адистиктерге окуткан 50дөн ашык окуу жай бар. Алардын көбү студенттерди сырттан окутушат. Буга чейин “эл аралык мамилелер” адистигин сырттан окууга тыюу салынган эле.