Кыргыз жарандарын Европада ишке орноштуруу жаатында алдамчылык кескин көбөйдү. Бул тууралуу 2-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Министрлик Германия, Польша, Венгрия, Хорватия сыяктуу өлкөлөргө жумушка орношууга кызыккан жарандарды социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу азгырган шектүү жарыялар арбып жатканын белгилейт. Алар жогорку маяна, тез даяр болуучу виза, ишке жеңил орношуу жана тажрыйбасыз жарандарды да кабыл алуу убадасын беришет. Бирок андан соң “кызмат акысы” же “чакыруу каты” деген шылтоо менен акча талап кылып, жоголуп кетишет. Натыйжада жарандар акчасынан айрылып, жумушсуз калып жатышат. Министрлик билдиргендей, мындай учурлар эмгектик эксплуатация коркунучун жаратат.
Аталган министрлик жарандарды белгисиз адамдарга акча которбоого, жумуш убадалаган агенттиктин лицензиясын текшерүүгө, келишимди кылдат окуп, бардык документтердин көчүрмөсүн сактоого чакырат. Ал эми Кыргызстанда иш жүргүзүүгө расмий уруксаты бар агенттиктердин тизмеси министрликтин сайтында жарыяланган.