Мындан 20 жыл мурун Кыргыз шоу-бизнесин жаңы толкун каптап, бир катар жаш ырчылар жарк этип чыгышкан. Алардын бири – ырчы Мирбек Иманбеков. Учурда Бишкектен алыста жашаса да, чыгармачылыгын үзгүлтүккө учуратпай келет. Маекте Мирбек мырзанын кечээгиси, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу кеп кылдык.
- Саламатсызбы, Мирбек мырза? Көптөн бери маектеше элек экенбиз, жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
- Саламатчылык. Ооба, негизи көптөн бери эч кимге маек бере элек экенмин. Биринчиден – борбор шаардан алыс болгонум, экинчиден – мурункудай болуп байма-бай маек бергим келбей калды. Туура айтасыз, жаңылыгым бар, быйыл чыгармачылыкта жүргөнүмө 20 жыл болуптур. Ушул датага карата сентябрь айында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жеке концертимди тартуулайм.
- Билинбей арадан 20 жыл өтүп кетиптир. 2005-2006-жылдарды элдин эсине салып ностальгия тартуулайт экенсиз да?
- Убакыт учкан куш дегендей, көз ачып жумганча 20 жыл өтүп кетти. Ошол кезде удаасынан чыккан ырчылардын бири, досум Султан Садыралиев 20 жылдыкка карата концерт бербедиби быйыл май айында. Андан кийин Мирбек Атабеков берди, элге ностальгия тартуулады. Мен ошол концерттерде бир нерсеге кубандым - 20 жыл мурун дал ушундай болуп билеттер жетпей калып, концертибиз аншлаг менен өтчү. 20 жыл өтсө да ошол көрүнүш кайталанып жатат. Сахнада 20 жыл жүрүү - чоң мээнет, чыгармачылык жаңылануу. Андыктан элге отчёт катары концерт уюштуруп жатабыз. Угармандар менен бирге ошол мезгилге кайрылып, бир чер жазайын деген максат. Концерт эки күн болот. Өзгөчөлүгү - театралдаштырылган концерт тартуулайбыз.
- “Жаным”, “Таластык кыз”, “Сүйүүнүн керемети”... Кандай гана хит болду эле бул ырлар.
- Ал убак хит артынан хит ырлар жаралган учур эле. Ошол кезде элдин жүрөгүнө жаккан, жан дүйнөсүндө калган ырларды чыгарган экенбиз, азыркыга чейин ырдалып келе жатат. Бирок жашоодо ар кандай болот экен да, азыр алардай хит ырлардын чыкпай жатканынын бир нече себеби бар. Биринчиден - Бишкектен алыс болуп калдым, чыгармачылыкта бул маанилүү жагдай. “Жол азабы, көр азабы” дегендей, көп учурда борборго бара албай каласың. Андан кийинки себебин эл деле жакшы билип калды, ден соолукка байланыштуу чыгармачылыкка толук кандуу, баш-отум менен аралаша албадым. Буюрса эми баш көтөрүп, жаңы ырларды даярдап жатам.
- Ден соолугуңуз азыр жакшыбы?
- Кудайга шүгүр, “Курманжан датка” тасмасында “кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле?” деген фраза бар го? Анын сыңарындай, кыргыз абалын эч качан жаман дебейт. Ден соолугум мурункудай эмес, бирде оору, бирде соо болуп жүрөм. Убагында ден соолукка жакшы карабасаң кийин кеч болуп калат тура. Мурункудай зыңкылдаган ден соолук жок, бирок ушуга да шүгүр кылам.
- Жакындарыңызды удаасынан жоготуп алдыңыз, бул дагы ден соолугуңузга терс таасирин тийгизди окшойт?
- Ооба, катарынан жоготуу болуп кетти. Алгач агам кырсыктап каза болду, бир жылдан соң эжем өтүп кетти, кийинки жылы атам дүйнөдөн кайтты. Бул абалды абдан оор көтөрдүм. Жан дүйнөм өрттөнүп, жүрөгүмдү бирөө сууруп алып койгондой абалда жүрдүм. Мындай абалды душманыма да каалабайт элем. Сиз айткандай, ден соолукка да катуу таасир берди. Абалдан кантип чыктым? Албетте, Кудайымдын мээрими, үй-бүлөм, бир туугандарымдын колдоосу менен чыктым десем болот. Элдин колдоосун ошол учурларда абдан сездим. Жеке кат куржунга жазып жакшы сөздөрүн айтып жатышты. “Сынба” деп кайра тилешти. Азыр эстесем, абдан оор болгон экен мага, кайрадан дем алганды, кайрадан күлгөндү, кимдир бирөөгө ишенүүнү үйрөндүм. Ордумдан турушум керек болчу, балдарым, жубайым үчүн күйүттү артка калтырышым керек эле.
- Балдарыңыз чоңоюп калышса керек, аларга кандай тарбия берип жатасыз?
- Тун кызыбыз 17 жашка чыкты, кенжебиз 1 жарым жаштан ашты. 3 кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым менен уулум ырчылыкка кызыгышат. Убагы келгенде көзү жанып турса, эмнеге болбосун, сахнага чыгуусуна жардам берем. Азыр чоңоюп калышты, уулум мен ооруп калганда, апасына көмөк көрсөтүп жүрүп көп нерсени үйрөндү. Азыр чарба ишинде менин чоң жардамчым. Кандай тарбия берем? Балдарым менен көп сүйлөшкөнгө аракет кылам. Жөн эле сүйлөшүш керек деп ойлойм. Кагып-силкпей, анын ишенимине ээ болуп, сүйлөшүп отурсаң бала акырындап ачылат экен. Уулум менен тили чыга электе эле сүйлөшчүмүн. Ар нерсени айтып берер элем. Азыр да бир маселе болуп калса сүйлөшүп чечебиз. Ата-эненин негизги милдети – балага жакшы тарбия берүү эмеспи, жакшы тарбия бергенге аракет кылабыз. Оюн угабыз, максаттары тууралуу сүйлөшөбүз, кара жумушту да жасатабыз. Жумуш жасоо менен бала сабырдуулукка үйрөнөт экен. Эми айта берсем көп, бул менин эле тарбиям. Башка ата-энелерге оюмду таңуулабайм.

- Артка көз чаптырганда эмнени кыла албай калдым деп өкүнөсүз?
- Билесизби, ата-энемдин жанына кеч келгениме өкүнөм. Чыгармачылык деп Бишкекте жүрүп калдым, ата-энем айылда болушту. Эртерээк келсем чогуу көп жакшы көз ирмемдерди өткөрмөк белек деп арман кылам. Алар менен аз убакыт өткөргөнүмө өкүнөм. Ата-энеме аларды канчалык катуу жакшы көрөрүмдү айта албай калдым. Мени алпештеп бакканы үчүн, чыгармачылык жолумда эркиндик беришкени үчүн, колдогондору үчүн ыраазычылык билдире албаганыма өкүнөм.

- Сиздин кайсы кыялыңыз ишке аша элек?
- Кыялдарым көп, көбү ишке аша элек. Пенде ушундай жаратылган экен, дайыма кыялданып, бир нерсеге жетсем дейт. Кыялданган адам - максаты бар адам, андыктан алдыда дагы далай кыялдарды ишке ашыра турган өмүр берсин деп тилейм. Соңку убактарда жүрөгүмдө бир ыраазычылык пайда болду. Жаратканга чексиз ыраазымын, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүргөн жакындарыма ыраазымын.
- Концертиңизди ойдогудай өткөрүп алышыңызга тилектешпиз. Сизден дагы да хит ырларды күтөбүз.
Нуржамал Жийдебаева