Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошентип келип турду Акбар. Аптасына, айына бир жолу болсо да Айкөл жашаган айылга келип, алыстан бир көргөнүнө ыраазы. Көзүнө көзү илинип, үнүн укпаса да ошого каниет кылчу. Анын мындай  келесоодой жоругун эч ким түшүнбөйт эле, “акылың жайындабы?” дешмек. Түшүндүргүсү деле келген жок. Көкүрөктүн тээ түпкүрүнө катылган бир сыр, бир үзүм жылуулугу менен көңүлүн жылыткан өзгөчө сезим болчу. Качанкыга чейин созулат, качан бүтөт, белгисиз. Акылга салып өлчөнбөйт бул сезим. Баркын өзү гана билди, азабын да, асылын да дилинен өткөрдү. Күн булутка жашынып, кайрадан жаркырап чыга калганда адамдардын жан дүйнөсү кандай жарк этсе, дал ошондой бир кубанычтуу сезимдин кучагында жүрдү Акбар. “Бул  сезим кимдердин шыбагасына жазылган болсо, кимдерге насип болгон болсо, ошол адам гана даамын сезет, андыктан бир мүнөттү да текке кетирбейм” деп өзү менен өзү эбак эле макулдашып алган.

Анын айылга келип кетип жүргөнүн Айдар байкап калды. Атүгүл ким экенин да билди. Алгач билдирбей машинасынын номерин жаттап алып, аны милиция кызматында иштеген досуна айтып, ким экенин билип алды. Баягы Айкөлдүн биринчи концертинде сюрприз жасаган адам экенин билди. Акбар ким экенин, кимдин аркасында жүргөнүн да аңдады. Бир гана Айкөл эч нерседен кабарсыз эле.

Ошол күнү адаттагыдай эле күйөөсүн сейилдетип жүргөн. Жол боюндагы так ошол машина жакка айдатты Айдар бул жолу. Так маңдайына келгиче Айкөл билбеди. Акбар буларды байкап,  машинесин артка айдап кетмекчи болду, бирок Айдардын көзүнө көзү чалына түштү. Анын көзүндөгү менменсинүүнү байкады. Эрегиш ойноп кетти. “Эмнеден качам?” деп машинесинен түштү. Чукул келгенде Айкөлгө салам айтты. Келиндин каректери жалт этти. Мөлтүрөп, таптаза, таң калычтуу караган көздөр болчу.

- Кандайсың, Айкөл? - деди Акбар токтоо. Үнү титиреп кеткени өзүнө гана билинди, берки экөө байкабады деле.

- Айкөл сонун, абдан сонун! - деди какшыктаган күйөөсү. - Акыбалын сураганы эле аңдып жүрөсүңбү? Же башка да ишиң бар беле?

Өзүнөн бир топ улуу адам экенине карабай сенсиреп сүйлөдү. Күрөө тамырлары көөп, бычакка түшө тургандай буулугуп турган жаш жигитти аяды Акбар. Башын чайкады, кетип калмакчы болуп машинесине бурулду.

- Эй, токто дедим сага!

- Сенсиребе...

Айдар ого бетер күйүп-бышып кетти. Сөгүп берди. Айкөл тили байлангандай, бирде Акбарды, бирде күйөөсүн карайт. Дагы деле эмне болуп жатканын түшүнбөй турду.

- Чегиңди бил, балакай...

- Мен балакай экенмин, сенсиңби эркек? Жарым жашыңдагы кызга көзүң түшүп өлүп жүрөсүң, эркекти бул жакка коёлу, адамсыңбы сен?

- Сен эч нерсе түшүнбөйсүң!

- Сендейлерди жакшы билем, сулуу кыз көрсөңөр, акчаңарга, мансабыңарга таянып өлүп-талып аркасынан чуркайсыңар. Жалганбы эмне?

- Эмне чын, эмне жалган сага айтып бермекмин, Айкөл турат жаныбызда. Аны сыйлайм, болбосо...

- Хм, ошондой де.

- Ошондой...

- Кет Айкөл, биз эркекче сүйлөшөбүз -деди Айдар.

- Айдар...

- Кет дедим! – көзүнө заар толуп бакырып жиберди Айдар. Дир-дир эткен денеси калтырап турганынан, ээси ооп жыгылып калабы деп коркуп кетти Айкөл. Титиреп жаткан денесин  кармай калайын дегенде ого бетер  бакырды. Аргасыз ары басты Айкөл.

- Кана, мага айтчу акыйкатыңды айт -деди өзүнүн титиреген колдорун карабаска тырышып Айдар.

- Баркын бил, аяп үйрөн. Айкөл сенин, же ата-энеңдин менчиги эмес. Ал бул жерде, сенин жаныңда турса, демек, адамгерчилиги үчүн чыдап жатат.

- Ал мени тандады. Ооба, так мени, майыптыгымды, ата-энемдин абалын, баарын көрүп, билип туруп тандады. Эки жолу өмүр берилсе, экисинде тең мени тандайт. Уктуңбу, кандай абалда болбоюн мени тандайт!

- Билем.

- Анда эмне салпактап, сагалап жүрөсүң ууру иттей болуп?

- Сен эмнени түшүнмөк элең... – деди аргасы кеткен Акбар.

- Ооба, сен айта турган акыйкат ушул эле беле? Эми жогол, экинчи жолу көрбөйүн сени бул жактан.

- Дүйнө жүзү сеникиби? Мен басып  турган жер сенин менчигиңби же Айкөл сенин менчигиңби? Мен каалаган жериме келем, каалаган адамымды карайм, каалаган адамыма көңүл бурам. Менин жүрөгүмө сенин эркиң жетпейт.

- Ха, ха, колу-бутуңду сындырып, биздин айылдын жигиттери бир аңга таштап салганда өзүңө келесиң. Сени шашпа!

- Макул, мени ошентип жогот, бирок өз абийириңден кантип качасың? Сен өмүр бою Айкөлдү жаныңда кантип кармайсың? Карачы, ким эле, ким болду? Ооба, мен аны сүйдүм. Сүйүү –деген эмне экенин билсең минтип турбайт элең. Бир көргөндө сүйдүм. Мен үчүн бул кетер-өтөр сезим эмес. Айкөл - мен үчүн...  Айтсам да сенин акылың жетпейт, менин сезимиме. А сен мени тандады деп дердеңдеп жүрөсүң? Сүйсөң антпейт элең, анын бактылуулугу биринчи орунда болмок. Айкөл сени менен бактылуу болсо,  макул элем. Чүнчүп, жоголуп бара жатат. Суранам сенден, аны коё бер. Камаба, жанын ачытпа, келечегин ойло.

- Жогол!

- Мен сенин ордунда болсом коё бермекмин. Канча сүйсөм да...

- Экинчи көзүмө көрүнсөң, атып салам.

- Баркын бил.

Акбар машинесине отурду да айдап кетти. Айдар чаңга аралашып,башын шылкыйтып кала берди. Ыйлагысы келди, бирок жүрөгү ызага, тагдырына болгон таарынычына карарып кеткен эле, көз жаш чыкпады. Ичине бир от жалындап күйүп бараткандай сезилди. “Оо, Жараткан, жанымды алчы” деп жалынды ичинен.

                ххх

- Суу...

Уйкудан ойгоно албай жатты Айкөл. Түшүндө көздөрү жалынычтуу, аны аяп караган Акбар, бир жагында болсо ызадан жаагы карышып, бакырып жаткан Айдар. Ошентип экөөнүн ортосунда бир нерсе болуп жатып ойгонуп кетти, Айдар чын эле бакырып жатыптыр. Жаны кыйналганда, оору баса турган дары жардам бербей калганда ал ушундай бакырат. Ордунан атып турду. Суу берди.

- Канчадан бери кыйкырып жатам, дүлөй болуп калдыңбы? – деп ызырынды күйөөсү.

- Кечирип койчу, уктап калыпмын.

- Оодарып койчу.

Денеси жата бергенден эзилип бара жаткан, жанын ачытат, бир түндө улам бир жагына оодарып койбосо укташы мүмкүн эмес. Оодарып жаткырды Айкөл.

Ушундай бул, үн катпайт, сөз кайрыбайт, канчалык кыйын болуп жатса да кашын жыйрыбайт. Акыркы убактарда анын ушундай үнсүз сабыры күйөөсүнүн жанын кашайтчу болду. Жок дегенде ыйласа, кыйкырса, айтканын аткарбай басып кетсе дейт. Кандай жаман мамиле кылса да, аны Айкөл сабыры менен, сүйүүсү менен жеңип келет.

Акбардын сөздөрү жаңырды, “менин күнүм сенин үйүңдөн чыгып жаткан болсо, мен кантип келбей коём, мен кантип издебейм?” дегени эсине түштү. Кандай таамай салыштыруу? Ооба, Айкөл бир кезде жадыраган күндөй кыз болчу. Аттиң ай, өзү кырсыктап калбаганда кандай гана бактылуу күндөрү болмок алардын. Мээсине “тык” эте түштү. Өзүнүн ызасы, жан кейиткен азабы менен алышып жатып Айкөлдү унутуп койгонун сезди. Катасын сезди. Сөз менен жеп, какшыктап, жекирип жатканын байкады. Анын акысы бар беле антүүгө? “Тык” деди дагы бир ой. Өлүм жакын тургандай сезилди. Беш  күндүк өмүрү калса да, жакшы өткөргөнгө эмнеге болбосун? Тиги туура айтат, кандай абалда болсун адамдай өмүр сүрүү керек. Куду үстүнө бирөө муздак суу төккөндөй чыйрыга түштү. Акылына келди. Жан азабы менен алышса да, инсанча жашап, өлүш керек экенин сезди. Канча  убактан бери Айкөлгө куду анын жатып калганына, майыптыгына күнөөлүүдөй мамиле жасап келгенин ойлоп уялып турду...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан