Күндөлүк (Мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башталышы)

 

Ичимде канча өлүп-тирилип жатсам да, өзүмдү токтоо кармадым. Демим, кысылып калганынан короого чыгып, терең дем алганга аракет кылдым. Көзүмдөн жаш кетти. Бул күндөр өтөт... деп өзүмдү соороттум. Бардык балээ күндөлүктү окугандан башталды. Эмнеге окудум экен. Ооба... Бул нерсеге... оозум барбайт. Бул күндөлүк менин жолдошумдун көңүлдөшүнө таандык экен. Ал аял азыр арабызда жок. Кандай болгон күндө да бул күндөлүктө жаткан сырды, жан ачыткан чындыкты баары билиши керек. Бул нерсе купуя болуп калышын каалабайм. Себеби, бул дептерде эркектин да билдирбей көзгө чөп салышы кенен баяндалып берилиптир. Мен оюма да келген эмес. Жолдошума ушунчалык ишенчүмүн. Бул азап да башта бар экен...

 

 МЫНДАН АРЫ КҮНДӨЛҮКТҮН ЭҢ АЛГАЧКЫ БАРАГЫНАН БАШТАП ОКУЙСУЗ, КҮЙӨӨМДҮН КӨҢҮЛДӨШҮНҮН ЖАЗГАНЫ...

 “10.10. ХХХХ. Ушул убакытка чейин күндөлүк ачуу оюма келбептир. Балким, ачууга себеп болбогондур. Дайым жанымда сырдашаар, муңдашаар адамдарым азыр жанымда жок. Эми менин армандашым бир гана сен болосуң, менин күндөлүгүм. Бүгүн алгачкы биринчи барагыңа өзүмдүн жеке жашоомдун бир бөлүгүн жазам. Билем, балким, сени менен күндө сырдашуу мага кыйынга турар. Бирок жашоомдун эң көрүнүктүү окуяларын сени менен бөлүшүп турайын деп чечтим. Баса, бүгүн туулган күнүм. Куттуктаган эч ким жок. Атам менен апам бул дүйнөдө жок. Алардын жүзүн эстей да албайм. Бир билгеним, алар мени “көкүрөк күчүгүбүз” деп жакшы көрүшчү экен. Эжем айтып калат. Байкушум, жакшы көрөм. Таянар жалгыз эжем жана байкем бар. Ар бири өз жашоосу, өз үй-бүлөсү менен алек. Бирок алар мени жалгызсыратпай дайыма өз жардамдарын берип турушат. Мен студентмин. Журналист болом деп тилек кылам. Жаңы гана окууга тапшырдым, алдыга койгон көптөгөн максаттарым бар. Аларга сөзсүз жетем. Ушул убакытка чейин айылда таенемдин колунда чоңойдум. Эми эжемдин үйүнө келип олтурам. Эжем менен жездем экөөнүн жөжөдөй жалгыз баласы бар. Ал баланы карайм, үйгө жардамдашам. Бирок, бул нерсенин баары меники эмес. Мен мындай жашоону эңсебейм да, каалабайм да. Эжемди көрүп кээде боорум ачып кетет. Таң атпай туруп баласын ызы-чуу менен бала бакчага алып кетип жатканы. Андан ары ачка ишине кетет. 14 саат иштеп, бутуна тура албай келип, кечинде жаман халатын кийип, чачын да тараганга жетишпей эптеп “байлады” кылып, анан тамак жасаганга киришет. Эжемди гана эмес, жездемди дагы. Байкуш, бир убакта келет иштен, бут кийимин чечкенде буту “брррр” этип сасып кетет. Ушунчалык да иштейби адам? Шаша-буша аткынып эжем жасаган тамакты ичип алып, уктаганга шашат. Же баласы уктасачы?! Аталап жанына келип алып, оюнчук менен башына чапкылап ойноп, уйку бербейт. Анан кайра таң. Ушинтип ар бир күнү өзгөрүүсүз кайталана берет. Ошого карабай өздөрүн аябай бактылуу сезишет. Ойношот, күлүшөт, эркелешет жана дайым шүгүр келтирип турушат. Кайсыл арына? Ушундай жашоого да ыраазы болуп болобу? Мен мындай жашагым келбейт. Мен жашоомду башкача элестетем. Мына, заңгыраган үч кабаттуу үй, айланасы бак, гүлдөр менен курчалган. Эки кабат тосулган дарбаза. Мени кайтарган күзөтчүлөр, үй жумушчуларым. Себеби, мен эч бир чаң, оор, жагымсыз нерсеге кол тийгизбеген айым болушум керек. Мына, өзүмдү көрүп жатам. Үйүмдүн экинчи кабатындагы террасада ойлуу олтурам. Үлбүрөгөн, эң акыркы үлгүдөгү көйнөк, чачым жасалган, колу-буттарым эң баалуу деген асем буюмга оролгон. Менден айланага чачыраган жагымдуу жыт, мен үчүн атайын жасалган парфюмдун бири. Мен жан талашып иштебейм. Менин эң оор жумушум - өз кийимимди өзүм кийгеним гана болот. Бирок ошол эле учурда акча менин банктык картама тынбай түшүп тургандай болот. Келечекте көп эркек арзыган, менин бир көз карашымдан жүрөк ооруган айымдардын катарында болом деп ишенем. Менин жанымда эң бай, эң олуттуу жана эң сулуу эркек гана болушу керек. Мени камсыздай алган мырза. Азыркы жашоом мени канааттандырбайт. Башка кыздар жашай беришсин ушундай жашоодо. Мен эмес... Күндөлүгүм, угуп жатасыңбы? Ошол күндөр келет, көрөсүң. Ошондо элдин баары мени сөз кылышат. А бирок азыр эмес...

 

xxx

15.10.ХХХХ. Мен кайрадан сырдашканы келдим. Бүгүн жигитим Адилет айылдан келиптир шаарга. Экөөбүз жолуктук. Негедир көзүмө аябай жүдөө көрүндү. “Сен аябай өзгөрүп, шаардык кыз болуп калыптырсың го” деди адамды сүйүндүрүп. Андан жийиркенип турсам да, экөөбүз чогуу шаар айланып келгенге мени макул кылды. Көп жерди кыдырдык. Жанында акчасы да көп экен. “Бул эмне болгон акча?” деп кызыгып сурасам, “мал сатып” келдим деп жооп берди. Менин көзүмдү карайт, сүйөт. Айылдагы эң алгачкы “особняк” салган адамдын баласы. Кыскасы, бир байдын эркеси. Канча кыздан суурулуп, мен жүрөгүн багындырып алгам. Аябай эр жүрөк, токтоо, ошол эле учурда колу ачык берешен, жөнөкөй бала. Жакшы көрөм. Чынында, чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм. Бирок шаарга келип чыкыйып кийинген, билимдүү, кымбат баалуу машина айдаган, ак жуумал мен курактуу студент балдарды көрүп, акыркы күндөрү оюм бузулуп бара жатат. Билбейм... Аягы кандай бүтөт. Бирок мен азыркы мүнөт менен жашап турууну туура көрдүм. Анан, улантайын... Адилетке айттым: “Жөн эле акчаңды майда-чүйдөгө коротуп жок кылбай, кел, клубга барып келебиз? Балмуздак жеп, скамейкада ары-бери өткөндөрдү карап олтурганда пайда барбы? Жүрчү эми”. Мени кыя албай макул болду. Экөөбүз үйгө келип, мен эжемден суранып, жакында эле алган кыска, кызыл түстөгү денеге чапташкан көйнөгүмдү кийип, боёнуп чыга калдым. Билесиңби, күндөлүгүм? Күзгүдөн мен ажарлуу айымды көрүп жаттым. Мен ушунчалык кулпуруп турдум! Адилет таң калып, суктанган жок десем, калп айткан болом. Экөөбүз тез эле БАКАРДИге жетип келдик. Оо, бул клубга жете албай жүрүшкөндөр канча?! Сүйүнүчүмдө чек жок эле. Бирок “фейс контрольдон” мени өткөрүп, Адилетти спорттук костюм менен киргизбейбиз деп туруп алышты күзөтчүлөр. Канча аракет кылдык, болбоду. Адилет менин көңүлүмдү кыя албай “сен кирип жайланыша бер, мен артыңдан кирип калам” деди. Мен ой жок кирип кеткем. Оо, ичине кирсең баш айланат! Кооз, саркеч кийинген кыздар, жигиттер, кишилер, баары бийлеп жатышканы, ырдап күлүп-каткырып, бийчилер... Кальяндын түтүнү... Айтор, таң калуудан башым айлана түштү. Өзүм уялып жатам, бирок, Адилетти таптакыр унутуп калыптырмын, күндөлүгүм... Бийге аралашып кеткем. Кыскасы, ал түнү мен ал жерден бир мырза менен таанышып калдым. Мага жакты... Уялбай телефон номеримди бердим. Ооба, өзүмдөн өзүм уялып турам. Бирок, ички сезимимдин айтканын кылдым. Анан да ал мырза мен алып ичкен суусундуктун акчасын барменге картасын ыргытып эле бүтүрүп койду. Анан кантип номеримди бербейм? Үйгө жеткирип коёюн деди, болбодум. Сыртта Адилет күтүп турганын билдим. Ал кетпейт болчу, ал өжөр. Мен айткандай, сыртка чыксам, жини келе тамеки чегип турган экен. Унчукпастан кайра такси менен үйгө жеткирип койду. Кетип бара жатып, бетимден өөп: “Үйлөнүп албайлыбы? Сени сагынып жатам айылда жүрүп. Сени ханышадай багам, эч нерсе кылбайсың. Эркелетип гана жүрөм. Макул болсоң, эртең алып кетем”,- деди. Мен турмушка даяр эмесмин. Турмушка эмес, өзүмө-өзүм ишенбей турган чагым азыр. Ошол үчүн анын сөзүнө алик албай “Жинди болбочу” деген бойдон машинадан түшүп, үйгө кирип кеттим. Мына, келип эле сага бүт баянымды төгүп жатам, күндөлүгүм. Ичимде азыр ар кандай сезимдер болуп жатат. Сүйүнүү жана кыянаттык. Билбейм, кайсыл сезим жеңип чыгат. Уфф... Мына башталды. Эжем менен жездемдин эркелешкен күлкүлөрү. Шыбырашып коюшат, мен укпай кала тургансып. Жатышым керек, анан уйкум качып кетет”...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан